Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:20

ЖЭБ боюнча корутунду чыкты


Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкты жана аны оңдоого алынган каражатты иликтеген депутаттык комиссия корутунду чыгарды. Анда "Кытайдан алынган насыя боюнча документтерге кол койду" деген бир катар жетекчилерге укуктук баа берүү тууралуу сунуш киргизилди. Алардын арасында өкмөттүн мурдагы башчылары, министрлер бар. Бирок мындай чечимге мурдагы жетекчилер нааразылыгын билдирип жатышат. Алар депутаттык комиссияны "ишти үстүртөдөн иликтеп, элге жаңылыш маалыматтарды берди" деп сынга алышууда.

Үч айдан ашык иш жүргүзүп, иликтөөсү кыйла созулган Бишкек ЖЭБи боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу да талкуулардан кийин кабыл алынды. Комиссия соңку эки күнү жабык жыйын өткөрүп, буга чейин даярдалган тыянакка кол коюудан баш тарткан депутаттардын сунушу талкууланды. Депутаттар Алмазбек Токторов, Акылбек Жамангулов жана Аида Касымалиева иликтөө корутундусуна ЖЭБ боюнча документтерге кол койгон бардык жетекчилердин аты-жөнүн жазууну сунуш кылышкан эле.

Эки күнгө созулган талкуудан соң депутаттык комиссия корутундунун компромисттик вариантына кол коюлганын билдирди.

Корутундуга жыйынга катышкан Улан Примов, Аалы Карашев, Айбек Алтыбеков, Аида Касымалиева, Акылбек Жамангулов, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов, Мыктыбек Абдылдаев, Сайдулла Нышанов кол койду.

Ал эми комиссиянын дагы үч мүчөсү: Исхак Масалиев, Үмбөталы Кадыралиев жана Данияр Аттокуров иш сапарында жүргөнүнө байланыштуу азырынча өз позициясын билдире элек.

Тизмеде 30га жакын адам бар

Комиссиянын мүчөсү, “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Алмазбек Токторовдун айтымында, корутундуга Жылуулук электр борборуна байланыштуу жоопкер экени айтылган жетекчилердин баары жазылды:

- Биз иликтөөнүн корутундусу боюнча бүтүм чыгарууда кимдин кандай тиешеси бар экенин, ким кандай документке кол койгонун - баарын жаздык. "Мына ушул адамдарга укуктук баа бериш үчүн текшергиле" деп Башкы прокуратурага тапшырма бердик.

Токторов айтып жаткан, корутундудагы "Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду" деген жетекчилердин ишине укуктук баа берүү жөнүндө сунуш киргизилди. Бул тизмеге 30га жакын адам кирди.

Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, финансы министринин азыркы орун басары Мирлан Байгөнчөков, мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы экономика министри Темир Сариев, экономика министринин мурдагы орун басары Санжар Муканбетов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, “Улуттук энергохолдингдин” жана Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, Экотехинспекциянын башчысы Канатбек Муратбеков, Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы директору Турдубек Мамбетов, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директорлору Салайдин Авазов, Абдылда Исраилов, Таалайбек Толубаев, Узак Кыдырбаев, Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу жана учурдагы директору Андрей Воропаев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы комитетинин учурдагы башчысы Улан Рыскулов жана башка бир катар жетекчи кызматкерлер бар.

ЖЭБ боюнча комиссия корутундусун кайра карайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:52 0:00

Ошондой эле депутаттык комиссия Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоону ишке ашырган кытайлык ТВЕА компаниясынын чакыруусу менен Бээжинге барып келген мурдагы чакырылыштагы депутаттар тобун да көрсөткөн.

Алардын катарында Чыныбай Турсунбеков, Мурадыл Мадеминов, Токтогул Туманов, Малик Осмонов, Абдулатип Режавалиев, Карганбек Самаков, Райкан Төлөгөнов, Азамат Арапбаев, Абдимуталип Кочкорбаев, Бактыгул Маматов, Равшан Жээнбеков жана Исхак Пирматов сыяктуу мурдагы жана учурдагы чакырылыштын депутаттары бар.

Буга кошумча президентке, Жогорку Кеңешке жана башкы прокурорго Бишкек ЖЭБин жаңылоого алынган 386 миллион доллардын максаттуу пайдаланылышын, кызмат адамдарынын кытайлык ТBEA компаниясынын өкүлдөрү менен байланышын, сатылып алынган жабдыктардын жана аткарылган иштердин наркынын негиздүүлүгүн текшерүү сунуш кылынды.

Буга чейин "жоопкерчилиги каралышы керек" деген жетекчилердин арасында Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун да аты аталып жаткан. Бирок кечээги жыйынга Марипов өзү келип катышып, тиешелүү документтерди көрсөттү деген жүйө менен тизмеге киргизилген жок.

Нышанов: энергетиктер жооп берсин

Комиссиянын мүчөсү Сайдулла Нышановдун айтымында, корутундуда кайсы бир адамдардын аты аталганы алардын сөзсүз күнөөлүү экенин билдирбейт:

- Ысымы жазылгандары "күнөөлүү" дегенди билдирбейт. Аны парламентке алып чыгабыз жана Башкы прокуратурага жөнөтөбүз. Алар иликтеп, мыйзамга жараша кандай тиешеси болгонун аныктап чыгат. Тизмеге ошол кездеги өкмөт башчылардан тартып министрлер, башка жетекчилер болуп отуздай адам кирип жатат.

Бирок иликтөө корутундусунда аты аталган бир катар адамдар депутаттык комиссия туура эмес жол менен кеткен деп эсептешет. Алар "Бишкек Жылуулук электр борборун оңдош керек" деп, ал үчүн иш алып барган жетекчилерди катары менен жооптуу катары тизмеге киргизүүнү осол иш катары баалашууда.

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Маселен, мурдагы юстиция министри, “Ата Мекен” фракциясынын азыркы лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, депутаттык комиссия мүчөлөрү ЖЭБди оңдоо зарылчылыгы менен андагы коррупцияны бөлүп карабай жаңылыш корутунду кабыл алынды:

- Депутаттык комиссиянын чечими чыкты. Анын долбоорун көргөм, бирок чечим менен тааныша элекмин. Бул жерде үч маселени бири-бири менен байланыштырбай бөлүп карап, үч суроого так жооп бериш керек эле. Биринчиси - Бишкек Жылуулук электр борборуна модернизация керек беле? Керек болчу. Ага насыя алыш керек беле? Алыш керек эле. Ал эми ошол насыяны энергетиктер туура пайдаландыбы? Ошол суроого жооп табыш керек болчу. Биздин позиция боюнча модернизацияга насыя алынышы керек болчу. Ошондуктан өкмөт Кытайдан насыя алып, Жогорку Кеңеш ратификациялап, президент кол койду. Ал эми алынган насыяны энергетиктер, “Электр станциялары” ишканасы кытайлык ТВЕА компаниясы менен сүйлөшүү өткөрүп, 386 миллион долларга Бишкек ЖЭБинин 30 пайызын эле жаңылаганында маселе болуп жатпайбы. Бул жерде укуктук бааны ушул өңүттө бериш керек. Парламент мыйзам кабыл алып, ратификациялап, президент кол коюп, андан соң гана насыя келген. Ал эми ошол каражатты сарамжалдуу пайдаланбай, оңдоо иштери эки эсе кымбат баада жасалган. Ошол кымбат баада жасаган энергетиктердин жоопкерчилиги каралышы керек.

Буга чейин мурдагы премьер Жантөрө Сатыбалдиев ЖЭБдеги акыркы кырдаал үчүн өзүн жоопкерчиликтүү деп эсептебей турганын айткан эле. Анын жүйөсүндө, борборду жаңылоо боюнча келишимди даярдоодо коррупция болгон эмес.

- Соңку кырдаал адистердин шалаакылыгынан улам жаралды, - деген эле экс-премьер Сатыбалдиев.

Сатыбалдиев: ЖЭБдеги абал үчүн жооптуу эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:32 0:00

Ал эми Кытайга ТВЕА компаниясынын чакыруусу менен барып келгени үчүн иликтөө корутундусуна аты жазылгандардын бири, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кытайга барууда эч кандай кызыкчылык, мыйзамсыз аракет болбогонун билдирүүдө:

- Эгер андай чечим кабыл алышса жакшы болуптур. Эртең мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чогулуп келсе, депутаттар "биз барып көрөбүз, текшеребиз" деген талаптар болбойт. Биз өкмөттүн суранычы менен барганбыз. Эч кандай мыйзам бузулган эмес.

Көңүл бурулчу жагдайлар көп

Айрым талдоочулар жана саясатчылар депутаттык комиссиянын акыркы жүйөсүн эске алганда мурдагы президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын да жазыш керек экенин айтышат. Себеби депкомиссиянын маалыматтарына караганда бул адамдар да ЖЭБди оңдоодон өткөрүү боюнча насыя алуу жана кытайлык компания боюнча келишимге добуш берип, мыйзамга кол койгон. Атап айтканда, 2013-жылдын 11-сентябрында Кыргызстан менен Кытайдын жетекчилеринин көзүнчө Кытайдын "Эксимбанкы" менен насыялык макулдашууга өкмөттүн атынан Ольга Лаврова кол койгон. Андан ары макулдашууну Кыргызстандын парламенти 2013-жылдын 11-декабрында ратификациядан өткөргөн. Ошол эле жылдын 23-декабрында ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо" долбоорун ишке ашырыш үчүн Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган кыргыз өкмөтү менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы насыялык макулдашууну жана жеңилдетилген сатып алуу насыясын ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койгон.

Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия ЖЭБде январь айында болгон кырсыктан кийин түзүлгөн. Ал алгач эки ай иш алып бармакчы болуп, кийин иш мөөнөтү узартылган. Эми анын корутундусун 10-майдагы пленардык жыйында чыгаруу сунушталганы жатат.

Эксперт Даниел Кадырбековдун айтымында, депутаттык комиссиянын корутундусуна байланыштуу бир нече жагдайга көңүл буруш керек:

- Бул жерде комиссия экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке чечим кабыл алганы жана саясий система боюнча бүтүмдү байланыштырдыбы? Мен өз эрки менен же ага каршы кол койгон жетекчилердин жоопкерчилигин азайткым келбейт. Бирок жогорудагы маселеге көңүл бурулбаса “күнөөлүүлөрдү табылды” деген кезектеги шоуга айланат.

Буга чейин депутаттык комиссиянын дагы бир мүчөсү Исхак Масалиев жаралган кырдаал боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган жетекчилердин жоопкерчилиги каралышы керек экенин айткан эле.

Корутундуга кол койгон депутаттар мамлекет жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндө сөз болорун айтканы менен конкреттүү эч кимди аташкан жок. Бул боюнча комиссиянын төрагасы Улан Примовдун жооптору мындай болду:

- Албетте, бул боюнча сөзсүз түрдө сөз болот...

“Азаттык”: Конкреттүү түрдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жөнүндө сөз болот деп айтсак болобу?

Примов: Конкреттүү түрдө мен айта албайм.

Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ишти аткаруучу болуп кытайлык ТBЕА компаниясы дайындалган. Жылуулук электр борборун оңдоо иштери былтыр күзүндө толугу менен бүткөрүлгөн эле. Бирок быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учураганда Бишкек шаары бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жерлери жарыксыз калган болчу.

Бул кырсыкка байланыштуу кылмыш иши козголуп, "Улуттук энергехолдингдин" башчысы Айбек Калиев баш болгон бир нече жетекчи камакка алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG