Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

УКМК Шадиевдин суракка чакырылганын ырастады


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин атайын өкүлү Рахат Сулайманов биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин суракка чакырылганын "Азаттык" радиосуна ырастады.

- Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев эки ирет сурак берип кеткен. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Өткөн аптада Шадиев Жогорку Кеңештен 30 миң доллардын уурдалышына байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча атайын кызматка сурак берип чыкканын жергиликтүү маалымат сайттар жазып чыккан.

Быйыл февралда КМШнын парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы ачыкка чыккан. Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон. Закиров парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура Арсен Закировго Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоп, аны убактылуу камакка алган. (NT)

XS
SM
MD
LG