Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 10:13

ЖЭБ чатагы: баа берилбеген жоопкерчилик


Бишкек ЖЭБи.

Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупциялык иштерге шектүү катары мурдагы жогорку кызмат адамдары камакка алына баштады.

Ошол эле учурда ЖЭБдеги кырсыктын себептерин жана жаңылоого кеткен каражаттын дайынын иликтөө боюнча депутаттык комиссия корутундунун долбоорун даярдап бүттү. Анда жабдуунун жана кызмат көрсөтүүнүн баалары ашкере жогору көрсөтүлгөн фактылар берилип, бирок тиешелүү кызмат адамдарынын жекече жоопкерчилиги так аныктала элек. Андыктан комиссия мүчөлөрү ага бир катар алымча-кошумчаларды сунуш кылган.

Катары менен камалгандар

Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо долбооруна байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча Жалал-Абад шаарынын мэри, "Электр станциялары" ишканасынын 2012-жылдан 2014-жылга чейинки жетекчиси Салайдин Авазов жана анын орун басары Жолдошбек Назаров кылмышка шектүү катары кармалды. 19-апрелде сот бөгөт чарасы катары аларды эки айга тергөө абагында кармоо тууралуу чечим чыгарды.

Буларга удаа эле "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жакында кызматтан алынган жетекчиси Айбек Калиев да 18-апрелде камакка алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов мекеменин Коррупцияга каршы күрөш кызматы жүргүзгөн иштерди санап берди:

- "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси, Жалал-Абад шаарынын азыркы мэри Салайдин Авазовго, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровго жана "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевге Кылмыш-жаза кодексинин 303 ("Коррупция") беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча иш козголуп, буга байланыштуу алар кармалып, тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда бул жарандардын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башкы директору Узак Кыдырбаевге жана Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Ага чейин "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басары Бердибек Боркоев жана анын техникалык директору Алмазбек Жусупбеков кармалган. Алардын баарына ЖЭБди аварияга алып келген жагдай боюнча "Шалаакылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

"Коңулдарга" жашырылган жагдайлар

Ал арада Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын себептерин аныктоо боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия иликтөө корутундусунун долбоорун даярдады. Анда насыя макулдашуусунун шарттары, андан кийин сатылып алынган жабдуулардын, курулуш материалдарынын жана кызмат көрсөтүүнүн баалары ашкере жогору көрсөтүлгөнү аныкталган. Бирок айрым комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, корутундунун долбоорунда бул ишке катышы бар кызмат адамдарынын ар биринин аракеттине толук баа берилген эмес. Мисалы, курулуш иштери дээрлик аяктап калганда, 2017-жылдын 3-июлунда "Электр станцияларын" жетектөөгө келген Узак Кыдырбаев 7-июлда мамлекеттик кабыл алуу актысына кол койгону көрсөтүлсө, ага чейинки жетекчилер Салайдин Авазов менен Таалайбек Толубаевдин аракеттерине баа берилбей калган. Айрыкча Толубаев курулуш долбоору аяктап калганда чукулунан эле кызматтан кетишинин себеби иликтөө корутундусунда көрсөтүлбөй калган.

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Аида Касымалиева ушул күнгө чейин ал адамдын ысымы эч жерде аталбаганын белгиледи:

- Мисалы, Узак Кыдырбаев 3-июлда келип, 7-июлда кол коюп жатпайбы. Мында ага чейинки жетекчилердин аракеттерине баа берилип, алардын жоопкерчилиги каралбай калган. Долбоорду ишке ашырууну көзөмөлдөө ишин жетектөөнүн мөөнөттөрү боюнча карап көрсөк, анда "Электр станциялары" ишканасынын Кыдырбаевге чейинки жетекчиси Таалайбек Толубаевдин аракеттерине эмнеге баа берилбей, анын жоопкерчилиги каралбай жатат деген суроо туулат. Бирок анын жетекчилик мезгилинде долбоор боюнча кандай документтерге кол койгону жана кайсы чечимдерди кабыл алганы боюнча бир да маалымат жок. Бул жерде ал адам мекемени ошол кезде эч бир жетектебеген сыяктуу. Анын аты-жөнүн корутунду долбоорунун эч бир жеринен таппайсыз. Эмнеге? Депутаттык комиссиянын корутундусунун мазмуну абдан маанилүү. Анткени тергөө органдары аны негизги багыт катары карманып, ошого жараша иликтөө иштерин алып барышы мүмкүн. Андыктан мен "тиешелүү кызмат адамдарынын аты-жөнүн жыйынтыктоочу корутундуга киргизсек, анда баарыныкын киргизели" деп сунуш кылып жатам. Ар бир фамилияны кылдаттык менен карап чыгышыбыз керек.

Комиссия ЖЭБ кырсыгы боюнча чечимин чыгарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:32 0:00

Депутаттык комиссиянын корутундусунун долбоорундагы маалыматка караганда, контракттык макулдашуу боюнча Кытайдын Эксимбанкы 386 миллион доллар насыянын эсебинен 115 миллион 800 миң доллар өлчөмүндөгү авансты 2014-жылы 29-майда которгон. Бул "Электр станциялары" ишканасынын ошол кездеги жетекчиси Салайдин Авазовдун учуруна туура келет. Андан көп өтпөй эле ал башка кызматка которулуп кеткен. Корутунду долбоорунда эмнегедир аталган 115 миллион 800 миң доллар аванс каражаттын каякка сарпталганы так көрсөтүлгөн эмес. Анда аталган төлөм кийинки 2015-жылдан тартып төлөнө баштаган сметалык чыгымдарга кошулуп кеткен.

Жогорку Кеңештин "РАЖ" фракциясынын жетекчиси Жыргалбек Турускулов өкмөттүн отчетун кароо учурунда премьер-министрден каражаттын чыгымдалышы эмнеге көзөмөлгө алынбай калганын сурады:

- Сиз өзүңүз парламентке келип, "кышка даярбыз" деп убада бергенсиз. Анан эле Бишкек ЖЭБи кычыраган суукта аварияга учурап, шаар тургундарын үч-төрт күн катуу үшүтүп алдык. Ал жакка модернизациялоого 386 миллион доллар акчаны жумшап, жаңылоо жүргөн экен. Бирок ал акчанын максаттуу сарпталышын көзөмөлдөй алган жоксуз. Өкмөт муну кылдат иликтеп, көзөмөлгө алса болмок. Анткени ал Кытайдан алынган карыз акчаны биздин балдар төлөгөнгө мажбур.

Анткен менен кызматтан кеткен премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепеттери үчүн жалгыз өзү жооптуу эмес экенин кыйытты. Аны менен Сапар Исаков борборду жаңылоо жана аны кышка даярдоо иши үчүн агы чейинки өкмөт башчылары да жооптуу экенин белгилеген. Бирок кышында парламентте авариянын кесепеттерин талкуулоо учурунда Сапар Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн башкарып турганда Кытай тарап менен түзүлгөн бул келишим боюнча сүйлөшүүлөргө катышканын айткан болчу.

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Сапар Исаков бул маселени улам эле парламентте айтып чыгып, талкууга чыгара берүү Кытай тарапты капа кылып жатканын белгилеп, тергөө аягына чыкканга чейин бул темага кайрылууну туура эмес көрдү:

- 386 миллион доллар боюнча бул долбоор мен келгенге чейин эле аткарылып бүткөн. Бирок бул боюнча териштирүү иштери толугу менен аяктаганга чейин катуу сөздөрдү айтпай турсак. Себеби Кытайдын элчиси биздин Тышкы иштер министрлигине келип, биздин министрге абдан катуу айтыптыр. Ал киши "Бээжин сиздердин парламентте мындай сөздөр айтылып жатканына түшүнбөй жатат, буга окшогон талкуулар аркылуу бизди аябай капа кылып жатасыңар" деп билдирген экен. Муну биздин тышкы иштер министри ырастап берет.

"57 миң долларлык кондиционер"

Аткарылчу иштердин ырастамасына ылайык, кийинки төлөмдөр 2015-жылы 11-декабрдан бери жүргүзүлө баштаган. 2015-жылы кеңеш берүүгө, окутууга, изилдеп-долбоорлоого, башкарууга жана курулуш-монтаждоо иштери үчүн төлөмдөр 169 миллион 919 миң доллардан ашуун акча жумшалган. 2016-жылы 28-июнда 49 миллион 895 миң доллар өлчөмүндө экинчи транш которулуп, жогорудагыдай чыгымдарга төлөнгөн. Ошол эле жылы 10-ноябрда 60 миллион 564 миң доллар которулуп, жабдууларды даярдоо жана алып келүү, курулуш-монтаждоо чыгымдарына жумшалган.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов чыгымдар ашкере жогору көрсөтүлгөн одоно фактылардын бети ачылып жатканына токтолду:

- Акча каражаттарынын мыйзам бузуу менен которулганы, аларга актылары жок кол коюлганы боюнча көп кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылат. Ошондой эле бул ишке аралашкан жеке компаниялардын жоопкерчилиги каралат. Анткени алынган жабдуулардын, материалдардын же кызмат көрсөтүүнүн бааларын ашыра көрсөткөн өтө көп жаңы фактылардын бети ачылууда. Мисалы үчүн, базар баасы миң доллар турган кадимки кондиционердин баасын 57 миң доллардан көргөзгөн учурлар бар. Сиздер ушуга ишенесиздерби? Бул жерде баа 57 эсе көбөйтүлгөн. Мындан сырткары арматура, темир-тезек, цемент, бетон сыяктуу жана башка курулуш материалдарынын баалары да ашыкча көрсөтүлгөн экен.

ЖЭБ: Айбек Калиев аттиштер тууралуу айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Комиссиянын корутундусунун долбоорунда берилген маалыматтарга ишенсек, 2014-жылдан 2017-жылга чейин Бишкек ЖЭБине Кытайдан, Швейцариядан, Италиядан, Британиядан, Гонконгдон, Сингапурдан жана АКШдан наркы 170 миллион 737 миң долларга барабар жабдуулар менен материалдар сатылып алынган. Андагы аткарылган иштер, жабдуулар жана курулуш материалдары эң көп кабыл алынган учур "Электр станциялары" ишканасынын кийинки жетекчиси Таалайбек Толубаевдин иш маалына туура келет. Ал мекемени 2014-жылдан тартып башкарып, 2017-жылы 3-июлда чукулунан кызматын тапшырып берген. Бирок буга чейин Таалайбек Толубаевдин депутаттык комиссияга чакырылып, көрсөтмө бергени эч кимдин эсинде жок.

"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Таалайбек Толубаевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Депутаттык комиссиянын корутундусунда анын мекемени үч жылга чукул башкарганы гана көрсөтүлүп, эмнегедир анын аракеттерине баа берилген эмес. Ошондуктан депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында Толубаевдин ысымы атайылап жашырылып жатабы деп шектенгендер бар.

Улан Примов.
Улан Примов.

Бишкек ЖЭБиндеги окуяны иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов "бул маселе талкууга коюлуп, анан жыйынтыктоочу корутундуга киргизилет" деп ишендирди:

- Бизге Мамлекеттик бажы кызматы сатылып алынган жабдуулардын, буюмдардын жана материалдардын тизмесин берди. Ал жерде чынында эле баалар базар баасынан ашкере жогору көргөзүлгөнү аныкталды. Анан эми Толубаев боюнча маселе да сөзсүз түрдө көтөрүлөт. Ал кишинин да жоопкерчилиги каралса керек. Себеби Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору кабыл алынаарда ал киши ошол жерде жетекчи болгон. Ошол учурга чейин сууну химиялык тазалоо боюнча жаңы цех курулган эмес. Дагы бир цех курулбай калган. Бирок кабыл алуу актысы болгон. Ал кишиден кийин келген Узак Кыдырбаев бул маселени олутуу карап чыгып, ошонун аркасы менен химблокту азыркы учурда курууга мүмкүн болгону тууралуу маалыматтарды алдык. Кийин ал маалыматтар тиешелүү документтер менен тастыкталды.

Бишкек ЖЭБин модернизациялаш үчүн 2018-жылдын 1-февралына карата аткарылган иштердин жалпы көлөмү 360 миллион 445 миң долларды түзүп, 25 миллион 554 миң доллар калдык калган. Анын 19 миллион 300 миң доллары макулдашууга ылайык, кемчиликтерди оңдош үчүн кепилдик төлөмү катары көрсөтүлсө, 6 миллион доллар жаңы химиялык блокту курууга калтырылган.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Сайдулла Нышанов корутундуда иликтөөдө табылган фактылар боюнча тиешелүү жетекчилердин баарынын атын атап, алардын ар биринин жекече жоопкерчилигин кароого каршы:

- Негизи биз бул иш боюнча тиешелүү кызмат адамдарынын аты-жөнүн киргизбей эле койсок болмок. Анткени биз кимдин кандай аракет кылганын жана алардын ишмердигин тергеп чыгып, баа бергидей тергөөчү эмеспиз да. Анан калса айрымдары кармалып, абакка отургузулуп жатат. Буга тиешелүү тергөө органдары баа бериши керек. Биз эми мындай, жалпысынан эле саясий баа берип, ошол жагына токтолушубуз зарыл. Анан бул макулдашууга кимдер кол койгону боюнча коомчулуктун талабын эске алып, ошого байланыштуу гана кээ бир адамдардын эле ысымдарын мисал келтирсек болот.

