Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Прокуратура депутат Шадиевге иш козгоду


Аскарбек Шадиев
Аскарбек Шадиев

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) иш козгоду.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Аскарбек Шадиевге Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң доллардын жоголушуна байланыштуу иш козголгону жазылган.

“2017-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин төрагасынын наамына КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын иш-чаралары боюнча график жөнөтүлгөн. Ал документ ошол кездеги парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиевге таанышуу үчүн берилген. Иш-чаралардын графиги түзүлгөн документте Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык тапшыруу жөнүндө маалымат болгон эмес.

Бирок 2017-жылдын 25-август күнү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ал жылы берилбей турганын билип туруп, Шадиев парламенттин спикерине сыйлык үчүн 30 миң долларды бөлүү боюнча кайрылуу жөнөткөн. Ошол эле жылдын 15-сентябрында кайрылуунун жыйынтыгы менен аталган сумма Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров аркылуу бөлүнгөн. Бирок КМШнын Парламент аралык ассамблеясына каражат түшкөн эмес. Жыйынтыгында мамлекеттик казынага 2 млн. 61 миң сом зыян келтирген. Учурда бул факт УКМКнын тергөө башкармалыгында иликтенип жатат” деп жазылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Буга чейин Шадиев бир нече ирет суракка чакырылып, аягында биринчи вице-премьер-министр кызматынан арыз жазып кеткен.

Анын чечимин өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов мындайча комментарийлеген эле:

- Арыз берүүнүн себеби Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировдун мамлекеттик бюджеттин акчасын өз эсебине өздөштүрүп алганы боюнча кылмыш ишине байланыштуу болду. Анткени ошол учурда Аскарбек Шадиев аталган комитеттин ишин жетектеп турган. "Мен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өз ишимди так аткарып келем. Мен үчүн намыс жана аброй биринчи орунда турат. Тергөөнүн ачык жана калыс жүрүшү үчүн ээлеген кызматымды тапшырууну туура көрдүм" деди.

Шадиев: 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00

​Жаңы Баш мыйзамга ылайык Шадиев вице-премьер-министрлик кызматын тапшырганы менен, депутаттык мандатын сактап калган.

Ал эми саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Шадиевдин бул кадамына амалкөй саясий жүрүш катары баа берген.

- Уяты уктатпай жатса, ошондо эле “мен кетпесем болбой калды” деп кызматын тапшырбайт беле? Бул саясий эсептелген кадамы. Анан "кылмыш ишине таасир тийгизбеш үчүн" дептир, депутат болуп отурганда таасир көрсөтө албай калабы? Тескерисинче, парламенттен аябай сонун таасир этет. Баш мыйзамдагы ушул жылчык болбосо өкмөт менен кошо кетмек. Эми бул механизмди пайдалангандар күчөйт. Өкмөткө келип, иши жүрбөй калса депутаттыкка кетип калгандар толтура болот.

Коомчулукта ЖЭБди модернизациялоодогу кемчиликтерге байланыштуу Аскарбек Шадиевдин дарегине көп сындар айтылууда.

Быйыл февралда КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы ачыкка чыккан.

Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон. Закиров парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган.

Бул ишке байланыштуу Турсунбеков жана Шадиев бир нече ирет суракка чакырылган. Шадиев буга байланыштуу өкмөттөгү кызматын тапшырган.

Башкы прокуратура Арсен Закировго Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоп, ал УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин ушул эле беренелер боюнча Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна да иш козголуп, эч жакка чыкпоо талабы коюлган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG