Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

"Электр станцияларынын" башчылары камалды


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкка байланыштуу дагы эки жооптуу аткаминер камакка алынды. Бул ирет камакка алынган "Электр станциялары" ишканасынын директору Узак Кыдырбаев менен Жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорунун жетекчиси Темирлан Бримкуловго "ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланган" деген кине тагылууда.

"Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев жана Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго кылмыш иши козголуп, камакка алынганын УКМК 4-апрелде жарыялады. Комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, айыпталуучулар бир күн мурда суракка чакырылып, камакка алынган:

УКМК.
УКМК.

- 2018-жылдын 3-апрелинде "Электр станциялары" ААКынын башкы директору Узак Кыдырбаев жана аталган ишкананын Бишкек ЖЭБин модернизациялоону башкаруу боюнча тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды. Учурда алар УКМКнын тергөө абагында камакта. Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Атайын кызматтын өкүлү билдиргендей, бул кылмыш иши Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсык боюнча 30-январда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган. Анда кылмыш иши "Шалаакылык" беренеси боюнча козголгон. Эми болсо жооптуу адамдарга "ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланган" деген айып тагылууда.

Аттары аталган адамдар кантип ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланганын УКМК ачык жарыялай элек.

Бирок Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллардын дайын-дарегин жана кырсыкты иликтеген депутаттык комиссия мүчөлөрү камакка алуу күтүүсүз болбогонун билдиришүүдө.

Комиссиянын төрагасы Улан Примовдун айтымында, күч органдары иликтөөнү аягына чыгарууга аракет кылышы керек.

- Атайын кызматтар бул багытта иликтөө жүргүздү. Анын жыйынтыгы менен кошумча жагдайлар ачыкка чыгып жатканын көрүп жатабыз. Демек, бул жерде мурда белгисиз болгон бир топ нерселер болушу мүмкүн. Ошондуктан таң калаарлык деле эч нерсе жок.

Ал эми депутаттык комиссиянын дагы бир мүчөсү Исхак Масалиев эгер комиссиянын тыянагына күч органдары көңүл бурса, дагы бир жетекчилер жоопко тартылышы керек болоорун эскертүүдө.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Мен үчүн күтүлгөн эле нерсе болду. Бирок бул жерде бир жагдай бар - бул камоо Кытайдан алынган насыяга тиешеси бар-жок экенин аныктоо зарыл. Ал эми эгер биздин депутаттык комиссия да бул боюнча ачыкка чыгарган маалыматтарга укук коргоо органдары көңүл бурса, дагы бир топ жетекчилер жоопко тартылышы мүмкүн. Алар камалабы же административдик жазага тартылабы - аны укук коргоо органдары аныктайт.

Депутаттык комиссия иликтөөнү жыйынтыктаганы, учурда корутунду даярдалып жатканы кабарланууда.

ЖЭБ: Айбек Калиев аттиштер тууралуу айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта калаа тургундарына беш күн бою жылуулук берилген эмес.

Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп, Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыянын канчалык максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Бул кырсыктын себебин иликтөө боюнча өкмөт мекеме аралык комиссия түзсө, парламент депутаттык комиссия түзгөн.

Буга чейин бул кылмыш ишинин алкагында "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басары Бердибек Боркоев менен техникалык директору Алмазбек Жусупбеков камалган эле. Ал эми кырсыкка жооптуу катары Бишкек ЖЭБинин ошол кездеги директору Нурлан Өмүркул уулу баштаган бир нече кызматкер иштен кеткен. Премьер-министр Сапар Исаков иликтөөнүн жыйынтыгы менен дагы бир катар жетекчилер кызматтан кетерин билдирип келет.

Фарид Ниязов жана Толгонай Стамалиева.
Фарид Ниязов жана Толгонай Стамалиева.

Ал арада ЖЭБге байланыштуу маселе саясатташып, өлкөнүн мурдагы жана кийинки жетекчилеринин арасында пикир келишпестикке алып келди.

КСДПнын төрагасы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өткөн жуманын аягында ЖЭБдин кышка даярдык көрүү боюнча иштерин азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү өткөргөнүн айтып чыккан эле.

Бул билдирүүгө байланыштуу Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева менен Атамбаевдин орун басары Фарид Ниязов экөө ачык кайым айтышты.

4-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен Антикоррупциялык кызматтын башчысы Сагынбек Исмаиловду кабыл алып, коррупциялык иштерди, анын ичинде Бишкек ЖЭБиндеги абал боюнча күрөштү күчөтүүнү тапшырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG