Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 04:13

Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты, мурунку биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин мүлкү аткаминерлердин байлыгы, бизнеси тууралуу талаш-талкууну жандантты.

Атайын кызмат Шадиевге козголгон кылмыш ишинин негизинде анын өзүнүн жана жакындарынын бир канча банктагы эсебин, курулуш, соода-сатык менен алектенген ири ишканалардагы уставдык капиталын, үйлөрүн камакка алды.

Кыргызстанда жыл сайын мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы жарыяланат жана ал адатта "аткаминерлер байлыгын жаап-жашырды" деген сын, доомат менен коштолот.

Жыл башында президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекеттик кызматкерлердин киреше-чыгашасын текшерүү күчөй турганын эскерткен.

Интернетте Аскарбек Шадиевдин мүлктөрүн камакка алуу жөнүндө УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынын токтому жарыяланып кетти. Ага ылайык, Шадиевдин жана анын жакындарынын 25ке жакын банктагы эсеби, курулуш, соода-сатык менен алектенген "Боорсок плюс", "ТИП-ТОП", "Трейд-инвест", "Аква-Инвест", "Союз инвест" ишканаларындагы 100 пайыз, "Карвен групп", "Бената", "Ларель", "Аква-Инвест плюс" 50 пайыз жана "Карвэн четыре сезона", "Континенталь транс сервис" ишканаларындагы 33,33 пайыздык уставдык капиталы, Бишкектеги, Чүйдүн Аламүдүн районундагы үйлөрү, унаасы камакка алынды.

Аскарбек Шадиевдин мүлкү айрыкча социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Айрымдары ал жаш кезинен бери эле бизнесте жүргөнүн, ийгиликтүү ишкер экенин эске салып, аны коргоп чыгышты. Бирок соңку 20 жылга жакын убактан бери Жогорку Кеңештин бир канча чакырылышынын депутаты, маанилүү комитеттердин төрагасы болгон, биринчи вице-премьер-министр кызматына чейин жеткен адамдын өз эмгеги менен ушунча байлык топтогонуна күмөн санагандар да болду.

Укук коргоочу Качкын Булатов Аскарбек Шадиевди буга чейин күйүүчү май аткезчилигине жана коррупцияга байланыштуу бир канча жолу айыптап келген:

Качкын Булатов.
Качкын Булатов.

- Бул байлыгын эч качан таман акы, маңдай тери менен тапкан эмес. Азыр баары эле байлык менен алектенип калышпадыбы. Бийликке барары менен эле байып кетип жатышпайбы. Буларга каршы аёосуз күрөш жүргүзүш керек. Ошондо гана жыйынтык болот.

Аскарбек Шадиев өз мүлкүнө байланыштуу айтылган дооматтарга азырынча комментарий бере элек. Ал тургай анын өзү каякта экендиги тууралуу азырынча так маалымат жок. Аскарбек Шадиев дарыланганы чет өлкөгө чыгып кеткенин анын жардамчысы Айбек Эрмеков “Азаттыкка” билдирген болчу. Бул маалыматты УКМК четке кагып, "Шадиев мамлекеттик чек арадан эч жакка чыкпаганын" жарыялаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ири ишкерлер саясатка, мамлекеттик жооптуу кызматтарга бизнесин коргош үчүн барган учурларга токтолду:

- Аскарбек Шадиев студент кезинен бери эле бизнесте жүргөнүн, акча таап, киреше таап баштаганын бир жолу мага айтып берген эле. Бирок байлыгын кайдан топтогону тууралуу менде маалымат жок. Бизде байлар, бизнесмендер ишкерлик эле кылып жүрө берген шарт дагы анча жок. Байыгандан кийин "кызылы" да, "карасы" да текшерип, бизнесмендин байлыгына көз арта баштайт. Анан айла жок парламентке келип, өз бизнесин коргогонго же болбосо салыктан качууга аракет кылып саясатка келишет. Эгер мамлекет ишкерлерге мыйзамга жарашка кам көрсө, мыйзамсыз текшерүүлөр болбосо ал ошол бизнесте эле жүрө бермек.

Жанар Акаев Аскарбек Шадиевдин эбегейсиз мүлкү тууралуу маалымат коомдун кайсы бир бөлүгүн кыжырдантты деп эсептейт:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Аскарбек Шадиевдин байлыгы декларация толтурганда мынчалык көп эмес болчу да. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда Алмамбет Анапияев өңдүү уюшма кылмыш топтору толтурулган декларациясына жараша "салык" салышчу экен. Ошондон улам да декларацияга баарын жазгандан качып калышкан. Бирок Кыргызстанда саясатта жүрүп байыгандардын 80 пайызы мамлекеттик ар кандай тендерлерден, базарлардан, жерлерден мыйзамсыз, адилетсиз байыган. Ошондуктан азыр Шадиевди жактаган кишини өтө аз учуратасың. Кыргызстанда саясатчылар мыйзамсыз, элдин эсебинен байыганы үчүн аларга карата жек көрүү күчөп кетти. Эгер президент бир атайын эсеп ачып, мыйзамсыз байыгандардын байлыгын, акчасын ошол жакка төктүрсө - бул абдан эле колдоого алынмак. Аскарбек Шадиевдин кантип байыганы - өзүнчө маселе. Бирок кайсы бийлик келсе да аны менен кызматташып иштеп жүргөнү элдин кыжырын келтирет. Ошондуктан саясатчылар бай болобу, кедей болобу өзүнүн принцибин көрсөтүп, айтып турушу керек.

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин баары 2004-жылдан тартып топтогон байлыгы, тапкан-ташыган кирешеси тууралуу декларация толтурат. Документтерди буга чейин Мамлекеттик кадр кызматы топточу. Бирок быйыл жыл башынан бери бул милдет Мамлекеттик салык кызматына жүктөлгөн.

Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрамжан Мадумаров декларациядагы маалыматтардын чын-төгүнүн текшерүү оор болгонун белгиледи:

Акрамжан Мадумаров.
Акрамжан Мадумаров.

- "Мамлекеттик кызматкер дагы эмнесин көрсөткөн жок, кандай мүлкү бар?" деп такташ оор. Жалпы маалымат базасы жок. Негизи ушундай база түзүлүшү керек. Себеби Мамкаттоо кызматы жана башка тиешелүү кызматтар, банк системасы кирген бир база болгондо аны мамлекеттик кызматкердин декларациясы менен салыштырганга жакшы болмок. Бизде азыр мамлекеттик же саясий кызматта иштегендер туура эмес ишке барып, кылмыш иши козголгон учурда гана, анын байлыгын терең иликтегенде гана ушундай маселелер чыгып калып жатат. Менин жеке пикиримде, мамлекеттик кызматкерлердин мүлкүн, байлыгын текшерүү боюнча өкмөткө караштуу өзүнчө көз каранды эмес орган түзүлүшү керек. Биз декларацияларды топтоону Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп бердик. Бирок бул кызматтын башкы милдети - салык жыйноо да?

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өздөрүнүн жана жакындарынын былтыркы киреше-чыгашасы тууралуу декларацияны быйыл 1-апрелге чейин тапшырып бүттү. Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз өкүлү Эркин Сазыков аткаминерлердин мүлкү тууралуу маалымат октябрь айында жарыяланарын айтты:

- Ар бир декларация азыр талданып жатат. Биз буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматына да кайрылып, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү тууралуу маалымат алабыз. Эгер ошол мамлекеттик кызматкердин атына кайсы бир кыймылсыз мүлк катталып, бирок декларациясында көрсөтүлбөй калса, аны тийиштүү органдарга билдиргенге милдеттүүбүз. Текшерип, талдаганга бизде октябрь айына чейин убакыт бар. Октябрь айынан баштап коомчулукка президенттен тартып саясий кызматты ээлеген адамдар тууралуу маалыматтарды ачык жарыялай баштайбыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын башында Коопсуздук кеңешинин жыйынында декларацияны текшерүүнү күчөтүүнү тапшырган. Мамлекеттик кызматкерлердин киреше-чыгашасы тууралуу декларацияны текшерүү боюнча былтыр мыйзам кабыл алынган, өкмөттүн атайын токтому чыккан. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бул токтом өзгөртүлө турганын айткан:

Дамир Сагынбаев.
Дамир Сагынбаев.

- Мындан ары бардык мамлекеттик кызматкерлер текшерүүчү органдарга алардын банктык эсебин, салыгын жана башка сырын текшерүүгө кагаз жүзүндө макулдук берет. Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында декларацияны текшерген өз алдынча башкармалык же бөлүм түзүлөт. Эгер кайсы бир материал шек жаратса, ал Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы мекеме аралык комиссияга берилет. Эгер ал комиссия чынында эле маселе бар экенин аныктап чыкса, материалдарды баары Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы декларацияларды текшерүү иштерине көзөмөл жүргүзөт жана Мамлекеттик салык кызматынан, Башкы прокуратурадан алган материалдарды президентке берет.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн былтыр Жогорку Кеңештен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы быйыл жыл башында ачыкка чыккан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны УКМКга өткөрүп берген. Анда парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров камакка алынган. Акча кымырылып кеткен маалда комитетти Аскарбек Шадиев башкарып турган. Аскарбек Шадиев февраль айынан бери эле күбө катары сурак берип жүргөн. Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевге 28-апрелде кылмыш ишин козгогон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG