Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:37

Апта: Үзөңгүлөштөрдүн камалышы, Иран көйгөйү


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаков.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Мурдагы премьер-министр, президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратын жетектеген Сапар Исаков, Бишкектин мурдагы мэри, Бажы кызматынын экс-төрагасы Кубанычбек Кулматов жана депутат, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев Бишкек Жылуулук электр борборун 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишим түзүүдө жана ал акча каражатын пайдаланууда мыйзамсыз аракеттерге жол берген деп шектелип жатат.

41 жаштагы Сапар Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын орун басары, президенттик аппараттын башчысы кызматын аркалаган. Ал эми былтыр август айынан быйылкы апрелге чейин премьер-министр болгон. Исаковдун адвокаты Учкун Каримовдун айтымында, тергөөчүлөр камакка алууда "Исаков тергөөнүн жүрүшүнө басым жасашы мүмкүн" деген жүйө келтирген. Сапар Исаков УКМКга төртүнчү жолу суракка келгенде камакка алынды. Ал өзүн камакка алууну “акыйкатсыздык” деп атады.

Сапар Исаков камакка алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

Буга чейин ал өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп билдирген:

- Мага айып тагуу боюнча токтомду чынын айтсам толугу менен окуп чыга элекмин. Мен азыр ачуума чыдабай турам. Адегенде социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында Сапар Исаковдун атын тебелешти. Андан соң ушундай антураж түзүп, кылмышкер катары көрсөткүсү келип жатышат. Биз эми адвокаттар менен тыгыз иштеп, күнөөсүз экенибизди далилдейбиз. Бул таптакыр чектен чыгуу, мен нес болуп турам.

5-июнда Исаковдун артынан эле Бишкектин мурдагы мэри жана Бажы кызматынын экс-башчысы Кубанычбек Кулматов да тергөө бүткөнчө камакка алынды. Аны камакка алуу тууралуу өтүнүч келтиргенде тергөөчүлөр Кулматов бир кезде Орусиянын жарандыгын алган деген маалыматты жүйө келтиришкен. Адвокат Сергей Слесарев:

- Рапортто Кулматовдо Орусиянын паспорту бар деген маалымат айтылыптыр. Буга шилтеме катары 1995-жылдагы датаны көрсөтүшкөн экен. Бул териштирүүнүн баары бүтүп, Орусиянын соту "Кулматов бул өлкөнүн жараны эмес жана болгон да эмес" деген жыйынтык чыгарган. Ушуну жүйө келтирип, тергөө органдары Кулматов мырза Кыргызстандын аймагынан чыгып кетиши мүмкүн деп шектенип жатат. Юрист катары мага бул таптакыр түшүнүксүз.

Кулматов июндун аягына чейин камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:19 0:00

Исаков менен Кулматовдун артынан эле парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды. 5-июнда Башкы прокуратура Осмонбек Артыкбаевге карата “Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон. Камалган үч саясатчы тең Социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөлөрү.

“Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо” ишиндеги кемчиликтер боюнча буга чейин “Энергохолдингдин” мурдагы башчысы Айбек Калиев, Жалал-Абаддын экс-мэри Салайдин Авазов, "Электр станцияларынын" башчысы жана орун басарлары, жалпысынан ондой адам камалган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 6-июнда өз кызматташтарынын камалышы боюнча билдирүү таратты.

“Бажыдагы уурулуктун масштабдарын ачып көрсөткөн мамлекеттик ишмерлерди камакка алуу туурасындагы кечээги чечим - бул иш жүзүндө бажы кызматынын көмүскө кардиналы катары белгилүү "Раим миллиондун" (Раим Матраимов, Бажы кызматынын мурдагы жетекчисинин орун басары) бийликтеги достору, колдоочулары тарабынан болуп жаткан өч алуу. Сапар Исаковду, Кубанычбек Кулматовду эптеп бир шылтоо таап, камоо милдети коюлганын көрүп турам. Алар тергөө тарабынан коюлуп жаткан айыптоолордун негизин түзгөн чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ыйгарым укуктары болбогонун расмий түрдө билдирем. КСДПнын жигердүү башка мүчөлөрүн, анын ичинде Жалал-Абад шаарынын экс-мэри С.А. Авазовду жана Жогорку Кеңештин депутаты О.М. Артыкбаевди куугунтукка алууну да негизсиз деп эсептейм. Коррупцияга каршы кызматтын учурдагы директору сыяктуу элпек достору өлкө президенти С.Ш. Жээнбековду опурталдуу жолго түртүп жатышат. Мен ага мурда эскерткен элем, ал эми ушул жылдын мартында дагы бир жолу өзүмдүн басма сөз жыйынымда айтканга аргасыз болдум” деп айтылат Атамбаевдин билдирүүсүндө.

Коррупцияга каршы күрөш жана саясий куугунтук

Азыркы президент Сооронбай Жээнбековду былтыркы президенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясы сүрөп, бирдиктүү талапкер катары алып чыккан. Бирок Атамбаев менен Жээнбековдун мамилеси быйыл жыл башынан бери бузула баштаган. Ошондон кийин бийликтеги Атамбаевге жакын делген кадрлардын дээрлик баары иштен алынып, Сапар Исаков баштаган өкмөт кызматтан кеткен.

Бирок саясат таануучу Равшан Жээнбеков Атамбаевдин өзүнүн жакын адамдарынын камалышына байланыштуу тараткан билдирүүсүндө айткандарын эки жүздүүлүк катары баалады:

- Атамбаевге каршы оппозиция бийликке келсе, анан мурдагы бийликтин өкүлдөрүн жөндөн-жөн эле камай баштаса, анда аны саясий куугунтук же саясий өч алуу десек болот эле. Бирок социал-демократтар партиясындагы адамдар андан кантип өч алат? Бул жерде эч кандай саясий куугунтук же кандайдыр бир өч алуу жок. Эгерде ал киши атаган адам бажы тармагында коррупция жасап жаткан болсо, алты-жети жыл бою жогорку бийликте отурган Атамбаев эмнеге аны байкаган эмес? Ал жети жылда "коррупцияны жайладым" деп эле кыйкырып жатпады беле? Атамбаев президент болуп турганда эмне үчүн ошол бажыдагы, салыктагы коррупцияны, Бишкек ЖЭБинин долбоорун ишке ашыруудагы коррупциянын бетин ачкан жок? Эгерде ошол кезде анын өзүнүн командасынын арасынан коррупцияга шектүү катары камалса, анда анын бүгүн айткан сөзүнө ишенет элек. Ошондуктан анын азыр айтып жатканы бери эле дегенде эки жүздүүлүк.

УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев да Кулматов, Исаков баштаган мурдагы бийлик адамдарынын камалышы күтүлгөн эле нерсе болчу, муну саясий куугунтук деп айтууга негиз жок деген ойдо:

- Бул окуялар мен үчүн күтүүсүз болгон жок. Анткени Коомдук кубулуштарды изилдеген адамдардын баары тең эле ушундай жыйынтык болорун күтүп жатышкан. Экинчиден, саясий куугунтук деп айтып жатышат. Саясий куугунтук болуш үчүн адегенде саясий көз караштардын келишпестиги болушу керек. Камалгандардын кимиси өзүнүн позициясын айтты эле? Кимиси саясий сынын айтты эле?

Ошол эле кезде акыркы кездеги камоолор чынында эле коррупцияга каршы күрөшпү же бийликтин өз душмандарын, атаандаштарын абакка салуу аракетиби деген да суроолор чыгууда. Укук коргоочу Рита Карасатова кош стандарттуу саясат байкалууда деп эсептейт:

- Кош стандарттуулук чынында эле бар. Мисалы, Ю Ли Куан Юну көп айтып калышат да. Ал биринчи өзүнүн арасындагы адамдарды, өзүнүн жан-жөкөрлөрүн да камаган. Бизде ошого эрк жетеби? Мисалы, бажы тармагындагы орто катмарда иштегендер да абдан бай болуп чыгат экен. Биз бүт күч-энергиябызды камоого жумшап, анан социалдык тармактарда камалып жатат деп сүйүнгөнүбүздү өзүм туура эмес көрөм. Анткени коррупция менен системдүү күрөшүү үчүн ачык-айкындуулук болушу керек. Эң жабык болгон УКМК мекемеси эч качан коррупция менен күрөшө албайт. Бүгүнкү күндө президентте бүт бийлик бутактарында түзмө-түз кысым жасаганга мүмкүнчүлүк пайда болду. Бийликтин ортосундагы тең салмактуулук бузулду.

Камалган үзөңгүлөштөр: кезек кимде?
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:45 0:00

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкты жана аны оңдоого алынган каражатты иликтеген депутаттык комиссиянын буга чейин жарыяланган корутундусунда бул ишке тиешеси бар киши катары 30дай адамдын аты жарыяланган. Анда Сапар Исаковдон жана Осмонбек Артыкбаевден сырткары, мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Жоомарт Оторбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, финансы министринин азыркы орун басары Мирлан Байгөнчөков, мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы экономика министри Темир Сариев, экономика министринин мурдагы орун басары Санжар Муканбетов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин аты да аталган. Ошондой эле “Улуттук энергохолдинг”, “Электр станциялары” ишканаларынын жетекчилеринин аты-жөнү белгиленген.

Президенттин мамлекеттик сапары

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 6-июнда Бээжинге мамлекеттик сапар менен барды. Бул Жээнбековдун былтыр октябрда президент болгондон бери мамлекет башчысы катары Кытайга биринчи жолу барышы. Кыргызстан менен Кытайдын лидерлери Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзинпин Бээжинде сүйлөшүү жүргүзүп, эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк боюнча декларацияга кол коюшту.

- Кытай Кыргызстан үчүн чыныгы дос, маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш. Менин Кытайга мамлекеттик визитим биздин тышкы саясатыбыздын багыты өзгөрүлбөсүнүн далили болуп саналат. Кытай Кыргызстанга насыя, грант жана техника түрүндө эбегейсиз жардам берип келет. Бул Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн олуттуу көмөк деп эсептейм, - деди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстанда электромобилдерди чыгарган биргелешкен заводду ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү да сунуш кылды. Бул тууралуу ал 6-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен сүйлөшкөн учурда билдирди.

- Биздин өлкөбүз кытай электромобилдерин чыгаруу, аны Борбор Азия жана ЕАЭБге экспорттоо үчүн аянтча болуп бермек. Сиздин “Бир алкак – бир жол” демилгеңиздин алкагында аны ишке ашырууга мүмкүн экенин эске алганда, биздин ортобуздагы кызматташуунун бул багыты келечектүү деп эсептейм.

Кыргыз президентинин сапары учурунда жалпысынан 10 документке кол коюлду.

Кытай Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө, аларды таза суу менен камсыз кылууга 100 миллион доллар кайтарымсыз грант бөлөрү маалым болду. Мындан тышкары Бээжин кайтарымсыз гранттык негизде 600 миллион юань бөлүү (болжол менен 94 миллион АКШ доллары) чечимин кабыл алган. Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, бул каражат жол куруунун үчүнчү фазасына жана фитосанитардык лабораторияларды курууга жумшалат. Акча 2020-жылдан баштап бериле баштайт. Жолугушууда Кытай президенти Си Цзинпин Кыргызстан менен өз ара мамилелерди тереңдетүүгө Кытай кызыкдар экенин белгиледи.

- Биз кыргыз-кытай мамилелеринин келечегине оптимисттик көз караштабыз, мен Кытай менен мамилелерди тереңдетүүгө даяр экениңиз тууралуу билдирүүңүздү баалайм. Биз жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүнү, ар тараптуу өз ара аракеттешүүбүз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү жактайбыз. Мен биздин мамилелердин келечегине оптимизм менен карайм жана кылымдардан берки достуктун духунда биздин элдер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярбыз.

Сооронбай Жээнбековдун сапары учурунда Кыргызстандын жана Кытайдын элчиликтери үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлган жок.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңеши Кытай элчилиги турган үч гектардан ашуун жер тилкесин ижарага берүүгө макул болгону кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу жараткан. Келишим боюнча Кытай Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн Бээжиндин борборунан 25 сотых жер бөлүп, элчиликтин имаратын, анда иштегендерге турак жай салууга жардам бермек. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бул келишимдин тегерегинде ички макулдашуу жүрүп жатканын, ошондуктан келишимге кол коюу кийинкиге калганын маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдагы мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө 7-июнда Бээжинде "Манас" эпосу боюнча кытайлык артисттер койгон операны көрдү.

Операдан кийин президент кытайлык артисттер тобун Кыргызстанга чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине да катышат.

Иран уран байытуунун көлөмүн жогорулатарын жарыялады

Өлкөнүн вице-президенти жана Атомдук энергетика боюнча уюмунун башчысы Али Акбар Салехинин 5-июнда билдиргенине караганда, Ирандын тиешелүү каты Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин Венадагы баш кеңсесине тапшырылды. Бирок Салехи Иран 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди сактай турганын жана анын өзөктүк ишмердиги ошол келишимде каралган чекте каларын да кошумчалады. Анын айтымында, Иранда жаңы центрифугаларды жасоого киришүү жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин көрсөтмөсүнө ылайык жасалууда. Хаменеи өкмөткө 2015-жылдагы келишим иштебей калган шартта уранды байытууну кайра жандандырууга даяр турууну тапшырган. Али Хаменеи 4-июнда Тегеранда өткөн жыйындагы сөзүндө:

-- Европанын кээ бир өлкөлөрүнөн айтылган сөздөргө караганда, алар иран эли санкцияларга да көнүп, ошол эле учурда биздин өлкөнүн келечеги үчүн зарыл өзөктүк программадан баш тартарын күтүп жаткандай. Мен ошол өкмөттөргө бул силердин кыялыңар жана эч канчан ишке ашпайт деп айтам. Душман бүгүн экономикалык, психологиялык басым жасоону пландап жатат. Маселе экономикалык басымды жана санкцияларды иран өкмөтүн изоляциялоо үчүн колдонууда эле эмес. Алар иран элин тебелөөнү каалашат, - деди.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Тегерандын соңку жарыясынын опурталдуу экенин Парижде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында эскертти:

- Мен Иран жасаган жарыяны көңүлгө алдым. Бул билдирүү маңызы боюнча 2015-жылкы макулдашуудан же аракеттенүүнүн биргелешкен кеңири планынан баш тарткандык эмес. Бирок бул канчалык жүйөлүү экенин мен билбейм. Кимдир бирөө макулдашууну качан токтотуп саларын да айта албайм, бирок бул билдирүү экинчи тарапты макулдашууну сактоого шыктандырбайт. Андыктан мен муну өлкөлөр ортосунда эки тараптуу чыңалуунун күчөшү деп карай алам. Баарын кырдаалды стабилдештирүүгө, жаңжалга алып баруучу кандай эскалация болбосун аны тереңдетпөөгө чакырам.

Быйыл 8-майда АКШ президенти Дональд Трамп өз өлкөсү 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу эл аралык келишимден чыгарын жарыялап, өз кадамын аталган документ Ирандын өзөктүк куралга ээ болуу дымагын токтото албай турганы менен түшүндүргөн. Андан көп өтпөй Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги ирандык үч уюмга жана алты жаранга каршы жаңы санкцияларды киргизген. Бирок азырынча ал келишимге кол койгон башка өлкөлөр: Франция, Орусия, Британия, Германия, Кытай ал келишимди сактап кала турганын билдирүүдө.

- Өзүңүздөр билгендей, Британия Франция жана Германия менен бирге бул Ирандын өзөктүк куралын токтотуудагы жакшы жол деп эсептейт. Иран өз милдеттемесин аткарып жаткан чакта биз аны карманабыз. Ошол эле кезде, албетте, биз Иранга байланыштуу чече турган башка да көйгөйлөр бар экенин моюнга алабыз. Бул өлкө региондогу өлкөлөрдү, маселен, Сириядагы жана Иранды туруксуздаштырып, баллистикалык ракетасын жайылтат, - деди Британиянын өкмөт башчысы Тереза Мэй Лондондо Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолуккан учурунда.

Нетьянаху бул жумада Европада иш сапары менен болуп, Германия, Франция жана Британия лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Аларда Иран маселеси негизги темалардын бири болду.

- Эки күн мурда Ирандын лидери, Аятолла Али Хаменеи Израил мамлекетин жок кылуу ниетин жарыялады. Кечээ ал муну өзөктүк бомбанын арсеналын жасап чыгуу үчүн уранды чексиз байытуу жолу менен ишке ашырарын айтты. Мен таң калган жокмун. Биз Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербейбиз, - деди Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Париждеги басма сөз жыйынында.

2015-жылы Иран жана АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлмай болгон. Келишимде Ирандын уранды байытуусуна он жылдык чектөө коюлган.

Бул мөөнөт ичинде Иран уранды байытыш үчүн колдоно ала турган центрифугалардын саны 5060тан ашпашы керек, байытылган урандын өлкөдөгү өлчөмү он беш жыл ичинде 300 килограммдан көбөйбөй турууга тийиш, ал эми уранды байытуунун деңгээли 3,97% жогору болбошу зарыл деп белгиленген.

Келишим кабыл алынганга чейинки Иранда центрифугалардын же уран байытууда колдонулуучу негизги жабдыктардын саны 27 миң даанага жакындап барган. Алардын 19 миңи өндүрүш максатында жайгаштырылган. Ал эми байытылган урандын өлкөдө топтолгон өлчөмү 12 миң килограммга жеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG