Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Айтматов сыйлыгы: экс-спикер көрсөтмө берди


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов сыйлыгына бөлүнгөн каражаттын жоголушу боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болду. Окуяга байланыштуу ишти тергеп жаткан УКМК парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жардамчысына кылмыш ишин козгоду.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына берилчү 30 миң доллардын уурдалышына байланышкан жаңы жагдай тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Андан алынган маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна шектүү катары иш козголду. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, экс-спикердин жардамчысына эки берене боюнча айып тагылууда:

УКМК.
УКМК.

- Бул иштин алкагында ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулу да шектүү катары өтүп жатат. Ага бүгүнкү күндө Кылмыш-жаза кодексинин 171 жана 350-беренелери ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу" жана "Документтерди жасалмалоо") боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө түрүндө бөгөт чарасы аныкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө ал суракка чакырылып жатат.

Сулайманов кошумчалагандай, парламенттеги 30 миң доллардын уурдалышына байланыштуу экс-спикер Чыныбай Турсунбеков да суракка чакырылып, парламенттин Эл аралык комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев экөө беттешкен. Шадиев эки жолу суракка чакырылып, көрсөтмө берген.

Чыныбай Турсунбеков жардамчысына карата кылмыш иши ачылганын "Азаттыкка" ырастады. Депутат өз жардамчысынын мыйзамсыз ишке барганына ишенбесин, тергөө менен кызматташууга даяр экенин билдирди:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Жардамчымды УКМКга чакырып сурашкан. Менин түшүнгөнүмө караганда айыпталуучу Арсен Закиров жардамчымды күнөөлөп чыккан окшойт. Бирок ал бул кылмышка тиешеси жок экенине 200 пайыз ишенем. Эгерде тиешеси бар экенин далилдеп бере турган болсо - маселе жок. Бирок ага эч кандай далил жок деп ойлойм. "Баарын алам" деген Арсен, кагаз даярдаган да ошол киши. Менин жардамчымдын кандай тиешеси бар экенин түшүнө элекмин. Менин байкашымча Арсен Закиров куру доомат артып жатат окшойт.

Быйыл февралда КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы ачыкка чыккан. Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон.

Закиров парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган. Бул иш быйыл жыл башында ачыкка чыккан соң Башкы прокуратура Арсен Закировго кылмыш ишин козгоп, ал камакка алынган эле.

Ал эми сыйлыкка бөлүнгөн каражатты бөлүү өтүнүчү менен расмий катка кол койгон биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев иштин мыйзамсыз болгонунан кабарсыз болгонун айтып жүрөт. Ал мурдараак "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна мындай жооп берген:

Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

- Арсен Закиров Жогорку Кеңеште буга чейин эле иштеп жүргөндүктөн мен ага ишенгем. “Акча буга чейин эле берилип жүргөн, кийин бюджетте акча калбай калат, ошон үчүн эртерээк бөлүп коелу” деп келгенинен акчаны берүү боюнча документке кол коюп бергем. Бул былтыр август айында болгон. Бирок ошол 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм.

Парламенттеги мындай чырдын чыгышы залкар жазуучунун атын алып жүргөн сыйлыктын жана өлкөнүн кадыр-баркына көлөкө түшүргөнүн айткандар бар. Жарандык активист Рита Карасартованын пикиринде, эми бул боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы жетекчилигинин мындай чырлуу иште аты аталышы өлкөдөгү парламент баш болгон бийлик органдарына ишенбестикти күчөтөт:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Негизи бул окуялар мамлекеттик органдарда иштегендер бөлүнгөн ар бир каражаттан өз кызыкчылыгына колдонуп калууга аракет кылаарын көрсөтүп жатат. Бул абдан эле уят. Себеби, мындай мыйзамсыз иштерде парламенттин төрагасы баш болуп, билбестиктен же атайын катышы бар деп шектелип жатканы абдан көп суроо жаратат.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы 2012-жылы кыргыз тараптын демилгеси менен негизделген. Андан бери бул сыйлык КМШ өлкөлөрүнүн адабиятка жана маданиятка кошкон салымы үчүн КМШдагы маданий ишмерлерге берилип келет. Сыйлыкка кошумча катары Жогорку Кеңештин бюджетинен 30 миң доллар акчалай жардам көрсөтүлөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG