Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 15:16

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун иликтеген депутаттык комиссия Кытайдын ТВЕА компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзгөн, макулдашууну даярдоого жана чечимдерди кабыл алууга катышкан кызмат адамдарынын тизмесин түздү.

Тизмеге мурдагы премьер-министрлерден Жантөрө Сатыбалдиев менен Жоомарт Оторбаев, бир катар тиешелүү министрлер, энергетика тармагынын жетекчилери баш болгон отузга чукул кызмат адамы бар. Алардын арасына президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да киргизилди. Буга ал президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турганда президентке жөнөткөн кызматтык каты, анда долбоордун баасын төмөндөтүү боюнча ТВЕА компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүгү жана Кытайдын соода өкүлү менен жолугушканы өңдүү жагдайлардын көрсөтүлүшү негиз болду.

Артыкбаевге артылган доомат

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо долбоорун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктады. Депутаттык комиссиянын корутундусунда бул долбоорду ишке ашыруунун таржымалы келтирилген. Анда долбоорго инвестор издөө 2012-жылы башталганы жана ага электр энергиясынын таңсыктыгы себеп болгону көрсөтүлгөн. Анткени модернизациялоо аркылуу Бишкек ЖЭБи кошумча 300 мегаватт электр энергиясын иштеп чыкмак.

Бишкек ЖЭБине байланышкан долбоор боюнча Кытай тарап менен түзүлгөн келишимдин негиздемеси боюнча "Прецедент" юридикалык компаниясынын жетекчиси Нурбек Токтакунов мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге карата Башкы прокуратурага арыз жазды. Ал эмне себептен Артыкбаев боюнча гана арыз жазганын мындайча негиздеди:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

- Келишим боюнча мыйзамдын долбоорун даярдап жатканда маалымкат-негиздеме деген болот. Келишим боюнча мыйзамдын маалымкат-негиздемесине ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев кол койгон. Бул келишимде "коррупциялык жана экологиялык коркунучтар жок" деп жазылган. 386 миллион долларлык макулдашуу болуп жатса, бул жерде милдеттүү түрдө ал мыйзам коррупцияга каршы жана экологиялык экспертизадан өтүшү керек болчу. Бирок ал жерде министр өзүнүн сөзү менен эле "коррупциялык коркунучтар жок" деп койгон. Буга кол коюу менен Осмонбек Артыкбаев укуктук жактан жоопкерчиликтин баарын өзүнө алып калган. Ал министр болгондон кийин президент Атамбаев айтабы же Сапар Исаков айтабы, мыйзамды жетекчиликке алып, катуу туруп, "экспертизалар өткөрүлбөсө, анда ага кол койбойм" деши керек болчу.

Бирок ЖЭБди жаңылаш үчүн Кытайдын ТВЕА компаниясы кандайча тандалганын жана келишимдерге кол коюлганга чейинки жолугушууларда кандай сүйлөшүүлөр болуп, эмне чечимдер кабыл алынганын териштирип чыгууну арыз ээси эмнегедир эске алган эмес.

Көмүскөдө калгандардын жоопкерчилиги

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев "келишимди түзүүдө жана бул долбоорду ишке ашырууда ал кездеги "Электр станциялары" ишканасы менен Энергетика министрлигинин ошол учурдагы жетекчилери техникалык мүнөздөгү гана аткаруучулар болгон" деген позицияда турат.

Депутат Исхак Масалиев Кытай тарап менен бейформал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чечим кабыл алып, кийин аны расмий жолго салууга тапшырма берген адамдардын жоопкерчилиги биринчи кезекте каралышы керек деген пикирде:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Мен бул жерде жоопкерчилик башкача каралышы керек деп эсептеп жатам. Мында биринчи кезекте саясатты аныктаган президенттин, премьер-министрдин жоопкерчилиги каралышы керек. Мамлекетти жетектеп тургандан кийин ошол адамдар сүйлөшкөн да? Ал эми Осмонбек Артыкбаев сыяктуу жетекчилер документтерди техникалык жактан тууралаштырууга гана катышкан да. Алар жөнөкөй эле кызмат адамдары болушкан. Анткени "Ак үйдөн" көрсөтмө болбосо, алар бул долбоорго мурдун да киргизе албайт. Анын куйругу ошол жактан чыгат. ТВЕА компаниясынын эсебинен биздин 15 депутат Кытайга Макаого ойноп барып келген фактыны айтсак болот. Анан эки айдан кийин ошол келишимди бекитип жатышат. Бул кылмышпы? Ушул сыяктуу түз жана кыйыр таасир болгон да.

Депутаттык комиссия териштирген учурда келишим парламенттен ратификация болгонго чейин ТВЕА компаниясынын ишмердиги менен таанышуу үчүн депутаттардын ар башка эки тобу Кытайга бир сыйра барып келгени аныкталган. Мындан сырткары өкмөттүн жана министрликтердин өкүлдөрү да келишимдин шарттарын макулдашуу максатында барганы белгилүү болду.

Ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев депутаттык комиссияга берген көрсөтмөсүндө Кытай тарап менен ага чейин эле сүйлөшүүлөр болгонун ырастаган болчу:

Осмонбек Артыкбаев.
Осмонбек Артыкбаев.

- Негизинен бул Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору боюнча сүйлөшүүлөр 2013-жылдан мурун эле башталган. 2012-жылы башталган. Мүмкүн, андан да мурунураак. Ошол кезден тартып эле ал жак менен байланыштар болсо керек. Ага чейин башка делегациялар да барса керек. Мен билгенден эки депутаттык делегация барып келген. Насыя макулдашуусу боюнча "Эксимбанк" менен сүйлөшүү жүргүзүш үчүн Финансы министрлигинен да барышкан. Андан кийин техникалык адистер да барып турушкан. Айтор, ошол маселе боюнча көп эле каттап турушту окшойт.

Депутаттык комиссиянын корутундусуна ылайык, 2012-жылы орусиялык "Интер РАО" долбоорду ишке ашырыш үчүн 518 миллион долларды 15 пайыз жылдык насыя менен сунуш кылып, жылуулук берүү тармагын толук менчикке өткөрүп берүүнү жана тарифти көтөрүүнү талап кылган. Кытайлык СМЕС насыяны 2,8% өлчөмүндө сунуш кылып, "ишти Кытай тараптын жалдануучулары гана аткарышы керек" деген шарт койгон. СМЕС техникалык шартты берип, бирок анын каржылык бөлүгү жок болуп чыккан.

Корутундунун материалдарына караганда кийин, 2013-жылы жаңы жылдан тартып кытайлык ТВЕА компаниясы менен сүйлөшүүлөр башталган. Андан соң 2013-жылы март-апрель айларында ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү ЖЭБде болгонун, долбоордун техникалык жана каржылык шарттарын сунуш кылышканын "Электр станцияларынын" ошол кездеги башчысы Салайдин Авазов мурдагы энергетика министри Автандил Калмамбетовго, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошондогу башчысы Сапар Исаковго кат жүзүндө кабарлаган. Анда ТВЕА компаниясы долбоорду 396 миллион долларга бүткөрүүнү сунуш кылганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле анда ШКУнун алкагында Кытайдан жеңилдетилген насыя алуунун мүмкүнчүлүгү белгиленген.

"Электр станцияларынын" мурдагы башчысы Салайдин Авазов депутаттык комиссияга берген көрсөтмөсүндө ал сунушту мекемелер аралык комиссия жактырганын айткан болчу:

Салайдин Авазов.
Салайдин Авазов.

- 2013-жылы 8-июлда ТВЕА компаниясы менен каржылоо шарттары боюнча сүйлөшүү жүргүзүш үчүн мекеме аралык комиссия түзүлдү. Буйрукта "мекеме аралык комиссия 2013-жылдын 15-июлуна чейин Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору боюнча каржылоо шарттары тууралуу сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарсын" деп көрсөтүлгөн. Мекеме аралык комиссия ошол эле жылы 11-июлда "Электр станциялары" менен ТВЕА компаниясынын ортосунда келишим түзүү демилгесин жактырган. Мекеме аралык комиссиянын чечиминин негизинде биз 2013-жылы 16-июлда ТВЕА менен контракттык келишимге кол койдук. Ал келишим ИПС деген аталыштагы "ачкычына чейин бүтүрүү" ыкмасы менен түзүлдү.

Бирок мекеме аралык комиссия түзүлгөнгө чейин эле президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сапар Исаков долбоордун маселеси боюнча 2013-жылы 13-июлда Кытайдын соода өкүлү Цзин Юйлун менен бейформал жолугушканы белгилүү болду. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жана каржы-экономикалык талдоо бөлүмдөрүнүн башчылары Сапар Исаков менен Нурсулу Ахметованын президентке жазган кызматтык катында Кытайдын соода өкүлү ТВЕА компаниясы сунуш кылган долбоордун баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдиргени жазылган.

Президенттин тапшырмасы, Исаковдун "илинчеги"

Корутундунун материалдарына ишенсек, 2013-жылы 24-майда экс-президент Алмазбек Атамбаев Энергетика министрлигине Исаков менен Ахметованын катында айтылган сунушту карап чыгып, ага кошумча киргизүүнү тапшырган. Ага президенттик аппараттын бөлүм башчыларынын жогорудагы аналитикалык каты тиркелген. Ошондон эки күн мурун Осмонбек Артыкбаев энергетика министри болуп дайындалган. Президенттин тапшырмасына ылайык, 2013-жылы 28-майда энергетика министринин ошол тармакты караган орун басары Айбек Калиев алып барган жыйында президенттик аппараттын жана Кытай элчилигинин пикирлерин эске алуу менен ТВЕА компаниясынын сунушун кабыл алуу жөнүндө министрликтин чечими чыккан. Анда ТВЕА Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун аткара турган бирден-бир компания катары бекитилген.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Аида Касымалиева келишимге чейин кабыл алынган чечимге негиз болгон Сапар Исаковдун катынын мазмуну да иликтөө корутундусуна киргизилгенин белгиледи:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

- Эсеп палатасынын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун текшерүү актысында ошондой кат бар экени көрсөтүлгөн. Бизде ал кат жок болчу. Аны биздин комиссиянын соңку жыйыны жүрүп жатканда алып келишти. Бул документ ошол кезде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаковдун президентке жазган аналитикалык каты экен. Ал жерде бардык компаниялар тууралуу айтылган. Анын ичинде алардын жанагы адам менен жолугуп, сүйлөшкөнү жана ТВЕА арзан баа сунуш кылып жатканы тууралуу да жазылган. Биз бул тууралуу маалыматты корутундуга киргизип, анын жагдайын белгилеп өттүк. Анткени долбоор боюнча кайсы кызмат адамы эмнеге кол коюп, кандай сүйлөшүү жүргүзгөнүнүн баарын корутундуга киргизгенбиз. Сапар Исаков кол койгон документ да корутундуга кирди. Биз фактыны гана белгилеп, ага баа берген жокпуз. Эми мындан аркысына укук коргоо органдары өздөрү баа берет.

Корутундуда белгиленгендей, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ТВЕАнын долбоорду ишке ашыруунун баасы тууралуу сунушу адегенде 396 миллион доллардан 392 миллионго, андан ары 386 миллион долларга төмөндөтүлгөн. Мурдагы өкмөт башчы, президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Сапар Исаков 2013-жылы президентке жазган кызматтык катында келтирилген аналитикалык маалыматтарга азыр да кол коюп берип, ал үчүн жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Сапар Исаковдун айтымында, ал катта Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашырууда ал ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын коргогон эмес.

Сапар Исаковдун социалдык тармактарга тараткан жообун КСДП партиясынын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева окуп берди:

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

- "Аналитикалык катта кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгын жактаган нерселер жок. Эгерде Бишкек ЖЭБин жаңылоо ишинде кайсы бир аткаминерлер кемчилик кетирип, шалаакылыкка жол берген болсо, анда алар мыйзамга ылайык жооп берүүгө тийиш. Бул жерде башка бир суроо. Кандайча ички кызматтык пайдалануудагы кат коомчулукка чыгып кетти? Мына ушул маселеге атайын кызмат көңүл бурушу керек. Саясий атаандаштардан өч алуу максатында мындай ишке баруу туура эмес. Эртедир-кечтир бул үчүн жооп берүүгө туура келет" - деп жооп берди Сапар Исаков.

Дипломаттар каршы чыккан келишим

Анткен менен Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору боюнча Кытай тарап менен түзүлгөн келишимге адегенде Тышкы иштер министрлиги каршы чыкканы белгилүү болду. Тышкы иштер министринин ошол кездеги орун басары Аскар Бешимов келишимдин шарттарын изилдеп чыгууга убакыт берилбегенин, андагы кооптуу жагдайлар эске алынбаганын жазып президенттик аппаратка жооп кайтарган. Бул жагдайга маани бербей коюу өлкөнүн эгемендигине терс таасир тийгизээри кызматтык катта көрсөтүлгөн. Бирок мындай каршы пикирге карабастан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев келишимдин шарттарын кабыл алууга макулдук бергени депутаттык комиссиянын иликтөөсүндө аныкталды.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов анда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмү шашылыш жоопту талап кылганы шек туудурганын эстеди:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

- Бул жерде бардыгы аябай шашылыш болгон. Ошого окшогон келишим боюнча "өз оюңарды айткыла" дегенде адатта 15 күн убакыт берилчү эле. Бирок ошол келишимдин долбоору келгенде бизге Сапар Исаковдун колу менен "үч күн ичинде жообун бергиле" деген маанидеги кызматтык кат "кызыл" көзөмөл белгиси коюлуп келиптир. Анан ушундай чоң долбоор болуп жатса, бизге "үч күндүн ичинде эле жообун бере койгула" дегени аябай чоң шек туудурду. Биз бул маселе боюнча тиешелүү департаменттин жана элчиликтин кызматкерлери менен шашылыш болсо да жыйналып, кеңешип туруп, дасыккан дипломаттардын сунуштарын эске алуу менен "бул келишимдин кесепеттери биздин мамлекеттин эгемендиги үчүн коркунучтуу" деген жыйынтыкка келгенбиз. Бирок биздин ал каршы пикирибизге көңүл деле буруп коюшкан жок. Ошондон кийин биз бул келишим боюнча формалдуу түрдө эле макулдашуу өтүп жатканын байкадык. Андан соң президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмү өзүм билемдик менен аны макулдашуудан өткөрүп, кол коюуга бердирип таштаганы кийин белгилүү болду.

Ошондон көп өтпөй эле Аскар Бешимов тышкы иштер министринин орун басарлыгынан алынган. 2013-жылы 26-июлда "Электр станциялары" менен кытайлык ТВЕА компаниясынын ортосунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору боюнча контракттык макулдашууга кол коюлган.

Ошол эле жылы 10-сентябрда ШКУнун саммитинен бир күн мурун Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар өлчөмүндө насыя алууну колдоп, анын негизинде өкмөттүн буйругу чыккан. Анда эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда 2013-жылы 11-сентябрда финансы министри "Эксимбанк" менен насыя макулдашуусуна кол койгон. Андан ары бул макулдашууну парламент мыйзам катары ратификация кылган.

Долбоор өзү 2013-жылдын аягында гана даярдалып, модернизациялоо иши 2014-жылдын аягында башталган. Курулуш иштери 2017-жылдын август айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Депутаттык комиссиянын тыянагында бул долбоор боюнча мурдагы өкмөт башчылар баш болгон отузга жакын кызмат адамынын иш-аракетине укуктук баа берүү жөнүндө сунуш киргизилди. Буга чейин депутаттык комиссия Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорун ишке ашырууда сатылып алынган жабдуунун, курулуш материалдарынын жана кызмат көрсөтүүнүн баасы ашкере ашыкча көрсөтүлгөн фактылардын бетин ачып чыккан эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG