Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Исаков: Саясий куугунтук эч качан болбошу керек (видео)


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков парламенттин 17-майдагы жыйынында Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан маселе талкууланган учурда укук коргоо органдарына кайрылып, калыс териштирүү жүргүзүүгө чакырды:

- Биринчиден, укук коргоо органдарына кайрылам. Бардык териштирүү акыйкат болсун. Себеби, эл муну карап турат. Ар бир документке таянып туура чечимдер кабыл алынышы керек. Албетте, ар бир мамлекеттин өз саясаты бар. Саясий куугунтук эч качан болбошу керек. Бул абдан маанилүү нерсе. Качан саясий куугунтук башталганда бийликтин аброюна шек келет. Мен ошону суранам. Баары акыйкат болот деп ойлойм, - деди Исаков.

Сессияда парламент ЖЭБ чуусуна байланыштуу Сапар Исаков менен "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевге укуктук баа берүү жөнүндө сунушту көпчүлүк добуш менен колдоду.

Бул сунушту “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев киргизип, Сапар Исаковдун Бишкек ЖЭБинен сырткары Датка-Кемин, түндүк-түштүк жолуна, кытайлык “China Road”, “Huawei” компаниясына тиешесин текшерүү керек экенин айткан.

Жогорку Кеңеш үч күн ЖЭБдеги кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап, аны негиз кылып токтом кабыл алды. Токтомго жыйынга катышкан 106 депутат “макул” деген добуш берди, эч ким каршы чыккан.

Документте “Депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын жана президентке жиберилсин. ЖЭБ боюнча келишимди даярдаган, иштеп чыккан жана мамлекеттик кабыл алууга катышкан кызматкерлердин иш-аракетине укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлсүн. Башкы прокуратура, УКМК жана Эсеп палатасы үч айлык мөөнөт ичинде Жогорку Кеңешке маалымат берсин” деп жазылды.

Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана башка жетекчилер жооп беришти. (NT)

Парламент ЖЭБ чуусун талкуулап бүттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:10 0:00

XS
SM
MD
LG