Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 19:16

Жогорку Кеңеш Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулады.

Комиссия "Жылуулук электр борборуна Кытайдан насыя алган кезде кыргыз бийлиги өлкө кызыкчылыгын эске алган эмес" деген жыйынтыкка келген.

10-майда өткөн жыйын кызуу талкуу менен коштолуп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик статусун алуу демилгеси да көтөрүлдү. Мурдагы президенттин парламенттеги партиялаштары мындай демилгеге каршы чыккан жок.

"Кыргызстандын кызыкчылыгы унутта калган"

Төрт айдан бери коомчулуктун көңүл чордонунда турган Бишкек жылуулук электр борбору боюнча жыйынга мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиев менен мурдагы жана учурдагы жетекчилер да катышты.

ЖЭБ боюнча депутаттык комиссия иликтөө корутундусун экиге бөлгөн. Биринчисинде - быйыл январдагы өндүрүштүк кырсыктын себептери жана сунуштар камтылса, экинчисинде - Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыянын чоо-жайы иликтенген.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примовдун айтымында, өндүрүштүк кырсыкка өкмөттүн кышка жакшы даярдык көрбөгөнү жана тиешелүү жетекчилердин шалаакылыгы себеп болгон:

- Өлкөнүн кышка карата даярдык иштери өз убагында, талапка ылайык жүрбөгөнү, Электр станциялар ишканасынын, Бишкек ЖЭБдин жетекчилеринин шалаакылыгы, жоопкерчиликсиз мамилеси себеп болгону айдан-ачык, - деди Примов.

Буга байланыштуу депутаттык комиссия энергетика тармагындагы жетекчилердин жоопкерчилигин карап, бул жаатта терең өзгөртүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштаган.

Депкомиссия кырсыкка кышка даярдык начар болгонун негиз катары көрсөткөнү менен бул ишке жооптуу өкмөт жетекчилеринин жоопкерчилигин көрсөткөн эмес. Былтыр кышка даярдык эки премьер-министр: Сооронбай Жээнбеков жана Сапар Исаковдун тушунда жүргүзүлгөн.

Анткен менен Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган 386 миллион доллар насыя боюнча мурдагы жетекчилердин аты аталды. Анын сап башында мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөттүн мүчөлөрү жана ошол кезде президенттик аппаратта иштеген бөлүм башчылар Сапар Исаков, Нурсулуу Ахмедова турат.

Депутаттык комиссия иликтөөсүндө "Кытайдан насыя алынган кезде Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбой калган" деген бүтүмгө келгенин комиссиянын төрагасы Улан Примов билдирди:

- Жалпылап айтканда, ТВЕА компаниясын модернизацияны ишке ашыруу боюнча жалгыз тарап кылып, Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алуу боюнча келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыгын толук кандуу эске алган эмес. Ошол кездеги өкмөт башчысы жана өкмөт мүчөлөрү келишимди карап чыгууда, корутунду берүүдө жана инвестор, ишке ашыруучулар менен иштешүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого жетиштүү көңүл бурбаган.

Депутаттык комиссиянын төрагасы мындай келишимге кол койгон адамдар катары ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин, мурдагы финансы министри Ольга Лаврованын атын атады.

Ошондой эле Примов кыргыз өкмөтү Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого насыя алуу боюнча келишим түзүүдө бир катар сунуштарды эске албаганын кошумчалады.

Ал ошол кездеги экономика министри Темир Сариевдин "ЖЭБди оңдой турган компанияны тендердин негизинде тандаш керек. ТВЕА буга чейин "Датка-Кемин" долбоорун ишке ашырган, эгер ал тандалса, күмөн саноого себеп болушу мүмкүн" деп айткан пикирин мисал келтирди.

Мындай өзгөчө пикирди ал кездеги финансы министринин орун басары Арзыбек Кожошев менен тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов да билдирип, бул долбоор өлкө эгемендигине доо кетириши мүмкүн экенин белгилешкен.

Жантөрө Сатыбалдиев
Жантөрө Сатыбалдиев

Бирок депкомиссиянын "өлкө кызыкчылыгы эске алынбай калган" деген бүтүмүнө мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев макул эмес. Анын айтымында, насыя бардык мыйзамдарды сактоо менен ошол кездеги кырдаалды жөнгө салуу үчүн алынган:

- Биз Кытайдан алган насыя “туташ (связанный) деп аталат. Алар шарттарын дароо коюп берген. "Биздин ишкана, биздин товар жана биздин кызмат көрсөтүү болот" деген шарт койгон. Болбосо, албай эле койгула деген. Өкмөттө регламент сектору бар. Мына ушул сектор бардык мыйзамдарга жооп берет деген соң гана кол коюлган.

ЖЭБ чуусу: жоопкерчилик кимде?
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:30 0:00

​Парламент жыйынынын жүрүшүндө депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев кошумча баяндама менен чыгып, түзүлгөн кырдаал үчүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жоопкерчилигин эске салды. Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик статусту алууну сунуштады.

- Акыркы күндөрү бизге маалымат жетти. 2013-жылдын май айында модернизация боюнча президенттик аппараттын эки бөлүмүнүн башчылары Сапар Исаков менен Айсулуу Ахмедова (Нурсулуу Ахмедова-ред.) президенттин атына кызматтык кат жөнөткөн. 390 миллион доллар кредит алуу керек деп. Президент түзмө-түз каржы жана энергетика министрлерине аны аткаруу тууралуу тапшырма берип жатат. Бул чоң ката. Кыргызстанда жаш баладан тартып улгайгандарга чейин ушунча көлөмдөгү кредит президентсиз чечилбей турганын билишет. Бирок Конституцияда президенттин андай укугу жок. Министрлерге буйрук бере турган укугу болгон эмес. Бул жерде президент өз укугунан ашып түшкөн. Президент өзү буйрук берип жатса, кайсы министр каршы пикир айта алат? Кантип талкуулайт? Баарыбыз билебиз эч ким сөз да айта албайт. Айрыкча бул "эл аралык мамилеге таасир берет, Кытай менен достук бузулат" дегенден кийин баарыбыздын тилибиз кыска болуп калат. Буга президенттин аралашканы, буйрук бергенинен кылмыштын белгиси көрүнүп турат. Узурпация деген сөз бар. Өзүнүн кызматына ылайыктуу эмес укуктарды өзүнө алып алуу деп эсептелинет. Ошол боюнча тиешелүү органдар карап чыкса, кызык нерселер табылышы мүмкүн. Корутундуда бир топ аттар жазылып турат. Мамлекеттик кызматкерлер, депутаттардын фамилиялары жүрөт. Мен мурдагы президент Атамбаев Алмаз Шаршеновичтен кол тийбестикти алуу тууралуу сунуш берем. Ал киши мыйзам алдында "баары тең" деп бир топ жолу айткан. Керек болсо "мен да жооп берем" деген. Биз укук коргоо органдарына мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Ак болсо ак, кара болсо жоопко тартылышы керек. Башатын тапсак, төрдө отурган премьер-министрлердин баары "бизге буйрук берген эле, унчукпай койгонбуз" деп айтышат. Алты жылда жети премьер болсо алардын кайсынысынан сурайбыз? Негизи туура эмес кадам менен кетип баратабыз. Менин сунушум, мурунку президенттин кол тийбестигин алуу керек.

Парламентте Атамбаев учурда жетектеген Социал-демократтар фракциясынын депутаттары Масалиевдин мындай кескин демилгесине жооп кайтарган жок. Жалгыз гана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча түз тапшырма бербегенин билдирди:

- Алмазбек Атамбаев түз тапшырма берген эмес, "карап көргүлө" деп жатат. Ошондуктан Масалиев алдабасын, жалаа жаппасын. Экинчиден, биз президентке бардык компаниялар туурасында маалымат берип, кат жибергенбиз. Биз тигил же бул компанияны "лобби" кылган жокпуз. Элдин башын айлантпагыла.

Убагында айтылбаган сөз карып...

Бишкек ЖЭБин талкуулаган жыйында бийлик дарегине КСДПнын депутаттары да сын айтты. Маселен, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кожобек Рыспаев ушундай кемчиликтер Атамбаев башкарып турган учурда бүтүп, ишке берилген "Датка-Кемин" долбоорунда болушу мүмкүн экенин эскертип, аны текшерүүнү сунуштады:

Кожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев

- Аскарбек Шадиевдин бухгалтери ТВЕА компаниясынын бухгалтери болуп чыгып жатат. Калп эмес. Эмне себептен мындай болуп калат? Бул шек жаратпайбы? Ушул эле комиссияга "Датка-Кемин" долбоорун да иликтөө үчүн бериш керек. Аягына чейин иликтеп чыгуу зарыл. Бир чакырым чубалгы 640 миң долларга бааланып жатат. Мунун баары насыя, кайтарып бериш керек. Эмне үчүн биз бул жөнүндө унчукпайбыз?

Бийликчил депутаттардын мындай активдүүлүгүн депутат Жанар Акаев “Ак үйдүн жетинчи кабатынан” буйрук келбей калганы менен түшүндүрдү. Ал бардык кемчиликтер үчүн өкмөт айыпталып жатканы менен депутаттардын жана башка жетекчилердин да жоопкерчилиги бар экенин эскертти:

- Бийлик алмашкандан кийин эр жүрөктөр көбөйөт. Биздин эң чоң трагедиябыз ушул. Учурда өкмөттүн мурдагы башчыларына “Эмнеге Атамбаевге каяша айткан эмессиңер!?” деп жатабыз. Убагында антип айткандар аз болгон. Атамбаевден эмне талап, эмне сунуш болсо парламент аткарып турган, - деди Акаев.

ЖЭБдеги кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия үч айдан ашуун убакыт иштеп, 8-майда корутундуну кабыл алган.

ЖЭБ: 600 долларлык аттиштердин икаясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:34 0:00

ЖЭБди модернизациялоо боюнча Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ишти аткаруучу болуп кытайлык ТBЕА компаниясы дайындалган. Жылуулук электр борборун оңдоо иштери былтыр күзүндө толугу менен бүткөрүлгөн эле. Бирок быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учураганда Бишкек шаары бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жерлери жарыксыз калган болчу.

Бул кырсыкка байланыштуу кылмыш иши козголуп, "Улуттук энергехолдингдин" башчысы Айбек Калиев баш болгон бир нече жетекчи камакка алынган.

Депкомиссиянын корутундусунда "Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана ага кол койду" деп айтылган жетекчилердин ишине укуктук баа берүү тууралуу сунуш бар. Бул тизмеге 30га жакын адам кирген.

Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, финансы министринин азыркы орун басары Мирлан Байгөнчөков, мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы экономика министри Темир Сариев, экономика министринин мурдагы орун басары Санжар Муканбетов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, “Улуттук энергохолдингдин” жана Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, Экотехинспекциянын башчысы Канатбек Муратбеков, Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы директору Турдубек Мамбетов, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директорлору Салайдин Авазов, Абдылда Исраилов, Таалайбек Толубаев, Узак Кыдырбаев, Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу жана учурдагы директору Андрей Воропаев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы комитетинин учурдагы башчысы Улан Рыскулов жана башка бир катар жетекчи кызматкерлер бар.

ЖЭБ чатагы коррупциянын изин ачабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:53 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG