Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

УКМК: Артыкбаевге тез жардам чакырылган жок


Осмонбек Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган мурдагы энергетика министри жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин ден соолугу туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” кабарлады. Ал керек болгон учурда медициналык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Айрым маалымат каражаттары Артыкбаевдин ден соолугу начарлап, УКМКнын тергөө абагына тез жардам чакырылганын жазышкан. УКМК бул маалыматты төгүндөдү.

Буга чейин адвокат Артыкбаевдин ден соолугуна байланыштуу анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Сот качан болору айтыла элек.

5-июнда Башкы прокуратура Осмонбек Артыкбаевге карата “Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин биринчи бөлүмү ("Коррупция") менен козголгон кылмыш ишине шектүү катары УКМКнын тергөө абагына 6-июнда камалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG