Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Чыныбай Турсунбеков: "Жардамчым күнөөсүз экенине ишенем"


Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков өзүнүн жардамчысына кылмыш иши ачылганын "Азаттыкка" ырастады. Депутат өз жардамчысынын мыйзамсыз ишке барарына ишенбей тургандыгын, тергөө менен кызматташууга даяр экенин “Азаттыкка” билдирди:

- Жардамчымды УКМКга чакырып сурашкан. Менин түшүнгөнүмө караганда, айыпталуучу жардамчымды күнөөлөп чыккан окшойт. Бирок бул кылмышка тиешеси жок экенине 200 пайыз ишенем. Эгерде тиешеси бар экенин далилдеп бере турган болсо - маселе жок. Бирок ага эч кандай далил жок деп ойлойм. "Баарын алам" деген Арсен, кагаз даярдаган да ошол киши. Менин жардамчымдын кандай тиешеси бар экенин түшүнө элекмин. Менин байкаганым боюнча Арсен Закиров куру доомат артып жатат окшойт, - деди Турсунбеков.

Бүгүн УКМК Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 171 жана 350-беренелери ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу" жана "Документтерди жасалмалоо") боюнча иш козголгонун билдирген.

Атайын кызмат парламенттеги 30 миң доллардын уурдалышы боюнча экс-спикер Чыныбай Турсунбековду да бир сыйра суракка чакырып, парламенттин Эл аралык комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев экөө беттешкен. Шадиев эки жолу суракка чакырылып, көрсөтмө берген.

Быйыл февралда КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы ачыкка чыккан.

Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон. Закиров парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура Арсен Закировго Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоп, аны убактылуу камакка алган. (UEz)

XS
SM
MD
LG