Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:24

Сариев: ЖЭБдеги авариянын модернизацияга тиешеси жок


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Бул тууралуу мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев 2-апрелде Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо боюнча баштапкы келишимге ылайык, эки жаңы агрегат курулууга тийиш болчу. Сариев ЖЭБдеги аварияга модернизациянын тиешеси жоктугун белгилеп, буга себеп катары кышкы суукка даярдык маселесин кароону сунуш кылды.

Ал эми тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоого берилген насыя акча алуу боюнча келишимди ратификациялоо зарылдыгы болбогонун, анткени бул кыргыз өкмөтү тарабынан кепилдик берилген карыз болуп эсептелерин кошумчалады.

Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеп жаткан депутаттык комиссия ушул тапта жыйын өткөрүүдө. Ага мурунку жана азыркы өкмөт мүчөлөрү чакырылган. Мурдагы өкмөт башчылардын ичинен Жантөрө Сатыбалдиев жыйынга келген жок. Мурдараак ал өзү ЖЭБди жаңылоо боюнча кол койгон документтерде коррупция жоктугун, Жылуулук электр борборундагы абалга жооптуу эмес экенин "Азаттык" менен болгон маегинде билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG