Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Артыкбаевге келген оомат жана доомат


Осмонбек Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш ишин козгоп, аны камакка алды.

Башкы көзөмөл органы бүгүн тараткан маалыматта 2012-2013-жылы "Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруу үчүн "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна төрт компаниядан сунуш келгени аныкталганы айтылат.

Туура бир ай мурда "Азаттык" КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев тууралуу кенен макала жазган. Соңку окуяларга байланыштуу ошол макаланы окурмандарыбызга кайрадан сунуштоону туура көрдүк.

Ишкерликтен саясатка

Осмонбек Артыкбаев Кыргызстандын эгемендигинин алгачкы жылдарында эле ишкерлик жолго түшкөн. Алгач "Скорпион" деген жол курулуш фирмасын беш жыл башкарган. Андан кийин азыр өлкөдөгү эң ири дарыкана тармагына айланган "Неман" фирмасын түптөгөн.

Артыкбаев саясатка 2005-жылдан тартып аралашкан. Ошол жылы февраль айында бир палаталуу Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо Жалал-Абад облусунун Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынан утуп келген. Адегенде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди жана анын саясатын сындаган депутат катары таанылган. Ал тургай ошол учурдагы саясий санаалаш-пикирлеши Алмазбек Атамбаев президент Курманбек Бакиевдин сунушу менен премьер-министр болуп дайындалганда буга каршы пикирин айткан жана вице-премьер-министр кызматын сунуш кылганда барбай койгону белгилүү.

Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Осмонбек Артыкбаев алгач Темир Сариевдин "Ак шумкар" партиясына кирген. Бирок 2007-жылы парламенттик шайлоонун так алдында бул партиядан чыгып кеткен. Ал партия муну "бийликтин кысымы" менен түшүндүргөн.

2007-жылдагы шайлоого Осмонбек Артыкбаев Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясы менен катышкан жана тизмеде үчүнчү орунда турган. Ал чакырылышта КСДПга 11 мандат тийген. Анын фракциялашы Жусупжан Жээнбеков партиянын тизмесин түзүү, шайлоо жараянын мындайча эстеди:

- Алмазбек Атамбаев аймак-аймак кылып карап, акчасы барларды, элге таанымал адамдарды чогулткан. Исаны (Өмүркулов), азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы, аяш иниси Асылбек Жээнбековду, Роза Отунбаеваны тарткан. Ошол учурда бийликте отурган. Маңдайына жазылган экен, бийликке жеттик. КСДПнын адамдары ошол бийликке жеткирдик. Ал шайлоодо Кара-Суудан баштап, Ала-Бука, Чаткалга чейин Бакыт Бешимов экөөбүз бир тыйын акчабыз жок, унаага майды карызга алып жүрүп, кыдырганбыз. Ошол учурда Осмонбек Артыкбаевдин колунда бар эле. Аны менен ошол учурда Таш-Көмүрдө таанышкам. Ал Таш-Көмүрдө, Аксыда, Токтогулда жүргөн. Карасам колунда бар жигит экен. "Барга көппөйт, жокко чөкпөйт" дейт го. Жокто кандай экенин билбейм, бирок барга көппөгөн, адамгерчиликтүү, сабаттуу жигит экенин байкагам.

Дары-дармектен кымырылган миллиондор

Дары-дармектен кымырылган миллиондор

Мамлекеттен дарыга жана медициналык аспаптарды сатып алууга бөлүнгөн ири суммадагы акчаны кымырып алуу фактысынын бети ачылды.

Осмонбек Артыкбаев 2009-жылы май айында мандатын күтүүсүздөн өз эрки менен өткөрүп берген жана биротоло ишкердик кыларын айткан. Анын алдында Башкы прокуратура Осмонбек Артыкбаев түптөгөн, бир тууганы Султан Артыкбаев жетектеген "Неман-фарм" ишканасында "ири өлчөмдө салык жашырылган" деген айып менен ишкананын жетекчисине жана анын башкы бухгалтерине кылмыш ишин козгогон болчу. Артыкбаевдин саясаттагы үзөңгүлөштөрү муну "саясий куугунтук" деп айтып чыгышкан.

2010-жылы бийлик күч менен алмашып, "техникалык өкмөт" түзүлгөндө Осмонбек Артыкбаев энергетика министри болгон. "Техникалык өкмөттү" башкарган Амангелди Муралиев катаал шартта иштегенин кеп салды:

- Ошол кезде энергетика тармагына, кышка даярдык маселелерине көп көңүл бургам. Саясат туруксуз болуп турган кез эле. "Республиканы кышка даярдаш керек" деп аябай көңүл бургам. Мен ошол кезге чейин да өкмөттө бир топ иштегем да. Энергетика тармагында иштеген бир топ адистерди, жетекчилерди таанычумун. Ушундан улам Артыкбаев менен көп иштеген жокмун. Күнүмдүк маселелерди энергетика тармагындагы жетекчилер менен чечип жаттым. Түздөн-түз иштедим. Анткени убакыт тар болчу. Анда заман башкача эле, маселелерди тез чечиш керек эле. Ошондуктан мен министр менен эмес, адистердин өзү менен түздөн-түз иштөө ыкмасына өткөнмүн. Мен анын адамгерчиликтүү, кишичиликтүү сапатын баалайм.

