Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Аскарбек Шадиевдин мүлкү камакка алынды


Аскарбек Шадиевдин парламенттик шайлоо алдындагы баннердеги сүрөтү.
Аскарбек Шадиевдин парламенттик шайлоо алдындагы баннердеги сүрөтү.

Парламент депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдирди.

-28-апрелде Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Аскарбек Шадиевдин мүлкүн камакка алуу боюнча чечим кабыл алынды. Бул кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат.

Сулайманов билдиргендей, мүлктү жана банктык эсептерди камакка алуу тууралуу санкцияны Башкы прокуратура берди.

Буга чейин Аскарбек Шадиевдин жана анын жакындарынын мүлкү камакка алынганы жазылган прокурордун санкциясынын сүрөтү социалдык тармактарда жарыяланган эле. Анда депутаттын 25 банктагы эсеби, ал 50% жана 100% ээлик кылган 10 чакты ишканасы, бир нече турак жайы жана автоунаасы камакка алынганы көрсөтүлгөн.

Мунун алдында Аскарбек Шадиев дарыланганы чет өлкөгө чыгып кеткенин анын жардамчысы Айбек Эрмеков “Азаттыкка” билдирген эле. Бул маалыматты УКМК четке кагып, "Шадиев мамлекеттик чек арадан эч жакка чыкпаганын" жарыялаган.

Башкы прокуратура Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш ишин козгогону 28-апрелде маалымдалган. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы себеп болгон.

Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон. Закиров комитеттин ошол кездеги төрагасы Шадиевдин колу коюлган катты мурдагы спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы айтылган. Андан соң бөлүнгөн акчаны жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы кеп болгон. Мындан кийин Арсен Закиров УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бул ишке байланыштуу Турсунбеков жана Шадиев бир нече ирет суракка чакырылган. Шадиев буга байланыштуу өкмөттөгү кызматын тапшырган. (ErN)

XS
SM
MD
LG