Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:30

Шадиев: Парламентте 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм


Аскарбек Шадиев
Аскарбек Шадиев

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев ал Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер боюнча комитетинин жетекчиси болуп турган учурда жоголгон 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөрүн билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген маегинде айтты:

- Арсен Закиров Жогорку Кеңеште буга чейин эле иштеп жүргөндүктөн мен ага ишенгем. “Акча буга чейин эле берилип жүргөн, кийин бюджетте акча калбай калат, ошону үчүн эртерээк бөлүп коелу” деп келгенинен акчаны берүү боюнча документке кол коюп бергем. Бул былтыр август айында болгон. Бирок ошол 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм.

Шадиев бул иш боюнча суракка чакырыла электигин билдирди.

2017-жылы КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы быйыл 9-февралда ачыкка чыккан. Маалыматка караганда, акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров 2017-жылдын сентябрь айында колуна алган.

Ал үчүн парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурган. Бул акча бөлүнгөн соң Закиров жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырган.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура Арсен Закировго Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоп, аны убактылуу камакка алган. (ErN\UEz)

Шадиев: 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00

XS
SM
MD
LG