Кытайга баргандардын арасында болгон

Осмонбек Артыкбаев 2011-2012-жылдары "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасын башкарган. 2012-2013-жылдары өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны жетектеген. 2013-2014-жылдары кайрадан энергетика жана өнөр жай министри болгон.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

Жарандык активист Адил Турдукуловдун пикиринде, Артыкбаев өзү тейлеген тармактарында адис эместигин көрсөттү:

- Апрель ыңкылабынан кийин ал Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынын бири болуп калды. Ал кезде Атамбаевди Артыкбаев эле эмес, андан башка деле олигархтар айланчыктап калган. Фармацевтикалык ишканасынын жетекчисин энергетика тармагын тейлегенге алып келгени коомчулукка түшүнүксүз болгон. Анткени "кесипкөй эмес адамдын ал жакка келиши жакшы жыйынтык алып келбейт" деген божомолдор айтылган. Ал тармак ого бетер карызга батып, системалуу маселелер чечилген жок. Муну ЖЭБ маселеси деле көрсөттү. Артыкбаев министр болуп турганда "Кыргызгаз" бир долларга сатылып кеткен.

ЖЭБ демекчи, Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусунда "жоопкерчилиги каралсын" деген адамдардын арасында Осмонбек Артыкбаев да бар. ЖЭБди оңдогон кытайлык TBEA компаниясы Жогорку Кеңештин депутаттарын, энергетика тармагында иштеген аткаминерлерди, адистерди Кытайга эки жолу алып барып келгени маалым болду. Осмонбек Артыкбаев экинчи делегациянын курамына киргенин айтып, Кытайга барып келүү өкмөттүн тапшырмасы болгонун билдирген:

- Атайын делегация менен Үрүмчүгө барганбыз. Ал жерде компаниянын чоң кеңсесинде директорлор кеңешинин төрагасы баштаган жетекчилер менен жыйын болду, ишканалары менен тааныштык. Компаниянын иштери ар тараптуу экен. Булар өтө чоң көлөмдөгү, он чакты миллиард тоннадай көмүр өндүрөт. Кытайдын көмүрүнүн 36 пайызы Шинжаңда. Анын көпчүлүгүн ушул компания казат экен. Анан сырткары булар эң чоң трансформаторлорду чыгарат. Андан кийин биз кичинекей райондорун кыдырып, ЖЭБдеринин баарын көрүп чыктык. Гуанчжоу деген шаарына бардык. Ал жактагы заводдорду кыдырдык. Компаниянын жетекчилиги, өкүлдөрү коштоп жүрдү, делегация абдан ыраазы болду.

ЖЭБ: ТВЕАнын "сыйы"
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Артыкбаев "келишим түзүлүп жатканда кыргыз тараптын кызыкчылыгы жакшы корголбой калган" деген дооматтарды четке кагып жүрөт. Корогон каражат боюнча талаш-тартышты такташ үчүн ал эл аралык эксперттерге кайрылууну да сунуш кылган:

- Мүмкүн сиздер эл аралык эксперттик топту жалдасаңыздар, алар: "Баасы чын эле арзан болгонбу же кымбат болгонбу?" деп иликтеп, талдап карап чыкса болот да. Депутаттык комиссия ушундай иш кылса жакшы болот эле. Кытай өкмөтү жеңилдетилген насыя берип жатса, бул биздин мамлекетке карата жасаган оң саясаттын негизинде, биздин өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын чечип жаткан маселе. Эгерде ошол жерде бүдөмүк ой болсо, сиздер Кытай мамлекетине кайрылып, анын жагдайын сурап көрбөйсүздөрбү?

Анткен менен парламенттин ичинде "Осмонбек Артыкбаевдин да жоопкерчилиги каралышы керек" деген пикирдеги депутаттар да бар. Алардын бири - Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев:

- Мен ага ийгиликтүү ишкер деп баа бере алам. Депутат катары өз милдетин аткарып жатат, аракет кылып жатат. Бирок анын аткаруу бийлигиндеги ишине байланыштуу менде сын пикир бар. ЖЭБ боюнча ызы-чууда бул кишинин салымы анча жакшы эмес. Ошондо Кыргызстандын кызыкчылыгын жакшыраак коргоп, модернизациялоо долбоору ийгиликтүү болгондо абдан жакшы болот эле. Ал жерде маселе бар. "Модернизация кылабыз" деген ой-ниет жакшы эле болчу. Кырсык болбогондо абал билинбей калмак экен. Эгер мен министр болгонумда андай келишимге барбайт элем. Ал Жогорку Кеңешке келип алып: "Ушул модернизация бүтсө 30-50 жыл жылуулуктан кем болбойбуз" деп айткан. Ал "модернизация болсо 300 мегаваттка көбөйөт, жылуулуккка чоң деле таасир этпейт" деп айтышы керек болчу. Ошондой божомолдорду көп айткан.

58 жаштагы Осмонбек Артыкбаев - КРнын эмгек сиңирген куруучусу, экономика илимдеринин кандидаты. Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кетээрде аны "Даңк" медалы менен сыйлаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG