Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:33

ЖЭБ чыры Сатыбалдиевди да каматты


Жантөрө Сатыбалдиев
Жантөрө Сатыбалдиев

20-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин бөгөт чарасын карап, аны тергөө бүткүчө эки айга камакка алуу тууралуу чечим кабыл алды.

Мурдагы өкмөт башчысына бүгүн Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан кылмыш ишинин алкагында айыбы расмий угузулган. Соттун имаратына кирип баратып Сатыбалдиев күнөөлүү эмес экенин журналисттерге билдирди:

- Эч качан, эч качан күнөөмдү мойнума албайм. Мунун баары болбогон, ойдон чыгарылган нерсе, - деди ал.

Сатыбалдиев соттон кийин

Сатыбалдиев тергөө бүткүчө камакта калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:36 0:00

Күтүүсүз камоо

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге "Коррупция" беренеси менен айып коюлду. Буга чейин бир нече жооптуу кызматтарды ээлеп жүргөн тажрыйбалуу саясатчынын камакка алынышы өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшү боюнча талкууларды кызытты.

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кармалышы ыктымал экени буга чейин айтылса да, саясатчынын камакка алынышы саясий чөйрө үчүн кыйла күтүүсүз болду. Буга чейин Сатыбалдиев ЖЭБ боюнча бир гана жолу күбө катары суракка чакырылган.

18-июнда кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сатыбалдиевдин Бишкекте кармалып, тергөө абагына камакка алынганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматында экс-премьерге Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка шериктеш болуу” жана “Коррупция" беренелери менен айып коюлганы айтылган. Эми 48 саат ичинде сотто Жантөрө Сатыбалдиевдин бөгөт чарасы аныкталып, мындан ары камакта калары же үй камагына чыгары чечилет.

Жантөрө Сатыбалдиев ЖЭБди модернизациялаш үчүн Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алуу жана аны оңдоо боюнча ТВЕА компаниясы менен келишим түзүлгөн учурда кыргыз өкмөтүн башкарып турган.

Ал бул боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн буга чейин четке каккан эмес. Ошондуктан парламенттеги талкуу учурунда негизги суроолор Сатыбалдиевге багытталып, ал депутаттарга түшүндүрмө берген эле.

Сатыбалдиев "Азаттык" менен болгон маегинде да ЖЭБди модернизациялоо боюнча кол койгон келишимде коррупция жоктугун айткан жана таза экенин билдирген:

Жантөрө Сатыбалдиев.
Жантөрө Сатыбалдиев.

- "Келишимге бир күндө эле кол коюлуп калды" дегенге караманча каршымын. Мекеме аралык комиссиянын чечимин өкмөт жактырып, насыя келишимине "кол кой" деген ыйгарым укукту берген. Андан соң насыя келишимин жактыруу боюнча өкмөт жыйыны болуп, Жогорку Кеңештин ратификациясына киргизилет. "Техникалык-экономикалык негиздемеси болгон эмес" деп жатышат. Негиздеме насыя натыйжалуу болгондон кийин болот да. Насыя макулдашуусу болсо мыйзамдаштырылгандан кийин натыйжалуу болот. 2013-жылы сентябрда мен кол койгон кезде "Кыргызстандын экономикасына пайда алып келет" деген акча болчу. Мен кол койгон документте бир да коррупциялык элемент жоктугуна абийир алдында да, мыйзам алдында да жооп берем.

Сатыбалдиевдин мындай түшүндүрмөсүнө карабай Жогорку Кеңеш ЖЭБ боюнча токтомунда укуктук баа берилиши керек болгон адамдардын тизмесине мурдагы премьерди да киргизген. Ошентип ЖЭБ чатагы боюнча камакка алынган жетекчилердин онунчусу Жантөрө Сатыбалдиев болуп отурат.

Бийлик упай топтогусу келдиби?

Кыргызстан эгемендик алгандан бери жалаң жогорку кызматтарды ээлеп, бир катар ири долбоорлордун башында турган мурдагы жетекчинин камакка алынышы өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш тууралуу талкууларды кызытты.

Сатыбалдиевди Бишкек-Ош жолун реконструкциялоо, 2010-жылдагы июнь окуясынан соң Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекцияларындагы ишмердиги боюнча көптөгөн сөздөр ээрчип келгени белгилүү. Бирок Сатыбалдиев өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып келген.

ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин айтымында, Жантөрө Сатыбалдиевдин камакка алынышы парламенттин токтомун аткаруунун алкагында болуп жатат:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- "Коррупцияга каршы күрөш" деп айтпайм. Бул жерде депутаттык комиссия парламенттин жалпы жыйынында алып чыккан корутундунун натыйжасында чара колдонуп жатат деген пикирдемин. Айрымдар "бул саясий куугунтук" деп айтышы мүмкүн. Бирок бул саясий куугунтукка окшобойт. Ал партиянын жетекчиси же бийликке коркунучтуу саясатчы эмес. Анан сөзсүз эле азыр кармалган он кишинин баары жоопко тартылат деген ойдо эмесмин. Сотто балким акталып чыгышы да мүмкүн.

Ал эми саясий эксперт Даниел Кадырбеков Сатыбалдиевдин камалышын бийликтин коомдук пикирди эске алуу менен упай топтоо аракетине байланыштырат.

Эксперттин баамында, ЖЭБди модернизациялоонун башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү турганын эске алганда, экс-премьерди негизги фигурант катары мүнөздөө туура эмес:

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

- Бул кишини бир жактуу эмес, татаал фигура деп бааласак болот. Себеби, ири мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырган, жолдорду салган адам. Артынан ар түрдүү сөздөр ээрчип жүрөт. Бирок ушуга чейин аны документалдуу далилдей алышкан жок. Ал эми анын камалганы тууралуу айтсак, Жээнбеков өзүнүн аброюн түзүп жатпайбы, азыр ал Сатыбалдиевди камоо менен "Атамбаевден башкаларга да күчүм жетет" деген сигнал бергиси келип жатат.

Дал ушундай эле пикирге эксперт Алмазбек Акматалиев да кошулат. Ал учурдагы бийлик коррупция менен күрөштө жалаң камоо менен алектенип, башка механизмдерин ойлоп таба албаса, тийиштүү жыйынтыкка жетүү кыйын болорун эскертүүдө.

62 жаштагы Жантөрө Сатыбалдиев - кыргыз саясатындагы тажрыйбалуу жетекчилердин бири. Ал транспорт министри, Ош шаарынын жана Ош облусунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты болуп, акыркы жолу премьер-министрлик кызматты ээлеген.

Сатыбалдиев ЖЭБге байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган экинчи өкмөт башчы болуп калды. Буга чейин мурдагы премьер-министр Сапар Исаков камалган.

Бүгүн дагы бир экс-премьер Темир Сариев суракка чакырылганы белгилүү болду.

Темир Сариев дагы суракка чакырылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:40 0:00

Мындан сырткары, бул иштин алкагында Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев баш болгон он киши камакка алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG