Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

ЖЭБге коюлган камералар боюнча суроо көп (видео)


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Депутаттык комиссия ЖЭБдеги авариянын жагдайларын жана ТВЕАдан бөлүнгөн акчага курулган мектепке жумшалган акчанын иштетилишин талкуулап жатат. Комиссия Бишкек Жылуулук электр борборуна коюлган 128 камера боюнча маалыматтарды да тактады.

Комиссиянын мүчөсү, депутат, "Республика - Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Акылбек Жамангулов "Жылуулук электр борборуна 128 видеокамера коюунун зарылчылыгы бар беле?" деген суроо койду.

- 128 камера менен бүт Бишкекти карап турасыңарбы? "Эл аралык деңгээлдеги камера" деп мактаган камералар Кытайдын белгисиз фирмасыныкы экен. Эмне үчүн белгилүү компаниялардын камераларын алган жоксуңар? Ферганадагы жылуулук борборун жапондор былтыр жаңылашкан. Саатына 560 млн. кВт электр энергиясын чыгарат. Мына ушуну жапондор 132 млн. долларга эле курган. Сиздер "биздин ТЭЦтин модернизациясы арзан түштү" деп коомчулукту алдабагыла.

Депутаттар ЖЭБдеги камералардын баасына кызыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:09 0:00

Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп, Кытай берген ири суммадагы каражаттын максаттуу сарпталганы жөнүндө суроо жараткан.

Жылуулук электр борборун жаңылоодо жана кытайлык TBEA компаниясы менен келишим түзүүдө кемчиликтер орун алганын Эсеп палатасы жана депутаттык комиссия да аныктаган. ЖЭБди жаңылоого берилген 386 млн. доллар Кытайдын Кыргызстанга берген карызы болуп эсептелет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG