Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

КСДПнын кысталыш абалы


КСДПнын жыйыны. 15-июль, 2017-жыл.
КСДПнын жыйыны. 15-июль, 2017-жыл.

КСДПнын саясий кеңешинин соңку жыйыны партия ичиндеги биримдиктин жоктугун дагы бир сыйра айгинеледи. Ушундан улам бул партиянын мындан аркы келечеги тууралуу суроо туулат.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңеши 27-апрелде чогулуп, партиянын төрагасынын үч орун басарын шайлаганын партиянын катчылыгы кабарлаган.

КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева саясий кеңештин жыйынына 22 мүчө катышканын, партиянын төрагасынын орун басарлыгына мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жана парламент депутаттары Асел Кодуранова менен Мурадыл Мадеминов шайланганын “Азаттыкка” билдирди. Ал жыйынга саясий кеңештин айрым мүчөлөрү жүйөлүү себептерден улам келбей калганын айтып, "КСДПда ырк кетти” деген сөздөрдү жокко чыгарды:​

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

Бишкекте 31-мартта КСДПнын курултайы өттү жана анда Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды.

- КСДПнын саясий кеңешинин жыйынына айрымдар ишине, үй-бүлөсүнө байланыштуу катыша албай калышты. Мисалы, Мурадыл Мадеминов умрага кеткенине байланыштуу келген жок. Партия ишин улантып жатат. Партиянын мүчөлөрү баягыдай эле. “Ырк кетти” деген сыяктуу ар кандай сөздөр айтыла берет. Бирок баарын убакыт көрсөтөт.

Саясий кеңештин жыйынына парламент депутаттарынан Чыныбай Турсунбеков, Асел Кодуранова, Марат Аманкулов, Данияр Аттокуров, Муктарбек Айнакулов жана Ирина Карамушкина катышкан. Ошол эле учурда саясий кеңештин ​Иса Өмүркулов, Төрөбай Зулпукаров, Искендер Матраимов, Осмонбек Артыкбаев өңдүү мүчөлөрү катышкан эмес. Алардын бири Матраимов жыйынга чакырылбаганын айтты. Саясий кеңештин калган мүчөлөрү жыйын тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Чыныбай Турсунбеков Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган саясий кеңештин жыйынында КСДПнын ички ынтымагы тууралуу сөз болгонун жашырган жок. Ал партия мүчөлөрү Атамбаевди президент Жээнбеков менен сүйлөшүүгө үндөшкөнүн кошумчалады.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Партиянын ынтымагы тууралуу саясий кеңеште да сөз болду. Анан Алмаз Шаршенович "Сооронбай Шарипович менен жолугуп, сүйлөшөм" деп калды. Сүйлөшүүдөн кийин дагы көрөбүз да. Негизи партия мүчөлөрүнүн көбү "экөө сүйлөшүп, пикир келишпестиктерди жөнгө салышы керек" деген пикирлерин айтышты.

КСДПнын саясий кеңешине 37 адам мүчө болчу. Сооронбай Жээнбеков президент, Кубанычбек Кулматов Бажы кызматына төрага болгондон кийин, ал эми Жусубали Исаев көзү өткөндүгүнө байланыштуу саясий кеңештен чыгарылган. Учурда партиянын төрагасы Атамбаевди кошкондо саясий кеңеште 35 киши бар.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөлөрүнүн дээрлик көпчүлүгү азыркы президент Сооронбай Жээнбеков тарапка өтүп, Атамбаевди жактаган саналуу эле депутат калганын белгилейт. Анын айтымында, Атамбаевдин алдында эки бөлүнгөн партияны сактап калуу маселеси кабыргасынан турат.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Азыр булар "партияны кантип чогултабыз, кандайча калыбына келтиребиз" деген маселени караш керек. Азыр кеп партияны сактап калууда турат. КСДП Бишкекте, “Форумдун” тегерегинде эле калды. Анткени КСДПнын жер-жерлерде позициясы калган жок. Өзгөчө түштүктө электораты калган жок. Ошондуктан партия "кийинки шайлоого ким менен барабыз" деген маселени караш керек. Азыр бир сөз менен айтканда "эт эмес, табагыңды таап ал" дегендей болуп калды.

КСДПны күткөн сыноо

Ал эми саясат талдоочу Сейтек Качкынбай кийинки парламенттик шайлоо КСДПнын ынтымагын сыноодон өткөрөрүн айтат. Анын баамында, эми "жээнбековчул" жана "атамбаевчил" деп экиге бөлүнгөн партия шайлоого да эки башка жол менен барышы мүмкүн.

Сейтек Качкынбай.
Сейтек Качкынбай.

- Биринчиден, бизде жарды жарандар көп, экинчиден, жердешчилик күчтүү. Ушул эки жагдайды КСДПга окшогон чөнтөгү калың партиялар шайлоодо жакшы эле колдонот. КСДПнын мүчөлөрү Атамбаевдин убагында жакшы эле "майлуу" кызматтарда турушту. Андыктан КСДП акчага таянып, кийинки шайлоодо кайра келүүгө бир топ аракет кылат.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП партиясы 38 мандат алган. 31-марттагы КСДПнын курултайында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы пикир келишпестик ачыкка чыккан. Бишкектин мэри Албек Ибраимовду кошпогондо, Атамбаевдин Сапар Исаков баш болгон дээрлик бардык орчундуу кызматтагы кадрлары кызматтан алынды. Болбосо президенттик шайлоого чейин Атамбаев менен Жээнбеков “бир команда” экенин айтып келишкен. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев өткөргөн партия жыйынына ЖКдагы 38 КСДПчынын 19у гана катышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG