Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 16:21

Бишкек Жылуулук электр борборунун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу энергетика багытындагы мекемелердин жетекчилерин "ишке шалаакы мамиле кылган" деп сындап чыкты.

Ал жетекчилер кырсыктын "чыныгы себебин жаап-жашырып, элге туура эмес кабар берип жатат" деп эсептейт.

Маалыматка караганда, кырсыкка модернизация иштеринде ЖЭБде химиялык суу даярдоо системасынын курулбаганы жана имараттар өз убагында оңдолбогону түрткү болгон. ЖЭБдеги кырдаалды иликтеген депутаттык комиссиянын 6-марттагы жыйынында эл өкүлдөрү да: "Химиялык жаңы блок эмнеге курулбады?" деген суроого тиешелүү жетекчилерден оңдуу жооп ала алган жок.

Жылуулук электр борбору баш ийген "Электр станциялары" ачык акционердик коому, анын ишин көзөмөлдөгөн "Улуттук энергохолдинг" бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. Бул ишканалар жана өкмөт буга чейин ЖЭБдеги кырсыкты насостук станциянын иштен чыгышы менен түшүндүрүп келген.

Бишкек Жылуулук электр борборунун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу ишкананы модернизациялоодо бир катар мүчүлүштүк кеткенин "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, январда түзүлгөн кырдаал үчүн күнөө анын өзүнө жана кызматкерлерге оодарылып, чыныгы жооптуулар жазадан кутулууга аракеттенүүдө. Ал ЖЭБди көзөмөлдөгөн "Электр станциялары" менен "Улуттук энергохолдингдин" жетекчилери өндүрүштүк кырсыктын чыныгы себебин жаап-жашырып, аны суу бөлүштүрүүчү насоско байлап жатат деп эсептейт:

- ЖЭБдеги кырсыкка модернизациялоодо химиялык блоктун курулбай калганы себеп болгон. Ал сөзсүз курулушу керек болчу. Ошол маалымат элге жайылып кетпесин дешти. Мен ЖЭБдин директору болгондо да, башкы инженери болуп турганда да "Электр станциялары" ишканасынын жетекчилерине бир нече жолу кат жазып, химиялык блок керек экенин кабарлагам. Бирок эч кандай жыйынтык чыкпай келген. Жетекчилер буга чейин деле "модернизацияга сөз тийгизбегиле" деп айтышкан. 30-январда парламенттеги жыйында да химиялык цех салынбай калгандыктан, жаңы жана эски станцияга суу жетпей калып, кырсык болгонун айткам. Ошондон бир күндөн кийин мени иштен алышты. Бул анча деле чоң кырсык эмес болчу. Аны эки-үч саатта оңдоого болот эле. Бирок кырдаалды дагы бир жагдай татаалдаштырды. Машина залынын, от жаккан цехтин чатыры, терезелери жок. Цехтин ичи суук болгондуктан, суу тоңуп калып, мүшкүл ошондон башталды. Ошентип кырсык бир жумага созулуп кетти.

Нурлан Өмүркул уулу кошумчалагандай, 2015-жылдан бери Бишкек ЖЭБин ремонттоого акча бөлүнгөн эмес. Бирок былтыр экс-президент Алмазбек Атамбаев модернизацияланган ЖЭБдин ачылышына барарда көзгө көрүнө турган имараттар сырттан эле косметикалык ремонттон өткөрүлгөн экен:

Президент келерде имараттардын сыртын эле актап коюшкан, ал өтчү жерлерге гүл-пүл отургузулуп дегендей.

- Президент келерде имараттардын сыртын эле актап коюшкан, ал өтчү жерлерге гүл отургузулуп дегендей. Биз ага чейин жыл башынан бери эле "ремонт жасаш үчүн тендер өткөрүп бергиле" деп кат жазганбыз. Чатырды жаап, терезелерди коелу дегенбиз. Ноябрдын ортосунда бизге "тендер өттү, жеңүүчү компания тандалды, ошолор менен ишти жасагыла" деген кат келди. Ал кезде жылуулук сезону башталганына бир ай болуп калган. "Иштин мөөнөтү 31-декабрь" деп беришкен. Тендерден жеңген ишкана бир жарым ай иштеди, бирок жумушту толук бүтүрбөй кетип калды. "Үнөмдөө" деп жатып ремонтко акча бөлүнбөгөнү да кырсыкка кошул-ташыл болду.

Өмүркул уулу: ЖЭБдеги кырсыктын чыныгы себебин жашырып жатышат
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:38 0:00

ЖЭБди модернизациялоо долбоору былтыр 30-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда салтанаттуу аяктаган. Мамлекеттик телеканалда ишканада ар бир мык жаңыланганы тууралуу сюжет жарыяланган эле.

Мурдагы директордун айтымында, 2016-жылдан баштап жабдууларды жаңылоо, куруу боюнча бир нече жыйын болуп, тиешелүү протоколдор түзүлгөнү тууралуу далилдер бар. Бирок тиешелүү аткаминерлерден жооп болбой, модернизацияланган борбор химиялык суу даярдоочу жабдуусу жок эле кабыл алынып, пайдаланууга берилген.

Сөз болуп жаткан цех баштапкы долбоорго киргизилгени менен келишим түзүлгөндөн кийин ага кошулбай калганы таң каларлык экени буга чейин парламентте да айтылган. 6-мартта ЖЭБдеги кырсыкты иликтеген депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Данияр Аттокуров да химиялык цех эмне үчүн башынан эле курулбай калганын энергетика тармагындагы жетекчилерден сурады:

- Негизи химиялык цех керек беле? Силер Кытай жак "кереги жок, эски химиялык цех жарайт" деп айтканын билдирип жатасыңар. ЖЭБдин мурдагы жетекчиси "мурдатан эле "химиялык цех керек" деген маселени айтып келгенбиз" деп жатат. Муну кандай түшүнсө болот?

"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын башчысы Айбек Калиев "эски жабдуу жарактуу, андыктан жаңы блокту куруунун кажети жок" деген билдирүү буга чейин болгонун бышыктады:

Айбек Калиев.
Айбек Калиев.

- Бишкек ЖЭБи 2014-жылы "жетиштүү" деп кол коюп берген. 2016-жылы булардын ортосунда "жетишпейт, маселени караш керек" деген каттар жазылган. Мен муну былтыр июлда угуп, документти алган күнү эле кытайлыктарды чакыргам. Ошол күнү маселе чечилип, жаңы блокту курууну макулдашканбыз.

Ошентип, ЖЭБди модернизациялаган Кытайдын ТВЕА компаниясы Айбек Калиев айткан жаңы блокту курууга 2017-жылдын июлунда көнүп, быйыл январдан тартып курулушка керектүү жабдуулар ташылып келе баштаган. Ага 5,5 миллион доллар сарпталат, кытайлык компания болсо муну өз эсебинен чыгарууга макул болгон.

Комиссия жыйынында "2014-жылы "химиялык блок кереги жок" деп ким жыйынтык чыгарган?" деген собол жоопсуз калды. Анткени "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси Айбек Калиев бул кызматка 2016-жылдын этегинде дайындалса, "Электр станциялары" ишканасынын башчысы Узак Кыдырбаев "2017-жылдын жай айында кызматка келгем, андыктан маселеге жооптуу эмесмин" деген түшүндүрмө менен чектелди.

Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу болсо ишкананы 2017-жылдын 23-январынан тартып жетектей баштаганын, кырсыктын чоо-жайын иликтеген мекеме аралык комиссия туура эмес бүтүм чыгарып, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын коргогонун билдирип жатат. Анын айтымында, кырсыкка ЖЭБдин азыркы башчысы, окуя маалында өзүнүн техникалык маселелер боюнча орун басары болуп иштеген Андрей Воропаевдин да түздөн-түз жоопкерчилиги бар. "Воропаев кырсык тууралуу өз убагында кабардар болгону менен жетиштүү чара көргөн эмес, ага карабай кайра директор болуп дайындалды" деген Нурлан Өмүркул уулу "ЖЭБде ич ара тирешкен эки топ бар" деген маалыматтарды ырастады.

Быйыл 26-январда башталып, бир жумага созулган кырсыктын негизги күнөөкөрлөрүнүн бири катары Нурлан Өмүркул уулу кызматтан алынып, ордуна 2013-2017-жылдар аралыгында ЖЭБди башкарган Андрей Воропаев келген. "Электр станциялары" ачык акционердик коому аны "иш билги адис" деп мүнөздөгөн.

Өкмөт түзгөн мекеме аралык комиссия өткөн айда корутунду чыгарып, "Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка кышкы сезонго даярдыктын начардыгы жана айрым кызматкерлердин шалаакылыгы себеп болду" деген тыянак жарыялаган. Бирок анда "жаңыдан курула турган блоктор үчүн кошумча кубаттуулуктагы химиялык цехти куруунун кереги жок" деп тыянак чыгарган эксперттердин жана ага кол койгон жетекчилердин жоопкерчилиги каралган эмес. Ага чейин тиешелүү ишканалардын жетекчилери жана премьер-министр Сапар Исаков да кырсыкка насостук станциянын иштен чыгышын себеп катары көрсөткөн.

Нурлан Өмүркул уулунун билдирүүсүнө "Электр станциялар" ишканасы, анын ишин көзөмөлгө алган "Улуттук энергохолдинг", Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаев комментарий бере элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG