Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

ЖЭБ чуусу: Калиев менен Авазов тергөө аяктаганча камакта болушат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад шаарынын мэри, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазовго, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровго жана "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурунку төрагасы Айбек Калиевге Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин ("коррупция") 1-бөлүгү боюнча айыбы угузулду.

Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үчөө тең тергөө аяктаганча УКМКнын тергөө абагында кармалып турмай болушту.

Быйыл январда Бишкектин Жылуулук электр борборунда авария болуп, шаар бир нече күн жылуулуксуз жана жарыксыз калган. Бул окуя бир жыл мурун модернизацияланган ЖЭБге карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан жана айрым жетекчилер шектүү катары камалган.

Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгогон. (RK)

XS
SM
MD
LG