Чалкадан түшүргөн сандар

Депутаттык комиссиянын корутундусунун долбоорунда азыр камакта отурган "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Узак Кыдырбаев "сууну химиялык тазалоо цехи курулбаган шартта жаңы объектини мамлекеттик кабыл алуу актысына кол койгону" көрсөтүлгөн. Узак Кыдырбаев 2017-жылы 3-июлда кызматка киришип, 6-июлда кытайлык ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, техникалык тапшырмада көрсөтүлүп, бирок кийин долбоорлоо документтерине кирбей калган химиялык блокту куруу маселесин көтөргөн. Анда тараптар цехтеги эски жабдууларды чыгарып, жаңы химиялык блокту курууга макулдашкан.

Узак Кыдырбаев 2017-жылы 7-июль күнү ушул жагдайды жана жумушчу комиссиянын актысын эске алуу менен объектини мамлекеттик кабыл алуу актысына кол койгон. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун 2017-жылы 5-июнда эле 45 адамдан турган жумушчу комиссия текшерип, "каралган көлөмдөгү иштер аткарылган жана жабдуулар ишке берүүгө даяр" деген чечим чыгарып берген. Алардын арасында Бишкек ЖЭБинин азыркы жетекчиси Воропаев да бар.

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

Парламенттин отун-энергетика комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев курулуш бүтүп, борбордун ачылышынан кийинки отчет таң калычтуу болгонун белгиледи:

- Бул жерде 45 адамдан турган жумушчу комиссия мамлекеттик кабыл алуу актысына кол коюлганга чейин анын баарын карап чыккан экен. Анан Толубаевдин тушунда жабдуулардын жана материалдардын эң көп траншы болуптур. Биз курулуш иштери жүрүп жатканда ага кийлигише алган эмеспиз. Себеби андай укугубуз жок. Иш бүткөндөн кийин барып, отчетун сурап, көрүп алып чалкабыздан кеттик да! "Кычкач 600 доллар, видеобайкагыч 14 миң доллар" деген алгачкы маалыматтарды ошол отчеттон алганбыз. "Мунун баары каяктан чыкты?" десек, эч ким жооп бере алган эмес. Бизде ошондон кийин шектенүү пайда болуп, ал акчаны булар келишип туруп, бөлүп алгандай сезилди. Анткени булар химблокту курдурбай туруп эле Бишкек ЖЭБинин ачылышын уюштурганга эмне үчүн шашылган деген суроо пайда болгон эле.

Бирок корутундунун долбооруна караганда ТВЕА компаниясы 12-июнда "Электр станциялары" ишканасынын Узак Кыдырбаевге чейинки жетекчиси Таалайбек Толубаевге ЖЭБдин ичиндеги сууну химиялык жактан тазалаган эски цехтин жарамдуулугун айтып, "жаңы химблокту куруунун зарылчылыгы жок" деп кат жиберген. Бул кат алышуунун түпкү максаты депутаттык комиссияга азырынча белгисиз. Ал эми убактылуу депутаттык комиссиянын башка бир мүчөсү Исхак Масалиев маселенин өзөгүн Кытай тарап менен кол коюлган келишимден көрөт:

- Мен бул жерде жоопкерчиликти башка жактан көрөм. Бул келишим үчүн ошол кездеги өкмөт башчы жана президент жооп берүүгө тийиш. Анткени алар мамлекеттин саясий жетекчилиги болгон соң, алардын саясий жоопкерчилиги болушу керек. Баштапкы сүйлөшүүлөрдү ошолор жүргүзгөн да. Анан эми каражаттын кандай сарпталышы боюнча маселеде, тиешелүү министр же болбосо "Электр станциялары" ишканасы сыяктуу мекемелердин ошол кездеги жетекчилери - болгону аткаруучулар гана. Буга Ак үйдөн көрсөтмө берилген. Жакшылап иликтесек, анын куйругу ошол жактан чыгат.

Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламенттин тиешелүү комитеттеринин айрым эскертүүлөрү менен 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ал макулдашууну колдоп буйрук чыгарып, финансы министри Ольга Лавровага кыргыз тараптан насыя макулдашуусуна кол койгонго ыйгарым укук берген.

Кытайдын "Эксимбанкы" 386 миллион доллар насыяны 2 пайыздык жеңилдетилген шартта, 20 жылга Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого берген болчу.

Сатыбалдиев: ЖЭБдеги абал үчүн жооптуу эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:32 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG