Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:16

Кагаздагы “бай-кедей” чиновниктер


Кыргызстанда жалпысынан жогорку тепкичтеги 2 миңге жакын мамлекеттик кызматкер бар. (Иллюстративдик сүрөт)
Кыргызстанда жалпысынан жогорку тепкичтеги 2 миңге жакын мамлекеттик кызматкер бар. (Иллюстративдик сүрөт)

Президент, спикер, өкмөт башчы жана вице-премьер-министрлер, жалпысы 11 саясий кызматкердин 2013-жылы тапкан киреше-байлыгы коомчулукка жарыяланды.

Бул тууралуу мамлекеттик кадр кызматы маалымдады. Бирок жогорку саясий кызматтагылардын өздөрү толтуруп, декларацияда көрсөткөн кирешелери алардын чыныгы турмуштагы байлыгына шайкеш келбей турганы айтылып келет. Кыргызстанда саясий жана атайын кызматтагылар өзүнүн жана туугандарынын мүлк, кирешеси тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү.

Президенттин кирешеси кандай?

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы алган айлык-маянасы 960 миң сом болгон. Андан тышкары, мамлекет башчынын үй-бүлөсү башка адамдардын башкаруусуна өткөрүлүп берилген 64 миң квадрат метр бакчага жана “Форум” ишканасына ээлик кылат. Президенттин ошондой эле "Тойота-Лэндкрузер" үлгүсүндөгү автоунаасы бар. Ал эми президенттин жубайы Раиса Атамбаева бир жылда 87 миң сом айлык алса, баалуу кагаздардан 120 миң доллар жана 145 миң сом киреше көргөн. Андан тышкары, биринчи айым бир гаражга, эки батирге жана “Медифорум” ачык акционердик коомунун 86 пайыз үлүшүнө ээлик кылары айтылат. Президенттин үй-бүлөсүнүн кирешесинин 2013-жылдагыдан бир айырмасы - 2012-жылы биринчи айым айлык-маянасын 367 миң сом деп көрсөткөн болчу. "Прогресс" коомдук фондунун жетекчиси Адил Турдукулов 11 жогорку саясий жетекчи өз кирешелерин толук ачыкка чыгарганынан күмөн санайт.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.
- Кыргызстан кичине мамлекет, кайсы аткаминерге эмне таандык экени баарына белгилүү. Алар башка туугандарына каттатып коюп, бирок кирешени өздөрү эле алат. Башкача айтканда, алар көмүскө киреше алышары айдан ачык. Аны аткаминерлердин жүргөн-турганынан, минген машинасынан, тагынган саатынан, кийген костюмунан эле байкаса болот.

Президент Атамбаев буга чейин “Азаттыктагы” маегинде Кыргызстанда орточо 10 млн. долларлык байлыгы бар экенин айткан.

Спикердин бар байлыгы


Жогорку Кеңеш төрагасынын үй-бүлөсүнүн тапкан кирешеси өткөн жылы 3 млн. 358 миң сомду түздү. Спикердин иштеген жеринен алган маянасы 1 млн. 18 миң сом. 1 млн. 540 миң сом мал-жандыктарын жана бал сатуудан түшсө, анын туугандары да 800 миң сом киреше тапкан. Ошондой эле төрага “Бий-Мырза” деген ишкананын жана мончонун үлүшүнө, андан тышкары “Алтын-Көл” акционердик коомунун 91 пайызына ээлик кыларын көрсөткөн. Булардан башка да спикердин үй-бүлөсүнө кыймылсыз мүлктөр: үй, имараттар, айдоо жер жана кафе-ресторан таандык. Алардын баары ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген. Кыргызстанда спикерди бай адамдардын катарына кошушат. Асылбек Жээнбековдун кирешеси 2012-жылдан анчейин айырмаланган эмес.

Оторбаевдин машинасы жана батири гана бар

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев болсо былтыр 1 млн. 100 миң сомду иштеген жеринен алган. Андан башка эч кандай кирешесин көрсөткөн эмес. Мүлкү катары бир батирин жана 2004-жылы чыккан Volkswagen Touran үлгүсүндөгү машинасын каттаган. Жакындарынын киреше-мүлкү жөнүндө маалымат берген эмес. Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев үй-бүлөсү менен бирге 2013-жылы 2 млн. 340 миң сом киреше көргөн. Анын да кирешеси бир жыл мурдагыдан айырмаланган эмес. Саясат таануучу Бакыт Бакетаев кирешесин жашырган аткаминерлердин бетин коомчулук бат эле ачат деген ойдо.

- Алардын өздөрү толтуруп берген декларациясы жарыяланды. Эми аны элдин баары окуп, талкуулайт. Анын эл кайсы жагы чын, кайсы жагы калп экенин айтып чыгат. Бирок мен бир нерсени айта кетсем: булардан майда чиновниктердин мүлкүн карасаңыз, төбө чачыңыз тик турат. Аларды да текшериш керек.

Сарпашев айлык менен жашайт

Ал эми биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2013-жылы 1 млн. сомдон ашык айлык-акысынан башка эч кандай кирешесин көрсөткөн эмес. Декларацияда ага болгону бир батирдин 50 пайызы, 800 метр квадрат жер тилкеси жана Toyota Land Cruiser 200 унаасы таандык экени айтылат. Туугандары болсо бир үйгө жана имаратка, ошондой эле Mercedes benz үлгүсүндөгү унаага ээлик кылат жана 43 миң сом айлык алган. Бирок Сарпашевди Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарына кошуп, аны бир катар ийгиликтүү ири компаниялардын ээси катары айтып келишет.

Мамлекеттик кадр кызматы ошондой эле Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашеванын, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаевдин, вице-премьер Абдрахман Маматалиевдин, Конституциялык палатанын төрагасы Муканбек Касымалиевдин, мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун, экс-премьер-министр Токон Мамытовдун декларацияда көрсөткөн байлыктарын жарыялаган.
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов 33 млн. сом киреше көргөн.
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов 33 млн. сом киреше көргөн.
Мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов үй-бүлөсү менен бирге 2013-жылы 33 млн. сом киреше көргөн. Бул бир жыл мурдагыга караганда экс-премьер-министрдин үй-бүлөсү эки эсе көп киреше тапкан дегенди билдирет. Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик кызматкерлердин кирешелерин айкындоо бөлүмүнүн башчысы Зулфия Айтиева декларациянын максатына токтолду:

- Мамлекеттик жогорку кызматта дайындалгандан кийин ал адам декларация толтурат. Эгер бир жылдан соң анын киреше-байлыгы көбөйүп, бирок анын кайдан келип жатканын түшүндүрө албаса, анда ошол адамга карата иштерди жүргүзөбүз. Мисалы, ал кызмат абалынан кыянат пайдаланган жокпу деп, текшерип чыгабыз.

"Прогресс" коомдук фондунун жетекчиси Адил Турдукуловдун айтымында, декларация толтуруунун коррупцияга каршы күрөшүү сыяктуу негизги максаттары аткарылбай келатат. Кыргызстанда жогорку тепкичтеги мамкызматкерлер өз мүлкү жана жылдык кирешеси тууралуу 2004-жылдан бери декларация тапшырат. Бирок быйылкы жылдан тарта алардын тууралыгын текшерүү үчүн атайын мекеме аралык комиссия түзүлдү.

Бул комиссия декларациядагы маалыматтарды текшерип чыгып, кимдер кирешесин жашырганын документтердин негизинде ачыктамакчы. Анын жыйынтыгы келерки айларда жарыяланат. Мүлкүн жашыргандар кызматтан четтетилип, же аткаминерлердин жаңы түзүлгөн “кара тизмесине” кириши ыктымал. Кыргызстанда жалпысынан жогорку тепкичтеги 2 миңге жакын мамлекеттик кызматкер бар. Кийинки тепкичтеги аткаминерлер боюнча 2013-жылдагы декларациянын жыйынтыгы кийинчерээк жарыяланмакчы.

XS
SM
MD
LG