Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:18

ЖЭБ чыры: таасирдүү аткаминерге доомат


Нурханбек Момуналиев (архивдик сүрөт).
Нурханбек Момуналиев (архивдик сүрөт).

УКМК Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде өкмөттүн мурунку аппарат башчысы Нурханбек Момуналиевди суракка алды.

Анын жакын тууганы түзгөн деген компания жылуулук электр борборунун от казандарын оңдош үчүн өткөрүлгөн жасалма тендер, ири өлчөмдө акча кымырып алуу фактысы боюнча айыпталып жатат.

Бир канча жылдан бери өкмөттө иштеген, аппаратты башкарган Момуналиев кызматтан 12-мартта күтүүсүз кеткен жана өзү арыз жазганы кабарланган. Момуналиев суракка байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Анын бир тууган агасы Уланбек Момуналиев дооматтар негизсиз экенин билдирди.

УКМК Нурханбек Момуналиев тууралуу азырынча учкай гана маалымат берип жатат. Атайын кызматтын басмы сөз өкүлү Рахат Сулаймановдун "Азаттыкка" айтканы боюнча, ал 22-мартта сурак берип чыкты:

- Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун от казандарын оңдош үчүн өткөрүлгөн тендер боюнча суракка чакырылды. 2017-2018-жылдары Бишкек шаарында жылуулук маалын өткөрүүгө даярдык көрүү жана оңдоо иштеринин алкагында жалданып иштеген "АйМар Энержи" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Нурханбек Момуналиевдин жакын тууганы болгондуктан ал суракка чакырылды.

Нурханбек Момуналиев жана "АйМар Энержи" жоопкерчилиги чектелген коом бул окуя боюнча азырынча үн ката элек.

"Азаттык" Момуналиевдин агасы Уланбек Момуналиев менен байланышты. Ал бир тууганы "АйМар Энержинин" түзүүчүлөрүнүн бири деген маалыматты жокко чыгарды. Иниси "мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өкүл баласы, анын эң жакын адамдарынын бири" деген сөздөрдү да жалган деп атады:

- Ал жакта эч ким жок, уккан да эмеспиз. Карган десең карганып деле берейин. Тиешебиз жок. Менин да тиешем жок. Өзүм окуп алып таң калдым. Баары ушак. Мына мен сегиз жылдан бери жумушу жок жүрөм. Иним кызматка барышыма каршы. Ал киши ошондой. Азыр эми элди дүрбөтүп эле бир нерселерди айтып, жазып жатышат. Мен өзүм таң калдым. Нурканбек жумуштан кеткенден бери аны менен сүйлөшө да, көрүшө да элекмин. Ал эле эмес анын орун басарлары, көп эле адамдар кетти да. Анын фирмасы да жок. "Алмазбек Атамбаевдин өкүл баласы" деген сөздөрдүн баары жомок. Болгону 2008-жылы анын жардамчысы болуп иштеген. Ыңкылаптан кийин аппарат башчынын орун басары, аппарат башчы болуп иштеп жүрдү. Айтылган сөздөрдүн баары негизсиз. Ошол иштерге аралашып коюп кызматта отурмак беле? Ал фирманы уккан да эмеспиз, анын фирмасы жок.

Президенттин "сол колу"

47 жаштагы Нурханбек Момуналиев Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган. 1999-жылы Чүй университетин, 2006-жылы президентке караштуу Башкаруу академиясын, 2015-жылы Дипломатиялык академияны аяктаган.

Ал өкмөттүн аппаратына 2005-жылы келген жана 2010-жылга чейин инспектор, бөлүм башчы, аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн, президенттин, премьер-министрдин аппараттарынын жетекчисинин орун басары болуп эки жыл иштеген.

Мамлекеттик кадр кызматын 2012-жылы кыска убакыт башкарган. 2012-2016-жылы кайра өкмөттүн аппаратын жетектеген. 2016-жылы да Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи болуп дайындалган, бирок бир жылдан кийин эле өкмөттүн аппарат башчысынын кызматына кайра келген.

Амангелди Муралиев.
Амангелди Муралиев.

Нурханбек Момуналиев апрель ыңкылабынан кийинки өкмөт башчылардын дээрлик баары менен иштешкен. Арасында экс-премьер-министр Амангелди Муралиев да бар. Ал өкмөттүн аппарат башчысы таасирлүү саясий кызмат экенине токтолду:

- Менимче, бул киши КСДПнын өкүлү болушу керек. Мен аны менен 2010-жылы техникалык өкмөттө алты ай чогуу иштегем. Өкмөттүн аппарат жетекчиси премьер-министрдин "оң колу" болбосо да "сол колу" деп эсептелет. Материалдардын, документтердин баары ошонун көзөмөлүндө болот. Аппараттын жетекчиси аппарат менен документтерди, материалдарды экспертизадан өткөрүп, баарын даярдап, кол коюп, анан премьер-министрге барат. Бул абдан жооптуу кызмат. Аппарат жетекчисинин ролу чоң. Мыйзам боюнча ал министр деген рангга ээ, өкмөттүн мүчөсү. Эми жанагы иште анын таасири барбы же жокпу, аны УКМК далилдеши керек.

Нурханбек Момуналиевдин жакын тууганы түзгөнү кеп болгон "АйМар Энержи" компаниясынын аты былтыр жазында ГЭСтерди оңдоо боюнча тендерден чыккан чырда аталган.

Токтогул, Шамалды-Сай, Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтерин оңдоо боюнча баасы 43,5 миллион сомдук тендерге жети компания катышып, аны орусиялык "Гидроремонт ВВК" компаниясы утуп алган жана ал "АйМар Энержи" компаниясын жалдаган.

Расул Үмбөталиев.
Расул Үмбөталиев.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Үмбөталиев "бул ишке "АйМар Энержинин" квалификациясы туура келбейт, тендер боюнча мыйзам бузулду" деп президент баштаган өлкө жетекчилерине чейин кайрылуу жиберген:

- Тендерге кыргызстандык компаниялар катышып утуп алган. Тендердик комиссиянын чечими бар. Алар үч жолу чечим чыгарган. Анда орусиялык "Гидроремонт ВВК" компаниясы катышып, ал "АйМар Энержини" жалдаган. Тендердик комиссия "Аймар Энержи" эч кандай квалификациялык талапка жооп бербейт" деп булардын арызын караган эмес. Булар Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуу боюнча арыздарды караган мекеме аралык комиссияга кайрылган. Алар "бул арызды карап көргүлө" деп чечим чыгарган. Министрликтин департаменти алып-сатуу жараянын он күнгө токтотуп койгон. Бирок "Электр станциялары" ишканасынын ошол кездеги жетекчисинин орун басары Бердибек Боркоев өзүнүн чечими менен "Гидроремонт ВВК" менен "АйМар Энержини" жеңүүчү деп тапкан.

"АйМар Энержи" компаниясынын жетекчилиги ошол учурда мындай дооматтардын баарын төгүнгө чыгарган болчу.

"Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев ушул айдын башында камакка алынган. Ага Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоодо ири суммадагы акчаны кымырып алуу фактысы боюнча айып тагылган жана "оңдоп-түзөө иштерине жасалма келишимдерди түзүп, компанияларга акча которгон" деп маалымдалган.

УКМК ЖЭБге 2017-2018-жылкы күз-кыш мезгилине даярдык үчүн бөлүнгөн акчанын кымырылып кеткенине байланыштуу бир нече берене менен кылмыш ишин козгоп, тергеп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG