Линктер

жекшемби, 20-май, 2018 Бишкек убактысы 21:44

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Бишкек Жылуулук электр борборунда январь айында болгон кырсыкты жана аны модернизациялоого Кытайдан алынган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген комиссиянын корутундусу толугу менен даяр болду.

Депутаттар даярдаган документте ЖЭБге алынган насыяны сарамжалсыз пайдаланган жана авариянын келип чыгышына себепкер болгон жетекчилердин ишине саясий баа берүү маселеси козголот.

Бирок айрым комиссия мүчөлөрү стратегиялык ишкананы модернизациялоого жоопкерчиликтүү жетекчилердин ысымдары ачык айтылбаганын жүйө келтирип, корутундуга кол коюдан баш тартты.

Комиссиянын төрагасы, КСДП фракциясынын мүчөсү Улан Примов Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссия “саясий орган” экенин баса белгилеп, “биз жөн гана саясий баа беребиз” деп тактады.

Үч ай жүргөн иликтөөнүн жыйынтыгында “ЖЭБди оңдоодогу жана авариялык кырдаалга алып келген кемчиликтерди көрсөтүү менен бирге тиешелүү атайын кызматтарга кырсыкка себепкер болгон жана модернизациялоодо коррупциялык көрүнүштөргө жол берген жетекчилерди жазага тартууга” тапшырма беришет.

Айрым комиссия мүчөлөрү кошумча маалыматы бар экенин айтып, комиссиянын корутундусуна кол коюдан баш тарткан. "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Алмазбек Токторов комиссиянын тыянагы “ЖЭБдеги кырдаалга айыптуу жетекчилерди актагандай болуп калгандыктан”, ага кол коюдан баш тарткан.

"Анан карап көрсөм, тыянак кайра жетекчилерди актагандай болуп калыптыр. Ошондуктан мен документке кол койгон жокмун, баш тарттым. Корутундунун "акыркы вариантын бергиле” десем, созуп жүрүп, кечээ беришти", - деген депутат документке жети-сегиз кошумча сунуш-пикир киргизилбей калганын билдирди.

Токторовдун оюнча, "жоопкерчиликтүү" деген жетекчилерге кытайлык ТВЕА компаниясы менен келишимге кол коюлган маалдагы премьер-министрдин жана ошол кездеги тармактык министрликтердин башчыларынын аттары жазылбай калган.

ЖЭБ: ТВЕАнын "сыйы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Иликтөөнүн жыйынтыгына макул болбогон депутаттардын дагы бирөө "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Акылбек Жамангулов “конкреттүү адамдардын фамилиялары” толук жазылышы керек деген жүйөнү карманат. “Мен үч-төрт сунуш бергем, алар эске алынса кол коём" деп жооп берди “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна.

Буга чейин Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу жана кырсыкка “күнөөлүү жетекчилерди” аныктап, алардын аты-жөнүн корутундуга ачык көрсөтүү боюнча комиссия мүчөлөрү талашып-тартышып жатканы айтылган.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Сайдулла Нышанов иликтөөнүн корутундусуна “жоопкерчиликтүү” деп эки жетекчинин аты-жөнү көрсөтүлгөнүн “Азаттык” радиосуна берген комментарийинде айтты.

Сайдулла Нышанов
Сайдулла Нышанов

“Ошол мезгилдеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин аты жазылды. Биз жөн эле атын атап койбой, ал кол койгон келишимди кошо тиркедик. Баары башталганда ал киши кол койгондуктан иш жүзүндө ал жоопкерчиликтүү болот да. Экинчиси - биздин коллегабыз, ошол мезгилдеги министр Осмонбек Артыкбаев” – деген Нышанов коомчулук бул ишке жоопкерчиликтүү “чоң төбөлдөрдүн” эмне үчүн буга жол бергенин билгиси келээрине токтолду.

Эл өкүлү Сайдулла Нышанов комиссия эмне себептен мындай тыянакка келгенин да чечмелеп берди.

- Келишимдин бир эле жерине токтолсом, "386 миллион долларга байланыштуу талаш-тартыш Кытайдын мыйзамы менен каралат" деп турат. Бул деген сот Кытайда карайт деген сөз. Объект Кыргызстанда 386 миллион долларга курулуп жатса, эмне үчүн Кыргызстандын мыйзамы менен каралбайт деген суроо депутаттардын баарын кызыктырды. Мындай жерлер көп. Ошондой эле башында орусча келишимге кол коёбуз дешсе, кийин англисче вариантына кол коюшкан. Өкмөттүн юристинин мыйзамдык жактан туура эмес деген чечимине, тышкы иштер министринин дагы ушундай баа бергенине карабастан, премьер-министр ошондой чечимдерди кабыл алып койгон. Сатыбалдиев муну “кытайлар акча керек болсо ушул шартта алгыла, болбосо бербейбиз деп айтышты. ЖЭБди оңдоо үчүн акча керек болчу, андыктан мен макул болдум” деди.

Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ишти аткаруучу болуп кытайлык ТБЕА компаниясы дайындалган. Ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ал келишимди колдоп, финансы министри Ольга Лавровага кыргыз тараптан насыя макулдашуусуна кол койгонго ыйгарым укук берген.

Депутаттык комиссия эмне үчүн ТБЕА компаниясы тандалганына жана 386 миллион доллар - Бишкек ЖЭБдин эки агрегатын оңдоо үчүн өтө эле көп сумма суралганына кызыкан. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Азаттык” радиосуна берген эксклюзивдүү маегинде стратегиялык долбоорду ишке ашыруу үчүн коюлган келишимде “мыйзам бузуу жоктугуна” токтолду.

- "Келишимге бир күндө эле кол коюлуп калды" дегенге мен караманча каршымын. Мекеме аралык комиссиянын чечимин өкмөт жактырып, насыя келишимине "кол кой" деген ыйгарым укукту берген. Андан соң насыя келишимин жактыруу боюнча өкмөт жыйыны болуп, Жогорку Кеңештин ратификациясына киргизилет. "Техникалык-экономикалык негиздемеси болгон эмес" деп атышат. Негиздеме насыя натыйжалуу болгондон кийин болот да. Насыя макулдашуусу болсо мыйзамдаштырылгандан кийин натыйжалуу болот. 2013-жылы сентябрда мен кол койгон кезде чырлуу эмей эле, "Кыргызстандын экономикасына пайда алып келет" деген акча болчу. Мен кол койгон документте бир да коррупциялык элемент жок деп абийир алдында да, мыйзам алдында да жооп берем.

Сатыбалдиев: ЖЭБдеги абал үчүн жооптуу эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:32 0:00

Депутаттык комиссия Сатыбалдиевди 11-апрелде чакырып, суроо-жооп өткөргөн. Кызматтан кеткен премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары 26-апрелде УКМКга сурак берди.

Комиссиянын корутундусуна “жоопкерчиликтүү” деп аталган жетекчилердин экинчиси, мурдагы энергетика министри, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Осмонбек Артыкбаевге кайрылганыбызда, мындайча түшүндүрмө берди.

- Бул иш мен келгиче эле башталып, баасы аныкталып калган. Ал маалда техникалык параметрлери да, баасы да аныкталып калган. Мен келгенде макулдашууну ратификация жасатып, Жогорку Кеңеште, өкмөттө дагы көп процедураларды өткөрүп, ишти улантып кеткем. Анан ишке киргизүүнүн алдында мен кетип калдым, ал башка министрдин убагында аткарылды. Техникалык параметрлерин, бааларды аныктаган “Электр станциялары” ачык акционердик коому. Ал эми насыяны алып келген, өкмөттүн атынан кол койгон каржы министри.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

Парламенттик комиссиянын дагы бир мүчөсү, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев маселенин өзөгүн Кытай тарап менен кол коюлган келишимден көрөт:

- Бул келишим үчүн ошол кездеги өкмөт башчы жана президент жооп берүүгө тийиш. Анткени алар мамлекеттин саясий жетекчилиги болгон соң, алардын саясий жоопкерчилиги болушу керек. Баштапкы сүйлөшүүлөрдү ошолор жүргүзгөн да. Анан эми каражаттын кандай сарпталышы боюнча маселеде тиешелүү министр же болбосо "Электр станциялары" ишканасы сыяктуу мекемелердин ошол кездеги жетекчилери - болгону аткаруучулар гана. Буга Ак үйдөн көрсөтмө берилген. Жакшылап иликтесек, анын куйругу ошол жактан чыгат.

Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча сүйлөшүүлөр Алмазбек Атамбаев (2010-2011) премьер-министр кезинде башталган. Кийин өкмөт башына Өмүрбек Бабанов (2011-2012) келгенде улантылып, Жантөрө Сатыбалдиевдин (2012-2014) тушунда келишим бекитилген. ​Жоомарт Оторбаев (2014-2015) өкмөттү жетектеп турганда модернизациялоо башталып, иш Темир Сариевдин (2015-2016) тушунда улантылган. Модернизацияланган борбордун ачылышын мурдагы премьер, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков (2016-2017) өткөргөн.

Мукар Чолпонбаев
Мукар Чолпонбаев

Мамлекеттик ишмер, мурдагы юстиция министри Мукар Чолпонбаев Бишкек ЖЭБдеги жагдай боюнча бийлик өз чечимин коомчулукка ачык айтып, укуктук баа берилишин талап кылат.

- Эгер кылмыштын курамы бар болсо сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Кыргызстандын жарандары президент, депутат, саанчы, уйчу, укмуш адам экендигине карабай, мыйзам алдында баары бирдей жоопкерчиликтүү болушу керек. Ушул комиссиянын жыйынтыгы боюнча материалдардын бардыгы тергөөгө берилип, тиешелүү адамдар укуктук жоопкерчиликке тартылышы керек.

Үч айдан ашык иликтөө жүргүзгөн комиссиянын корутундусу жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо долбооруна байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында Жалал-Абад шаарынын мэри, "Электр станциялары" ишканасынын 2012-2014-жылдардагы жетекчиси Салайдин Авазов жана анын орун басары Жолдошбек Назаров кылмышка шектүү деген негизде эки айга камалды.

"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын өткөн айда кызматтан алынган жетекчиси Айбек Калиев 18-апрелде камакка алынды.

Ага чейин "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башкы директору Узак Кыдырбаевге жана Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго кылмыш иши козголуп камалаган. "Шалаакылык" беренесинин негизинде "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басары Бердибек Боркоев жана анын техникалык директору Алмазбек Жусупбеков кармалды.

Кытайдын "Эксимбанкы" 386 миллион доллар насыяны 2% жеңилдетилген шартта берген. “Электр станциялары” акционердик коомунун мурдагы башкы директор Узак Кыдырбаев "Кыргызстан 20 жылдан кийин Бээжинге 480 миллион доллар төлөп берет" деп ырастаган.

Армяния: парламент “элдик талапкерди” өткөрбөй койду

Арменияда бийлик кризиси уланууда, өкмөт башчыны шайлоо 8-майга белгиленди. 13-апрелде башталган элдик толкундоонун деми басыла элек.

1-майда толкуган элдин башында турган, оппозициялык лидер Никол Пашинянды парламент премьер-министрликке шайлабай койду. Ага 105 мандаттуу парламентте 58 депутаты бар мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы каршы добуш берди. “Царукян” жана “Дашнакцутюн” фракциялары бириккенде 47 добуш топтолду. Ал эми өкмөт башчылыкка шайланууга кеминде 53 депутаттын колдоосу зарыл. Пашиняндын талапкерлигин 45 киши колдосо, 56 мыйзам чыгаруучу “каршы” добуш берди.

Парламент жыйынын Еревандын Республика аянтына орнотулган чоң экрандардан 200 миңге чукул адам тиктеп турду.

Армениядагы каршылык акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

Ошентип алдыдагы аптада армян парламенти өкмөт башчыны шайлоого экинчи ирет киришет. Непадам бул жолу дагы өкмөт башчы тандалбаса, президент парламентти тарткатып, 30-45 күндүн ичинде жаңы шайлоо өткөрүүнү белгилейт.

Эксперттердин белгилешинче, Пашинян убактылуу өкмөттү жетектеп, Армениянын Шайлоо кодексине олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизмек. Көптөр эгер мыйзамды өзгөртпөй туруп шайлоо өткөрүлсө, башкаруучу партия буга чейинкидей эле “ийгиликке жетишет” деп чочулашат.

“Армян коомунун канчасы Пашинянды жактырар-жактырбасын айта албайм, бирок жалпы жарандар өлкөдө бийликтин алмашуусун каалашат” – дейт Еревандагы пресс-клубдун башчысы Борис Навасардян. Анын пикиринде, жыйырма жылдан бери бийликте турган экс-президент Саргсяндын партиясы “шайлоону бузуп, бийликти колунан чыгаргысы келбегенин” далилдеди.

Еревандагы “Саясий жана эл аралык иликтөөлөр” борборунун аналитиги Рубен Меграбян Республикалык партия “мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө албасын жана кырдаал менен эсептешпей, саясий зиректиги жоктугун” көрсөттү деп баалады.

42 жаштагы оппозициялык депутат Никол Пашинян болсо оппозиция бардык сценарийге даярдыгын билдирди.

“Шайлоо болбой калса, анда кезексиз парламенттик шайлоо өтөт. Бардык сценарий боюнча жалпы элдик кыймыл жеңбей коюшу мүмкүн эмес” – деп аянтка жыкжыйма толгон элге таянып.

Парламентте шайлоодо жыдып калгандан кийин көчө жүрүштөрүнүн лидери элди бийликке баш ийбестик акциясын баштоого жана жапырт иш таштоого үндөдү.

Оппозиция лидеринин чакырыгын кабыл алган миңдеген жарандар 2-майда өлкө боюнча көчөгө чыгып, авто-темир жолдорду бөгөп, метро станциясын жапты, Еревандын эл аралык аэропортуна барчу трассаны тосту. Мамлекеттик мекемелердин иши үзгүлтүккө учурады. Акцияга айрым аймактарда мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер, студенттер, атүгүл мектеп окуучулары да кошулду. Пашинян өз жактоочуларын мыйзамды сактап, зордук-зомбулуктан алыс болууга да үндөп, кечки бешке чейин тосулган жолдорду ачуу керектигин эскерткен.

Никол Пашинян
Никол Пашинян

Бийликтеги Республикалык фракциянын лидери Ваграм Багдасарян 2-майдагы сөзүндө алар депутаттардын үчтөн бири “кимди сунуш кылса да” колдоорун, өздөрү талапкер көрсөтпөй турганын жарыялады. “Депутаттардын үчтөн бири сунуштаган талапкерди колдойбуз. Албетте, биз да кырдаал менен эсептешебиз. Ошондуктан биз 8-майда Армения Республикасынын жаңы премьер-министри болушу үчүн сунушталган талапкерди колдойбуз» - деди көпчүлүк фракциянын лидери. Ал мындай чечим мурдагы премьер жана экс-президент, партиянын лидери Серж Саргсян менен кеңешкенден кийин кабыл алынганын кошумчалады.

Элдин жаалынан коркуп, 23-апрелде өкмөт башчылык кызматтан кеткен Серж Саргсяндын милдетин анын партиялашы жана өнөктөшү Карен Карапетян аткарууда. Ал 2-майда тараткан билдирүүсүндө саясий топторду кеңешүүгө чакырып, “премьер-министр конституциялык жол менен парламентте гана шайланат, практикалык жактан да, теориялык жактан да башка жол жок” деп эскертти.

Байкоочулардын эсебинде, Арменияда 13-апрелден 3-майга чейин өткөн массалык демонстрацияларга 10 миңдеген адам чыгып жатты. 20 күндүк жүрүштөр учурунда талкаланган имараттар, тонолгон дүкөндөр, көчөлөрдө тоодой таштандылар калган жок.

Жергиликтүү саясат талдоочу Степан Григорян «Арменияда тынч митингдер салт» болуп калганын баса белгилеп, “зордук-зомбулуксуз басым абдан маанилүү маданият” - деп мүнөздөдү.

Бул күндөрү армян оппозициясынын лидери, өкмөт башчылыкка талапкер Никол Пашинян Орусиянын, АКШнын, Грузиянын жана Европа Биримдигинин элчилери менен жолугуп, өлкөдөгү саясий кризисти жоюу боюнча жасай турган иштери тууралуу айтып берди.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков буга чейин Еревандагы бийликке каршы нааразылык акцияларына байланыштуу билдирүүсүндө Орусия Армения менен “достук, конструктивдүү мамилени сактоого” аракеттенерин жана саясий партиялар тез арада “тил табышарына” үмүттөнүп турганын билдирген.

Арменияда каршылык акциялары башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG