Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Бажыдан кымырылган миллиондор


Бажыдагы 166 млн. сомдук зыян тууралуу козголгон кылмыш ишинин негизинде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Ниязалиев кармалды.

Бул факт боюнча өткөн аптада Борбордук бажынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашев камалган.

Расмий маалыматка ылайык, 2012-жылдан ушул күнгө чейин жүзгө жакын бажы кызматкерине кылмыш иши козголду жана анын жетөө бул тармактын ардагерлери болуп саналат.

Ал арада Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы төрагасы Алмаз Оңолбаевдин кадр саясаты, мекемедеги коррупция тууралуу доомат күчөдү.

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) Замирбек Ниязалиевге "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу" жана "Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренелери боюнча айып такты. Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту Ниязалиевдин бөгөт чарасы катары тергөө бүткүчө абакта камоону тандады.

Бул факт боюнча өткөн аптада Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажысынын мурунку жетекчиси Нурбек Айбашев камалган. Айбашев "Кыргызстандан Кытайга тери жөнөтүлгөндө бажы төлөмдөрүн мыйзамсыз жеңилдеткен, териден жасалган буюм-тайымдар кайра өлкөгө кирген эмес, мунун айынан мамлекет 166 миллион сом зыян тарткан" деп айыпталып жатат.

Финполициянын ыкчам тасмасы:

2017-2018-жылдары бажыдагы коррупция боюнча 15 кылмыш иши козголгон, мамлекет тарткан зыян 450 миллион сомго жеткени эсептелген. 2012-жылдан бери 100дөй кызматкерге айып тагылган, алардын жетөө ушул тармактын ардагерлери.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Шамил Бердалиевдин айтымында, козголгон кылмыш иштеринин басымдуу бөлүгү жүк ташуудагы жасалма документтерге байланыштуу:

- Бул жерде инспекторлордон баштап жетекчилерге чейин бар. Көбү жалган транзит, башкача айтканда бажыда туура эмес жабылган иштер, ЕАЭБге киргендеги маселелер болуп жатат. Алдыбызда дагы көп тапшырмалар турат. Дагы көп нерселерди жакын арада угасыздар. Кадр маселелери боюнча - негизи жаш курагына байланыштуу, пенсия курагына келген, өз ыктыяры менен кеткен кишилер бар. Бирок кыйнап эч кимди кетирген жокпуз. Өзүбүздүн ичибизде алмаштыруу жүрүп жатат. Нааразы болгондор деле бар. Бирок эч ким жумушсуз калган жок, тиешелүү кызматтарды сунуш кылып жатабыз.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчиси Алмаз Оңолбековду кадр саясатындагы алешемдикке, коррупцияга байланыштуу айыптап, өкмөткө чара көрүүнү тапшырган:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Оңолбеков деген кишини бажыга алып келдиңер. Ал Кулматовго өчөшүп, ошол тармакта өмүр бою иштеген, азыркы кызматында иштегенине 30 күн, эки ай болгон кызматкерлерди жумуштан алып, ордунан жылдырып, кызматынан төмөндөтүп, "өзүм билемдик", баш аламандык кылып жатат. Оштон мага ишкерлер, айдоочулар кайрылып жатышат. Алар "мурдагыдай система, транзиттик жүктөргө кайра акча чогултмай башталды" дейт. Кимдер бергенин, ар бир унаадан эки миң доллар алып жатканын кааласаңар айтып берем. Ишкерлердин видео кайрылуусун Интернетке коёлу. Өкмөт, коомчулук талкуулап жаткан олуттуу иштер менен катуу күрөшкүлө.

Алмаз Оңолбеков 5-июнда басма сөз жыйынында кадрдык өзгөрүүнү жетекчиликтин ыйгарым укугу менен түшүндүрдү:

- Мен "Түштүк-Батыш", "Түндүк-Чыгыш", "Манас" бажыларынын башчыларын алмаштырдым. Май айы бул чечимдерибиз туура болгонун көрсөттү. Бажы кызматы планды ашыгы менен аткарды, 109 миллион сомго бажы төлөмдөрүн көп жыйнады. Мага жетекчи катары бюджетти толтуруу тапшырылган, жоопкерчилик жүктөлгөн. Ошондуктан мен бажы органдарынын жетекчилери боюнча чечим кабыл алууга укугум бар. Эгер менин "колум байлануу" болсо, четтеги адамдардын сунушу менен чечим кабыл алсам - анда мага кандай жоопкерчилик жүктөлмөк эле?

"Достук": азайбаган тыгын, тымызын пара

"Достук": азайбаган тыгын, тымызын пара

Кыргыз-өзбек чек арасында кезек күткөндөрдүн тыгыны жарым жылдан бери азайбай жатат.

Бажыдагы төлөмдөрдүн бир канча эсе көбөйгөнү быйыл жыл башында белгилүү болгон. Февраль айында ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алганда, айрыкча Ош бажысы 10 эсе көп акча топтогону айтылган. Исаков бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүн бул тармакты башкаруунун оңолушу менен байланыштырган жана аны паракорчулукка каршы реформанын алгачкы жыйынтыгы катары баалаган. Бул Ош бажысынын бир канча жыл жетектеген, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана коррупция тууралуу талаш-тартыштарды козгогон.

Матраимовдун ордуна Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган Нурлан Ражабалиев Исаков менен Кулматовду "төлөмдөрдүн көбөйүшүнүн объективдүү себептерин айткан эмес" деп айыптады:

Нурлан Ражабалиев.
Нурлан Ражабалиев.

- Ал кишилер "ооба, жакшы өсүү-өнүгүү болуп жатат, мунун жүйөлүү себептери бар, ушул себептерге байланыштуу биздин бюджетке кошумча каражат түшө баштады" деп айтышса жакшы болмок. Тилекке каршы алар анткен жок. Алар "пиарга" көбүрөөк басым жасап койду окшойт. Себеби жүктүн көлөмү көбөйүп жатат, кошуна өлкөдө текшерүү күчөп, ал жактан бул жакка келе турган жүк көбөйдү. Эгерде сиздер атап кеткен инсандар болгон чындыкты айтып, "пиардан" алысырак болсо жакшы болмок.

Өкмөт Мамлекеттик бажы кызматына быйыл жалпысынан 40 миллиард сомдой акча чогултууну тапшырган. Мекеме жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин 16,5 миллиард сом топтоду жана бул былтыркы жылдын ошол маалына караганда 4,5 миллиард сомго көп.

Тасмада: “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасы кыргыз бажысындагы коррупциялык схемаларды иликтөөгө алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG