Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

ЖК Сапар Исаковго ЖЭБ боюнча укуктук баа берүүгө макул болду


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Парламент ЖЭБ чуусуна байланыштуу мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго укуктук баа берүү сунушун колдоду. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин бул сунушун Жогорку Кеңештин токтомуна кошууга 96 депутат “макул”, 3 депутат “каршы” деп добуш беришти. Ошондой эле токтомго айрым депутаттар өз сунуштарын киргизип, парламент депутаттары колдоого алды.

Каныбек Иманалиев мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен кошо "Улуттук Энергохолдингдин" мурдагы жетекчиси Айбек Калиевге да укуктук баа берүү сунушун киргизди. Иманалиевдин жүйөсүндө, Исаковдун Бишкек Жылуулук борборунан сырткары Датка-Кемин, Түндүк-түштүк жолу, кытайлык “China Road”, “Huawei” компаниясына тиешеси текшерилиши керек.

ЖЭБди модернизациялоо келишимин түзүү боюнча Исаковдун жоопкерчилиги каралышы керек экенин Иманалиев 16-майда айткан.

Иманалиев Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда Кытайдын соода өкүлүн 18 жолу кабыл алганын, мындай байланыш ар кыл күмөн ойлорго түртөрүн белгилеп, депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча парламент токтомуна Исаковдун жоопкерчилигин кароо маселесин киргизүүнү сунуш кылган.

- Кандай чечим кабыл алышыбыз керек? Биринчиден, Сапар Исаковдун кылмышка шектүү экени өзүнчө белгиленип көрсөтүлүшү зарыл. Келишимге кол койгон Авазов менен Калиев жазаланды. Эмне үчүн негизги шектүү жазаланбайт? Экинчиден, бизде эл аралык келишимдер боюнча өкмөт гана демилге көтөрөт, ага өзгөртүү киргизүүгө депутаттардын укугу жок, - деп айткан Иманалиев.

Депутаттын сынына Сапар Исаков жооп кайтарып, анын айтканын четке каккан жана “коррупцияга эч качан аралашпаганын" билдирген:

- Биздин жумушубуз - эл аралык өкүлдөр, элчилер менен жолугуу. Ким жолугушууну суранса, аларды кабыл алып, президентке тиешелүү маалымат беребиз. Иманалиев мага “Исаков коррупционер, бүт баарын жасаган” деп доомат артып жатат. Бирок айыптоо үчүн фактылар керек. Мен баарына жооп берүүгө даярмын. Мен эч качан коррупцияга малынган эмесмин жана малынбайм.

Жогорку Кеңеш үч күндөн бери ЖЭБдеги авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап, аны негиз кылып токтом кабыл алды. Токтомго жыйынга катышкан 106 депутат “макул” деген добуш берди, каршылар болгон жок.

Токтомдо “Депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын жана президентке жөнөтүлсүн. ЖЭБ боюнча келишимди даярдаган, иштеп чыккан жана мамлекеттик кабыл алууга катышкан кызматкерлердин иш-аракетине укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлсүн. Башкы прокуратура, УКМК жана Эсеп палатасы үч айлык мөөнөт ичинде Жогорку Кеңешке маалымат берсин” деп жазылды.

Бир нече депутат токтомго кошумча сунуш киргизди.

Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана башка жетекчилер жооп берди. Комиссия 30га жакын аткаминердин фамилиясы жазылган корутунду чыгарган болчу.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

"Аварияга жана жемкорлукка айыптуу" деген тарап күнөөсү жок экенин, Кытай тарап менен келишим мыйзам чегинде иштелип чыгып, кабыл алынганын айтууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG