Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 13:07

Бишкек Жылуулук электр борборунда 26-январда башталып, бир жумага созулган өндүрүштүк кырсыктан кийин модернизациялоо иштериндеги мүчүлүштүктөр, химиялык цех тууралуу ар кандай маалымат айтылууда.

Бул багытта ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Бишкек жылуулук электр борборунун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу ишканадагы кырсыкты модернизация иштеринде химиялык блок курулбай калганы менен түшүндүрдү. Бул айтылгандарга кандай комментарий бересиз?

Темирлан Бримкулов: "Жаңы блок курулбаганы үчүн кырсык болду" дегенге мен абдан каршымын. Анткени жаңы химиялык суу даярдоочу цех куруу долбоордо жок болчу. Техникалык экономикалык негиздемеде жок эле, ал эми техникалык тапшырмада азыркы химиялык суу даярдоо системасын колдонуу мүмкүнчүлүгү боюнча "эксперттик баа берилсин, эгер аны пайдаланууга мүмкүн болбосо жаңы система куруу каралсын" деп жазылган.

2014-жылы долбоорлоо иштери башталганда кытайлыктар ЖЭБден бардык маалыматтарды алган. Ошондо ЖЭБ кытай долбоорчулары талап кылган документти берген. Анда 2012-жылдын отчету да бар болчу. Ошонун негизинде чыгарылган иликтөөдө жаңы химиялык цехти куруунун кажети жок эле. Ошондон кийин ал маселе көтөрүлгөн эмес. Баштапкы долбоордо да, иш долбоорунда да каралган эмес.

2016-жылы ЖЭБде химиялык цехтин жаңы башчысы келгенде, “жабдуу эскирди, жаңы суу тазалоочу курулса жакшы болот эле” дегенден кийин маселени карай баштаганбыз.

“Азаттык”: ЖЭБде советтик доордон берки система иштеп келатканы, эскилиги жеткени мурда деле айтылып жүрбөдү беле?

Темирлан Бримкулов: Бул жерде көп маселе бар. Анткени азыркы иштеп жаткан химиялык цехте биринчи жана төртүнчү кезек деп коет. Биринчи кезеги саатына 280 тонна, төртүнчү кезеги саатына 500 тонна суу даярдоо мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ушунча жыл өтүп, эскирсе деле анын мүмкүнчүлүгү жакшы эле. Жыл сайын ремонт болуп, каралып турат да.

“Азаттык”: Анда сиздин оюңузча, ЖЭБдеги кырсыкка эмне себеп болду?

Темирлан Бримкулов: Азыркы иштеп жаткан химиялык блокко кошумча жабдуу өз убагында кошулган эмес. Аны ЖЭБдин азыркы башчысы Воропаев деле айтты. Убагында кошумча жабдуу кошулбаганы үчүн жетишпегендик болгон да. Бул ыкчам персоналдын кемчиликтери. Негизи кытайлык компания курган үчүнчү блок сууга толтурулуп, даяр болчу.

“Азаттык”: ЖЭБдин азыркы директору Андрей Воропаев тууралуу сөз козгоп кеттиңиз. Кырсык болгон маалда ал директордун техникалык маселелер боюнча орун басары болуп иштеген экен. Ага чейин модернизация башталгандан кийин үч жыл бою ишкананы жетектеп турган. Бирок ал кайра директор болуп дайындалды. Айтсаңыз, кырсыкка Воропаевдин да жоопкерчилиги бар беле?

Темирлан Бримкулов: Бул суроого жооп берүүгө мен компетенттүү эмесмин. Аны өкмөт түзгөн комиссия чечкен. Ошого мен эч нерсе айта албайм. Негизи Воропаев 2017-жылга чейин директор болгон. Нурлан Өмүркул уулу деле башкы инженер болуп, ага чейин деле иштеген да. Модернизация башталгандан бери ошол жерде башкы инженер болуп жүргөн киши. Ал деле жетекчиликтин экинчи адамы.

“Азаттык”: ЖЭБдин мурдагы директору "модернизациянын жүрүшүндө химиялык блокту куруу тууралуу көп жолу айтканбыз" деп атпайбы. Тактап айтсаңыз, эмнеге кирбей калган? ЖЭБ берген маалыматтын негизинде "жаңы цехтин кереги жок" деп чечим чыгаруу туурабы? Терең изилдениши керек беле?

Темирлан Бримкулов: "Эмне үчүн киргизилбей калды?" деген суроо бир аз туура эмес болуп калат. Аны убагында эксперттик баалоо жүргүзүш керек болчу. Эксперттик тыянакта биздин ЖЭБ кытайлыктарга "жаңы химиялык цехти куруунун кереги жок" деген документ берген. Чындыгында, андан кийин биз баштапкы долбоорду да, иш долбоорун да ЖЭБдин персоналы менен макулдашканбыз. Ошондо алар эч нерсе айткан эмес. 2016-жылы "эскирди" деп айткандан кийин биз Кытай тарап менен "келечекте да жаңы блоктор эски блокторго байланбай иштесин" деп сүйлөшүп, жаңы блоктор үчүн химиялык суу даярдап берүүчү система куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Өмүркул уулу: ЖЭБдеги кырсыктын чыныгы себебин жашырып жатышат
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:38 0:00

“Азаттык”: Нурлан Өмүркул уулу күл чыгуучу жай да долбоорго кирип, бирок курулбай калганын билдирип чыкты. Сиздин жообуңуз?

Темирлан Бримкулов: Макулдашууга ылайык, иш долбоору техникалык тапшырманын негизинде түзүлгөн. Техникалык тапшырмада каралган маселелердин баары иш долбооруна кирген. Иш долбоору толугу менен, 100 пайыз аткарылган. Кошумча химиялык блок 386 миллиондун эсеби менен жасалып атат. Долбоордо көп нерсе бар. Мисалы, эски отун берүү системасын модернизация кылуу. Бирок ЖЭБ иштеп аткан маалда бул системаны модернизациялоо абдан кыйын. Туруктуу иштеп атканда 2-3 айга ремонтко чыгаруу мүмкүнчүлүгү жок болчу. Ошого "жаңы отун берүү системасын курбасаңар болбойт" деген чечим кабыл алынган.

“Азаттык”: Ошондо күл чыгуучу жай модернизация долбоорунда бар беле же жок беле?

Темирлан Бримкулов: Жок болчу.

“Азаттык”: 2014-жылы "химиялык блок кереги жок" деген экспертизаны жүргүзүүгө Кыргызстандын өкүлдөрү катышкан эмеспи?

Темирлан Бримкулов: Тыянакты ЖЭБ берген документтин негизинде кытайлык компания чыгарган.

“Азаттык”: Демек, ЖЭБдин сиз айтып жаткан документи бул ишкананы Андрей Воропаев башкарган кезде берилген турбайбы?

Темирлан Бримкулов: Ооба.

“Азаттык”: "Кытай тарап жаңы химиялык блокту куруш үчүн 5,5 миллион долларды бекер берет" деген маалымат ыраспы?

Темирлан Бримкулов. Ооба. Азыр канча экенин так айта албайм. Бирок 5,5 миллиондон көп. 6 миллионго жакын десек болот.

“Азаттык”: Алардын мындай марттыгына эмне себеп же өздөрүн күнөөлүү сезип жатышабы?

Темирлан Бримкулов: Алардан күнөө кеткен эмес. "Эми ушунча жумуш жасап аткандан кийин силердин блогуңарга өзүнчө химиялык цех салынса жакшы болмок" деген сүйлөшүү жүрүп, макулдашуу түзүлгөн. Ошонун негизинде долбоор иштелип чыгып, каралып атат. Долбоордун алкагында тетиктер келе баштады.

“Азаттык”: Ошентсе да 6 миллион долларга жакын каражат аз эмес. Менде кытайлык TBEA компаниясы кантип эле мынчалык чоң суммадагы акчаны өз чөнтөгүнөн берүүгө көнүп, берешен болуп кетти деген таң калуу пайда болду.

Темирлан Бримкулов: Биерде мындай караш керек. Кытай менен Кыргызстандын ортосунда эки президенттин мамилеси бар. Эми албетте, сиз айткандай, жөн эле берип коймок беле. Сүйлөшүүлөр жүрдү. Кытайдын ТBЕА компаниясы өз аброюн сакташ үчүн ушундай жардам берели деген чечимге келген.

“Азаттык”: ЖЭБге жаңы химиялык блок качан курулат?

Темирлан Бримкулов: Мына азыр долбоор келди. Эми аны макулдашабыз. Андан кийин уруксат бериле турган бардык документтерди алып, кура баштайбыз. Тетиктер азыр келе баштады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG