Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Өкмөттүн чечими: кадыры кеткен катуу сөгүш


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Кыргыз өкмөтүндө бул апта министрлерге чара көрүү менен башталды. Ишиндеги кемчиликтери үчүн өкмөт аппаратынын жетекчиси кызматынан кетти. Премьер-министр Сапар Исаков беш министрге, ондон ашык башка жетекчилерге катуу сөгүштөн эскертүүгө чейин чара көрдү.

Дүйшөмбү кыргыз өкмөтүндө жетекчилерди жазалоо менен башталды. Алгач болуп өкмөт аппаратынын башчысы, тажрыйбалуу аппаратчы катары сыпатталган Нурханбек Момуналиевди кызматтан алуу боюнча премьер-министр Сапар Исаков президентке сунуш киргизгени маалым болду. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов да "Азаттыкка" ырастады:

- Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз өкмөтүнүн аппарат жетекчиси, министр Нурханбек Момуналиевди берген арызына ылайык кызматтан бошотуу жана өкмөт мүчөлүгүнөн чыгаруу боюнча президентке сунуш киргизди.

Нурханбек Момуналиев
Нурханбек Момуналиев

Момуналиев өзү болсо кызматтан кетүү тууралуу чечимин акыркы учурда өкмөт аппараты даярдаган эл аралык маанидеги документтердеги алешемдиктерден улам кабыл алганын жергиликтүү маалымат каражаттарына түшүндүрдү.

Нурханбек Момуналиев "алешемдик кетти" деп ЕАЭБдин Бажы кодекси жана Миграция тармагында өкүлчүлүктөрдү уюштуруу боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимди айтып жатат. Евразия Экономикалык Биримдигинин Бажы кодекси боюнча чырлуу жагдай жаңы жыл алдында келип чыгып, анын айынан парламент кезексиз жыйынга чогулууга мажбур болгон.

Ал эми өкмөттү уят кылган экинчи келишим боюнча маселе өткөн аптада ачыкка чыккан эле. Анда Орусиянын аймагында Кыргызстандын тогуз, ал эми Кыргызстандын аймагында Орусиянын эки өкүлчүлүгүн ачуу боюнча келишимди Жогорку Кеңеш ратификациялап, президенттин кол коюусуна жиберген. Бирок кайра ал келишимдин ишке киришине каршы чыгып, президенттен ага кол койбоону суранган. Өкмөт өз суранычын аткаруу бийлиги даярдаган келишим толук иштелип бүтпөй калганы менен түшүндүрүп, күнөөсүн моюнуна алган.

Мындай ыңгайсыз жагдайды парламент өкмөттөгү тиешелүү жетекчилердин компетентсиздигинин кесепети катары баалап, юстиция министри Уран Ахметов менен Миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевди кызматтан алууну премьер-министрге сунуш кылган болчу.

Премьер-министр болсо бул алешемдикке жооптуу киши катары Нурханбек Момуналиев менен катар өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Улан Маматкановду, укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы Максат Эсеналиевди кызматтан бошотту. Мунун артынан премьер-министр ондон ашык жетекчиге катуу сөгүш жарыялап, эскертүү берди.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тактап айтканда, мамлекеттик инвестиция боюнча жетиштүү аракет көрбөгөнү үчүн саламаттык сактоо министри Талант Батыралиевге, билим берүү министри Гулмира Кудайбердиевага, экономика министри Артем Новиковго, айыл чарба министри Нурбек Мурашевге, энергетика, өнөр жай комитетинин башчысы Уланбек Рыскуловго, Айлана-чөйрөнү коргоо жана экология агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамовго жана Курулуш, архитектура агентигинин башчысы Бактыбек Абдиевге катуу сөгүш берилди.

Ал эми финансы министри Адылбек Касмалиев менен юстиция министри Уран Ахмедовго эскертүү берилсе, мындан сырткары бир нече министрдин орун басарларына сөгүш берилди.

Өкмөт башчынын мынча көп министрлерди жазалоосу дароо коомчулуктун талкуусун жаратты. Айрымдар мындай абалды өкмөттөгү кадрдык кризис катары баалап, жетекчилердин улам-улам ката кетиришинин аркасында премьер-министрдин жоопкерчилиги турат деген пикирлерин билдиришти.

Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев мындай кырдаалдан алгач болуп премьер-министр өзү жыйынтык чыгарышы керек деп эсептейт.

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Өкмөттүн бардык министрликтеринен макулдашуудан өтүп, даярдалып келген документтерде өтө чоң каталар кетип жатканы бир тармактын эле жетекчисинин эмес, премьер-министр баш болгон жогорку жетекчилердин да документтерди, келишимдерди даярдоодогу ишинин начарлыгынан кабар берет. Ал эми сөгүш берүү менен эле абал оңолбойт. Бул жөн гана премьердин айрым жетекчилерди "кетире албайм" деген ишараты. Бирок премьер-министр парламентте "өкмөт үчүн мен жоопкерчилик тартам" деген эле. Ошондуктан бул кырдаалда премьердин чоң жоопкерчилиги бар.

Ал эми бийликчил КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров муну боло келген көрүнүш катары баалады. Анын айтымында, премьер-министр коомдогу жана парламенттеги сындан жыйынтык чыгарып жатат.

- Бул эми демократиялык өлкөлөрдөгү кадимки эле көрүнүш. Парламенттен, коомчулуктан сын айтылган соң премьер андан жыйынтык чыгарып, алган чечими катары эле кабыл алдым.

Негизи эле акыркы учурда кадр саясатына ичи чыкпай, сын айткандар арбын. Алар өкмөт кесипкөй министрлерден өксүп жатканын айтып жатышат.

Саясат таануучу Медет Төлөгөнов өкмөт башчы Сапар Исаков мындай сын-пикирлердин алдын алып, "өкмөттөгү чабал кадрларга чара көрүү менен өз ордун сактап калууга аракет кылып жатат” деп ойлойт.

- Парламент азыр катуу талаптарды коюп, образдуу айтканда “кан” талап кылууда. Анын үстүнө өкмөттүн курамында мурдатан келе жаткан жетекчилер арбын. Ката үстүнөн ката кете бергендиктен ушундай кырдаал жаралып жатат. Ошондуктан премьер бул кырдаалды жайгаруу, жумшартуу үчүн дал ушундай чараларга барып жатат.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта куралган. Алгач ал жалаң жаш адистерден түзүлгөн прогрессивдүү өкмөт катары сыпатталган эле. Бирок алты ай өтпөй жатып, анын курамында бир катар өзгөрүүлөр болду. Бир гана премьерди курчаган ондон ашык кеңешчиси өзгөрө элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG