Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 04:29

Экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун, мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин камакка алынышына байланыштуу билдирүү таратты. Анда экс-президент бул аракеттерди “коррупция менен күрөш эмес, өч алуу” деп атады. Кийинки убакта камакка алынгандар боюнча коомчулукта да пикир бир кылка эмес.

Камакка алуу - өч алуубу?

Мурдагы президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү Сапар Исаковдун, Кубанычбек Кулматовдун жана Осмонбек Артыкбаевдин камакка алынышы тууралуу билдирүү таратып, муну “коррупция менен күрөш эмес, өч алуу” деп баалады.

Билдирүүнү партиянын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева “Азаттыкка” жеткирди:

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

“Бажыдагы уурулуктун масштабдарын ачып көрсөткөн мамлекеттик ишмерлерди камакка алуу туурасындагы кечээги чечим - бул иш жүзүндө бажы кызматынын көмүскө кардиналы катары белгилүү "Раим миллиондун" (Раим Матраимов, Бажы кызматынын мурдагы жетекчисинин орун басары) бийликтеги достору, колдоочулары тарабынан болуп жаткан өч алуу. Сапар Исаковду, Кубанычбек Кулматовду эптеп бир шылтоо таап, камоо милдети коюлганын көрүп турам. Алар тергөө тарабынан коюлуп жаткан айыптоолордун негизин түзгөн чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ыйгарым укуктары болбогонун расмий түрдө билдирем. КСДПнын жигердүү башка мүчөлөрүн, анын ичинде Жалал-Абад шаарынын экс-мэри С.А. Авазовду жана Жогорку Кеңештин депутаты О.М. Артыкбаевди куугунтукка алууну да негизсиз деп эсептейм. Коррупцияга каршы кызматтын учурдагы директору сыяктуу элпек достору өлкө президенти С.Ш. Жээнбековду опурталдуу жолго түртүп жатышат. Мен ага мурда эскерткен элем, ал эми ушул жылдын мартында дагы бир жолу өзүмдүн басма сөз жыйынымда айтканга аргасыз болдум", деп айтылат Атамбаевдин билдирүүсүндө.

Экс-президент ошондой эле Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) Кытайдын насыясынын эсебинен реконструкциялоо, анын ичинде кытай тараптын тандоосуна макулдук берүү жана ошондой эле гранттык каражаттарды “Калыс Ордо” конушундагы мектептин курулушуна багыттоо жөнүндөгү чечимдерди мамлекет башчы Атамбаев жана өлкөнүн өкмөтү кабыл алганын жана бул туура чечим болгонун белгилейт.

5-июнь күнү Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов жана мурдагы энергетика министри, азыркы депутат Осмонбек Артыкбаев камакка алынган. Аларга ар башка фактылар боюнча кине коюлганы менен, үчөөнө тең Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылган.

Күрөштүн төркүнү кайда?

Сөз болуп жаткан адамдардын камакка алынышын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы саясий тирештин “жемиши” катары баалагандар да бар.

Алар экс-президенттин кадрлары, Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимовго жана парламент депутаты, ушу тапта АКШга кеткени кабарланган Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш иштерин да мисал келтиришет. Саясат талдоочу Эмил Каниметов буларга токтолду:

Эмил Каниметов.
Эмил Каниметов.

- Мындай камоонун артында албетте, саясий максат аралашкан. Ал максат азыркы президенттин бийлигин бекемдөө, мурдагы президенттин командасынын таасиринен ажыратып, өз пайдубалын түптөө менен байланыштуу. Бул ички саясат менен эле эмес, тышкы саясат менен да байланыштуу десек болот. Башкача айтканда, Атамбаев сындаган Казакстандын президенти Назарбаевдин да “деньщиктеринин”, Атамбаевдин ылдыйлашына, ага бир сокку урулушуна кызыкчылыгы болушу менен да байланыштыруу мүмкүн. Ошону менен бирге фактылардын негизинде жасалган соттук иш катары да караса болот. Бирок азыркы кырдаалда мындай аракеттер президент Жээнбековдун бийлигин бекемдөөгө алып келет. Эгер бул камоо мамлекетке, бюджетке акчаны кайтарууга, экономиканы көтөрүүгө багытталбастан, ушундай эле саясий максаттарды көздөсө - бул президент үчүн пайдубал болуп бербейт.

Антсе да ири саясатчылардын тобун камакка алууну жана бир тобуна кылмыш ишин козгоону жемкорлук менен күрөш катары колдогондор да көп. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев да бар:

Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

- Мен бул жерде эч кандай саясий күрөш, саясий куугунтукту көргөн жокмун. Кылмыш кылган адам сөзсүз түрмөгө камалышы керек. Бул аксиома сыяктуу нерсе, муну эч ким тана албайт. Анан кийин Сооронбай Жээнбеков “мен коррупция менен күрөшөм, тууганыма да, досума да карабай камап берем” деп убада берген. Азыр ошол сөзүн аткарып жатат, муну кубаттадык. Эгерде ушундай күрөштү улантып, өлкөбүздү ууру-кескилерден тазалап бере турган болсо - бул да колдоого алаарлык көрүнүш болот. Эгерде “жок, андай кыла албайт экенмин” деп, кайра Атамбаев менен тил табышып кетсе - анда биз каршы чыгабыз.

Башка айыптуулар качан камалат?

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкты жана аны оңдоого алынган каражатты иликтеген депутаттык комиссиянын буга чейин жарыяланган корутундусунда бул ишке тиешеси бар киши катары 30дай адамдын аты жарыяланган. Анда Сапар Исаковдон жана Осмонбек Артыкбаевден сырткары, мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Жоомарт Оторбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, финансы министринин азыркы орун басары Мирлан Байгөнчөков, мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы экономика министри Темир Сариев, экономика министринин мурдагы орун басары Санжар Муканбетов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин аты да аталган. Ошондой эле “Улуттук энергохолдинг”, “Электр станциялары” ишканаларынын жетекчилеринин аты-жөнү белгиленген.

Бул тизмеге киргендерден ушул күнгө чейин “Энергохолдингдин” мурдагы башчысы Айбек Калиев, Жалал-Абаддын экс-мэри Салайдин Авазов, "Электр станцияларынын" башчысы жана орун басарлары УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Бирок ага карабай "ЖЭБди оңдоодогу акчанын максатсыз иштетилишине негизги күнөөлүүлөр жоопко тартылбай жатат" ден сынга алгандар да чыгып жатат. Мындан сырткары, "Жалпы коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатса, анда эмне үчүн бажы жана башка тармактардагы коррупцияга аралашкандар камакка алынбайт?” деп суроо салгандар да бар.

Жарандык активист Бурул Усманалиева буга байланыштуу башка да бир топ адамдардын аттарын атады:

Бурул Усманалиева.
Бурул Усманалиева.

- Буларды камоо саясий куугунтукпу же чындап эле коррупция менен күрөшпү - так биле албай жатабыз. Бул кылмыш иштери, камоо бир чети үмүт берип, "бийлик чечкиндүү кадамга барат экен" деген ойлорду да жаратты. Бирок мындан ары эмне болот? Күнөөлүүлөр толук жазасын алабы? Мына ушуга жооптуу эл күтөт. Бул ишке аралашкандарды, алардын артында тургандарды да камабаса, анда эл президентке деле ишенбей калышы мүмкүн. Маселен, ЖЭБди оңдоо экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү тескеген долбоор болсо - анда анын өзүнө чара көрө алабы? Элдин сөзүндө "коррупцияга көп аралашкан" деп айтылган, “шоопур” наамы бар Икрам Илмияновду же "бажыдагы коррупцияга тиешеси бар" деп айтылган Раим Матраимовду жоопко тарта алабы? Ушулардын баарына чара көрсө - анда президент Жээнбеков коррупцияга малынган өзүнүн жакын-санаалаштарын камаган Сингапурдун премьер-министри Ли Куан Ю сыяктуу тарыхта реформатор саясатчы катары калат. Антпесе президентке элдин ишеними кетет.

Быйыл январдагы катуу суукта Бишкек Жылуулук электр борбору аварияга кабылып, абоненттерге бир жума бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган ишканага карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган.

Мындан сырткары, Кыргызстанда коррупцияга байланыштуу Бишкектеги Улуттук тарых музейин оңдоого жумшалган акча, Чолпон-Атадагы ипподромду куруудагы каражаттын иштетилиши, бажыдагы 166 миллион сомдун кымырылышы, баш калаадагы тогуз миң сомдук көчөттөрдү сатып алуу жана борбордо жер тилкелеринин берилиши боюнча иштер козголгон.

"Азаттыктын" "Эсперттер талдайт" берүүсү да ушул маселени талкуулады:

Камалган үзөңгүлөштөр: кезек кимде?
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:45 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG