Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 11:22

Жогорку Кеңеште Бишкек жылуулук электр борбору боюнча талкуу аяктады. Анда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго укуктук баа берүү жана экс-президенттен кол тийбестик макамын алуу жолдорун караштырууну камтыган токтом кабыл алынды. Өз кезегинде аталган жетекчилер парламентти "саясий куугунтукка" жол бербөөгө чакырып, айтылган айыптоолорду четке кагууда.

ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун парламент үч күн талкуулады. Кызуу талаш, айыптоо менен коштолгон талкуу соңунда атайын токтом кабыл алынды.

Токтомдо депутаттык комиссиянын корутундусун эске алуу менен президентке жөнөтүү, ЖЭБди оңдоо боюнча келишимди даярдаган жана кабыл алууга катышкан жетекчилердин иш-аракетине укуктук баа берүү камтылган.

Токтомдун аткарылышы боюнча Башкы прокуратура, УКМК жана Эсеп палатасы үч ай ичинде парламентке маалымат бериши керек.

Буга кошумча токтомго айрым депутаттар өз сунушун киргизип, парламент аны колдоого алды. Маселен, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси Айбек Калиевге укуктук баа берүү маселесин өзүнчө бөлүп алууну сунуштады.

Иманалиевдин жүйөсүндө, Исаковдун Бишкек Жылуулук электр борборунан сырткары Датка-Кемин, Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу, кытайлык “China Road”, “Huawei” компаниясына тиешеси бар-жогу текшерилиши керек.

- Кандай чечим кабыл алуу керек? Биринчиден, Сапар Исаковдун кылмышка шектүү экени өзүнчө белгиленип көрсөтүлүшү зарыл. Келишимге кол койгон Авазов менен Калиев жазаланды. Эмне үчүн негизги шектүү жазаланбайт?

Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиевдин сунушу менен экс-президент оор кылмышка шектелсе, кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү да токтомдо камтылды.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин “Экс- президенттер оор жана өтө оор кылмышка шектелген учурда алардын кол тийбестигин алуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу” сунушун токтомго кошууга 87 депутат макул деп, 14ү каршы добуш беришти.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин “Экс- президенттер оор жана өтө оор кылмышка шектелген учурда алардын кол тийбестигин алуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу” сунушун токтомго кошууга 87 депутат макул деп, 14ү каршы добуш беришти.

Буга чейин Масалиев Бишкек жылуулук электр борборун оңдоо үчүн кытайлык ТВЕА компаниясын тандаган учурда чарбалык маселеге кийлигишкен деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамын алуу демилгесин көтөргөн:

- Мамлекетти ким башкарганы ачык көрүнүп жатат. Башкарган киши мамлекетти бийлеген. Президент премьер-министрдин башын аттап түзмө-түз министрге буйрук бергени мыйзамга туура келбейт. Бул Конституцияны бузуу деген сөз. Мыйзамды өзгөртүү керек. Иштеп жаткан президентти импичмент аркылуу жоопко тартса болот экен. Депутатты да тартса болот. Экс-президентти эч ким тарта албайт экен да. "Кыргызстанда бир гана адам эч нерсеге жооп бербейт" деген Конституцияга да туура келбейт. Анын биринчи беренесинде “мыйзам алдында баары тең” деп жазылган.

​Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков болсо депутаттык иликтөөнүн жыйынтыгы акыйкат талданышы керектигин, "саясий куугунтукка" жол бербөө зарылдыгын белгиледи.

Ал экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бирге иштеген жылдары мамлекеттин кызыкчылыктары гана корголгонун айтууда:

- 2010-жылдан баштап биз Алмаз Шаршенович менен чогуу бир команда болуп алдыга бир нече максат койгонбуз. Ал максаттардын ичинде “Датка-Кемин”, ЖЭБ, Түштүк-Түндүк жолу боюнча долбоорлор бар. Темир жол долбооруна үлгүрбөй калдык. Бирок мен чын дилимден айткым келет – биз жасаган иштер, кадамдар ак болчу. Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кайсы гана маселе талкууланбасын, өзүбүздүн мамлекеттик кызыкчылыктарга таянганбыз.

​Быйыл январь айында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, борбор калаа бир жумадай жылуулуксуз калган. Бул окуя алты ай мурда Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыяга оңдолду деп айтылган ЖЭБге карата суроолорду жараткан.

Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүлүп, үч айдан ашык иликтөө жүрдү. Анын соңунда Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка кышка даярдыктын начар жүргөнү жана тиешелүү жетекчилердин шалаакылыгы себеп болгон деген тыянак чыккан.

Ал эми борборду модернизациялоо боюнча Кытайдан насыя алууда Кыргызстандын кызыкчылыгы толугу менен корголгон эмес деп, бул ишке катышкан 30га жакын жетекчинин тизмесин түзгөн.

Алардын сап башында мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков турду. Парламентте үч күнгө созулган талкуу жүрүшүндө дал ушул эки премьерге карата сын айтылып, суроолор жаап жатты.

Маселен, Жантөрө Сатыбалдиевге "Бишкек ЖЭБин оңдоо үчүн Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыяны алууда EPS деп аталган келишим эмне үчүн түзүлгөн" деген суроо берилди.

Себеби, бул келишимге ылайык, кытайлык ТВЕА компаниясы борборду оңдоо боюнча долбоорду иштеп чыккан. Жабдыктарды сатып алып, курулушту жүргүзгөн. Кыргыз тарап ага кийлигишкен эмес.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров мындай келишимди түзүү туура эмес болгонун билдирди:

- Техника-экономикалык жагынан бир топ маселе көтөрүлдү. Жантөрө Жолдошевич бул келишимди көрүп, мындай болбошу керек деп айтты. Насыя алууда ЕРS деген келишимге кол коюлганы белгилүү болуп жатат.

Ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев келишимди Энергетика министрлиги иштеп чыкканын билдирген. Ал ошондой эле мыйзам бузбаганын айтып, өкмөткө бардык күнөөнү артуу туура эмес экенин белгиледи:

- Техника-экономикалык негиздемеси, долбоору жок деп айтып жатышат. Долбоор жок болчу, бирок техника-экономикалык негиздемеси менин алдымда турат. Эгер ал жок болсо, мени да алдаган болот. Депутаттарды алдагандай, өкмөт башчысы катары мени да алдаган болушу мүмкүн. Ошондуктан, муну укук коргоо органдары териштирип, карап чыгышсын.

Парламенттеги талкууда көңүл бурулган жагдай Бишкек ЖЭБин модернизациялаган ТВЕА компаниясы кандай негизде тандалып алынган деген суроо болду. Бул долбоорду аткарууга төрт компанияга сунуш берилип, анын экөө кытайлык ишкана болгон.

Дал ушул маселеде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сапар Исаковдун дарегине дооматтар айтылды.

Себеби, Исаковдун бул багытта президентке жазган кызматтык каты жана Кытайдын соода өкүлүн бир нече ирет кабыл алганынан депутаттар шек санады.

Сапар Исаков
Сапар Исаков

Сапар Исаков мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарынын негизинде гана иш жүргүзгөнүн билдирди:

- Биздин жумушубуз - эл аралык өкүлдөр, элчилер менен жолугуу. Ким жолугушууну суранса, аларды кабыл алып, президентке тиешелүү маалымат беребиз. Иманалиев мага “Исаков коррупционер, бүт баарын жасаган” деп доомат артып жатат. Бирок айыптоо үчүн фактылар керек. Мен баарына жооп берүүгө даярмын. Мен эч качан коррупцияга малынган эмесмин жана малынбайм.

Ошентип, коомчулуктун көңүл борборунда турган Бишкек жылуулук электр борбору боюнча маселе талкууланып бүттү. Эми бул ишти укук коргоо органдары иликтеп, баа бериши керек.

Буга чейин Бишкек Жылуулук электр борбору боюнча төрт кылмыш иши козголгон. Улуттук Энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев баш болгон энергетика тармагындагы бир катар жетекчилер камакка алынган.

Парламенттин ЖЭБ боюнча 16-майдагы талкуусу
Депутат: Жыйынга Атамбаев менен Жээнбековду да чакыргыла
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:53 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG