Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:43

ЖЭБди оңдоодо уурулук болгону аныкталды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек жылуулук электр борборун оңдоодо ири суммадагы уурулук факты аныкталганын маалымдады. Кылмышка шектелип "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев кармалды жана УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызматтын 3-марттагы билдирүүсүнө ылайык, "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилери оңдоп-түзөө иштерине жасалма келишимдерди түзүп, компанияларга акча которгон. Бирок ЖЭБ оңдоо жумуштарын өз күчү менен жүргүзгөн.

Уурдалган каражат 2017-2018-жылкы күз-кыш мезгилине даярданууга бөлүнгөн. Аталган фактылар боюнча УКМК бир нече берене менен кылмыш ишин козгогон.

Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдык иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок.

Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан.

XS
SM
MD
LG