Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Айтматов сыйлыгына бөлүнгөн акча жоголду


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалган.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировго кылмыш ишин козгоп, убактылуу камакка алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

- Жогорку Кеңештин бөлүм башчысына карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоду. Бул боюнча парламенттин иш башкармалыгы "2 миллиондон ашык сом жоголду" деп арыз жазган. Текшерүүнүн жүрүшүндө бөлүм башчы УКМКнын тергөө абагына киргизилди, - деди ал.

"Кат Шадиевден келген"

“Азаттыктын” колуна тийген маалыматтарга караганда КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын 30 миң доллар акчалай сыйлыгын Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров 2017-жылдын сентябрь айында колуна алган. Ал үчүн парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурат. Муну экс-спикер Турсунбеков да бышыктады:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Бул боюнча менин да анча-мынча кабарым бар. Негизи комитеттин башчылары мага жобо боюнча кайрылса, төрага катары тиешелүү бөлүмдөргө жөнөтөм. Эгер мыйзам бузуу болсо, күнөөлүүлөр жазасын алышы керек. Бул боюнча ошол кездеги эл аралык комитеттин төрагасы Шадиевден сурасаңар жакшы болот. Анткени мага кат Шадиевден келген.

Ошентип акча колго тийгенден эки ай өткөндөн кийин, 13-ноябрда Закиров жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырган. Азыр "жасалма кат" деп эсептелип жаткан документте Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын эсебине келип түшкөнү жазылган. Бирок бул иштен шек санаган Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчысы Талант Курманбек уулу КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын катчылыгынын башкы эсепчиси Анна Рухмаковага кат жиберет. Курманбек уулу катты текшерүү үчүн жибергенин тастыктады.

- Ал акча жыл сайын Жогорку Кеңештин бюджетинен каралат. Туура, катты тактоо иретинде жөнөткөм. Бирок азырынча түшүндүрмө бере албайм.

Рухмакованын жообунда КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын эсебине 30 миң доллар түшпөгөнү, Закиров "жөнөттүм" деген документтер жасалма экени айтылган. Башкача айтканда Анна Рухмакованын дүмүрчөккө коюлган кол тамгасы жана басылган мөөр жасалма болуп чыкан.

Арсен Закиров менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун маалыматы боюнча, Закиров жакында эле эмгек өргүүсүн алып, андан ары иштен кетери тууралуу арыз жазган.

Ал эми парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мурдагы төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Анын кеңешчиси Айбек Эрмековдун айтымында, Шадиевдин 30 миң долларга тиешеси жок.

"Көө жапкан кылмыш болду"

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын бюджеттик көзөмөл комиссиясынын башчысы, парламенттин депутаты Максат Сабиров бул окуядан кабары жок экенин, мыйзам бузуу аныкталса комиссиянын марттагы жыйынында териштирүү болорун айтты.

- 30 миң доллар лауреаттарга жыл сайын берилет. Акча алардын банк эсептерине которулуп, анан берилет. Комиссияга мартта барам. Ошондо текшеребиз. Азыр маалыматым жок.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев бул окуя бир гана парламентке эмес, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун да атына көө жабарын айтууда.

- Эгер эл аралык бөлүмдүн башчысы ушундай иштерди жасап жатса, анда Жогорку Кеңештин аппараты коррупцияга батканын билдирет. Бул ачыкка чыккан бир гана мисал. Экинчиден, бул сыйлык эл аралык статуска ээ болуп калган. Залкар жазуучубуздун атын кошо булгап жатабыз. Бул окуя Жогорку Кеңештин КМШ алкагындагы аброюна шек келтирет.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы 2012-жылы кыргыз тараптын демилгеси менен негизделген. Андан бери бул сыйлыкка КМШ өлкөлөрүнүн адабият жана маданиятына кошкон салымдары үчүн Юрий Поляков (Орусия), Анар Рзаев (Азербайжан), Грачье Тамразян (Армения) жана Шайлообек Дүйшеев (Кыргызстан) татыктуу болгон. Жогорудагы төрт сыйлык ээсине тең Жогорку Кеңештин бюджетинен 30 миң доллардан акчалай сыйлык берилген.

Жобо боюнча сыйлык жыл сайын берилиши керек болчу, бирок 2017-жылы негедир бул сыйлык эч кимге ыйгарылган эмес. Сыйлыкты негиздөөчүлөрдүн бири, парламенттин депутаты Каныбек Иманалиевдин айтымында былтыр ассамблея талапкерлер боюнча орток пикир таба албай, сыйлык ээсиз калган.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясына Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия жана Тажикстан мүчө. Ооганстандын парламенти болсо бул уюмга байкоочу катары катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG