Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Шадиевдин кетиши - шахматтык жүрүшпү?


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазды. Ал бул кадамын “парламенттеги Айтматов атындагы сыйлыктын жоголгон акчасы боюнча иликтөө акыйкат жүрүшү үчүн кызматымды тапшырууну туура көрдүм” деп түшүндүргөн.

Шадиевдин кызматтан кетиши "Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция кулап, өкмөт, коалиция кайрадан түзүлүшү мүмкүн" деген кептер талкууланып жаткан учуруна туш келди. Шадиев - жаңы Баш мыйзамга ылайык депутат макамын сактап калган биринчи өкмөт мүчөсү.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев парламентте 30 миң доллардын уурдалышына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча атайын кызматка сурак берип чыкканы белгилүү. Андан көп өтпөй Шадиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, өз чечимин өкмөттүн ишине көлөкө түшүрбөө максаты менен түшүндүргөн.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов айтып берди:

- Арыз берүүнүн себеби Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировдун мамлекеттик бюджеттин акчасын өз эсебине өздөштүрүп алганы боюнча кылмыш ишине байланыштуу болду. Анткени ошол учурда Аскарбек Шадиев аталган комитеттин ишин жетектеп турган. "Мен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өз ишимди так аткарып келем. Мен үчүн намыс жана аброй биринчи орунда турат. Тергөөнүн ачык жана калыс жүрүшү үчүн ээлеген кызматымды тапшырууну туура көрдүм" деди.

Анткен менен Шадиевдин кызматтан кетишине байланыштуу белгилей кете турган башка да жагдайлар бар. Коомчулукта ЖЭБди модернизациялоодогу кемчиликтерде биринчи вице-премьер-министрдин дарегине көп сындар айтылып жаткан. Ошондой эле Шадиевдин кызматын тапшырышы "парламенттеги көпчүлүк коалиция ыдырап, өкмөт кызматынан кетет" деген сөздөр жүрүп жаткан учурга туш келүүдө. Көпчүлүк коалициядан Аскарбек Шадиев мүчө болгон “Бир бол” фракциясы чыгып кетээри айтылып жатат. Шадиев болсо биринчи вице-премьер-министрлик кызматын тапшырганы менен, депутаттык мандатын сактап калат.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Шадиевдин кадамын амалкөй саясий жүрүш катары баалады.

- "Коалиция тарап, өкмөт кетет" деген сөздөр жүрө электе эле кылмыш иши козголгон. Уяты уктатпай жатса, ошондо эле “мен кетпесем болбой калды” деп кызматын тапшырбайт беле? Бул саясий эсептелген кадамы. Анан "кылмыш ишине таасир тийгизбеш үчүн" дептир, депутат болуп отурганда таасир көрсөтө албай калабы? Тескерисинче, парламенттен аябай сонун таасир этет. Баш мыйзамдагы ушул жылчык болбосо өкмөт менен кошо кетмек. Эми бул механизмди пайдалангандар күчөйт. Өкмөткө келип, иши жүрбөй калса депутаттыкка кетип калгандар толтура болот.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Искак Масалиев Аскарбек Шадиевдин кызматтан кетишин эч кандай саясат менен байланыштырбайт.

- Мен өзү менен сүйлөшкөм. “30 миң долларга байланыштуу чыр болуп жатат, менин колумда иштеген бала уурулук кылса мен кантип "иштейм" деп чечим кабыл алам?" деген. Анын кызматтан кетишинин башка жагдайлары жок деп ойлойм. Ал туура чечим кылды.

Сапар Исаков баштаган өкмөт ушуну менен экинчи жолу биринчи вице-премьер-министрин алмаштырууда. Буга чейин биринчи вице-премьерлик кызматты Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ээлеп турган.

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин пикиринде, өкмөт башчынын орун басарларынын тез алмашуусу экономика жана башка өнүгүү программаларын аткарууга терс таасирин тийгизүүдө.

- Өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө, кырдаалдын туруктуулугуна таасирин тийгизет. Азыркы өкмөттүн курамына алты ай болуп калды. Бир-эки ай иштеп кеткендери болду. Бул дагы эми өтө тез кетип жатат. Бул жакшы эмес.

Аскарбек Шадиев саясатка 2000-жылдардан баштап жигердүү аралаша баштаган. Ал ошондон берки бардык бийликтин тушунда жогорку кызматтарды ээлеп, бир нече жолу парламент депутаты болуп шайланган.

Шадиев: 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00

Быйыл февралда КМШнын парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы ачыкка чыккан. Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда алганы белгилүү болгон. Закиров парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура Арсен Закировго Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоп, аны убактылуу камакка алган.

Кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул факты боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна кылмыш ишин козгогон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG