Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 07:00

"Достук": азайбаган тыгын, тымызын пара


"Достук" чек ара пунктундагы абалдан бир көрүнүш. 19-май, 2018-жыл.

Кыргыз-өзбек чек арасында кезек күткөндөрдүн тыгыны жарым жылдан бери азайбай жатат.

Күбөлөр бул көйгөй айрыкча кыргыз тарапта орчундуу экенин айтышат. Анткени паспорт көзөмөлдөөчү бөлмөлөр коңшу өлкөнүкүнөн эки эсе аз. Кыргыз тарап бул маселени чечүүгө убада берип келет. Ошол эле учурда жүргүнчүлөр арасында "кыргыз чек арачылары жана бажы кызматкерлери элди ары-бери өткөрүүдө пара алып жатат" деген кеп-сөздөр бар.

Бүтпөгөн тыгын

Айрыкча Ош менен Анжиян облустарынын ортосундагы “Достук” көзөмөл-өткөрмө бекетинде быйыл кыштан тартып жүк ташыгандар көбөйүп, ал кезек талаш, ызы-чуу менен коштолууда. Мындай көрүнүшкө Жалал-Абаддагы “Маданият” өткөрүү бекетинен да күбө болосуз.

Бүгүн күнү-түнү иштеген пункт – “Достуктагы” абал тууралуу сөз кылабыз. Расмий маалыматка ылайык, бул жерден күнүгө 10-12 миң киши нары-бери каттайт.

Тыгында тургандардын арасында туугандарына айылчылап жөнөгөндөр, саякатчылар жана соодагерлер бар. Эркектерге караганда аялдар көбүрөөк. Чоң кагаз кутуларга салынган муздаткыч, телевизор ташып бараткандарды көрүүгө болот. Алар Өзбекстанга Кыргызстандан тиричилик техникасын алып өтүшөт. Ал жактан Кыргызстанга мөмө-жемиш алып киргендер көп.

Ишемби, жекшемби жана шейшемби күндөрү Кара-Сууда дүң соода болгондуктан, чек арадан өткөндөр ошол күндөрү көп болот.

"Достук" өткөрүү пунктундагы көрүнүш. 19-май, 2018-жыл.
"Достук" өткөрүү пунктундагы көрүнүш. 19-май, 2018-жыл.

Бажы кызматы үн катпайт

Тыгында тургандардын арасында "бажычылар жана чек арачылар акча алып өткөрүп жатат" дегендер да бар. Алардын бири, Анжияндын Хожабад районунун тургуну Мафтуна Алиева "Азаттыктын" өзбек кызматына мындай деген:

- Формачандар акча алышат. Бажы кызматкерлери да алат. Көбүрөөк бажыдагыларга беребиз.

Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү "мындай кезек күтүүдө сөзсүз паракорлук болот" деп, бирок ары-бери каттаганда кыйынчылыкка туш болуудан чочулап, аны ашкерелегиси келбейт.

Акча алуу жөнүндө кеп-сөздөрдү Мамлекеттик чек ара кызматынын адистери төгүнгө чыгарып, эч кимде видео же башка далил жок экенин билдирип жүрүшөт.

Маселенин чоо-жайы жана аны чечүүнүн аракеттери тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы түшүндүрмө бербейт. Комментарий айтууга мекеменин жетекчилигинен азырынча уруксат жоктугун басма сөз катчы Нурия Ташполотова “Азаттыкка” билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, кезек күтүүдөгү талаш-тартыш көбүрөөк кыргыз тарапта болот. Ош шаарынан жакында эле Өзбекстанга барып келген Улан Мамасадыков көргөн-билгендерин айтып берди:

- Кыргызстандын чек ара, бажы текшерүү жайында кезек күткөндөр аябай көп. Өзбекстан тарапта андай узун кезекти көргөн жокмун. Себеби, аларда элди тейлеген кызматкерлер көп экен. Тартип да бар экен.

"Достуктагы" тыгын. Март, 2018-жыл.
"Достуктагы" тыгын. Март, 2018-жыл.

Кыргызстанда текшерүүчү бөлмөлөр аз

“Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун башчысы Бакыт Зулпукаровду кепке тарттык:

“Азаттык”: Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунда кезек күткөндөр азайбай, тыгынга нааразы болгондор “Азаттык” радиосуна көп кайрылат. Алар "кыргыз тарапта документ текшерип өткөргөндөр аз" деп даттанышат. Канча кызматкер иштейт?

Зулпукаров: Бул жерде кеп кызматкерлерде эмес. Документ текшерүүчү кабиналар тууралуу айтсак болот. Азыр бизде 13 кабина бар. Кыргызстанга кирип келатканда алты, Өзбекстанга чыгып баратканда жети кабина бар. Орозонун кириши менен нары-бери каттагандар азайды эле. Бирок Кара-Сууда дүң базар болот эмеспи, ошого байланыштуу кайра адамдар көбөйдү. Айрыкча ишемби, жекшемби жана шейшемби күндөрү эл көбөйөт. Ошол күндөрү базар болот.

“Азаттык”: Кабиналар жетишсиз экени мурда да айтылган. Көбөйтөсүңөрбү?

Зулпукаров: Азыркы күндө биздин жогорку жетекчилик кошумча кабиналарды ачууга аракет кылып жатат. Жакында ачылат, ошондо өткөрүү мүмкүнчүлүгүбүз көбөйөт.

“Азаттык”: Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адистери "кабиналардын саны жакында 30га жетет" деп айтты. Ал качан ачылат?

Зулпукаров: Азыр анык айталбайм. Аны жетекчилик билет. Бир айдын ичинде ачылышы керек.

“Азаттык”: Өзбекстан тарапта ошондой документ текшерүүчү канча бөлмө бар, билбейсизби?

Зулпукаров: Биздеги маалымат боюнча, бир тарапка 12, экинчи тарапка 12 кабина иштейт. Жалпысынан 24 кабина колдонушат.

“Азаттык”: Нары-бери каттаган жөнөкөй жарандар “Достукта” паракорлук көп экенин айтышат. "Акча бергендерди кезексиз өткөрүп, бербегендер тыгында турганга мажбур" деген маалыматтар бар. Буга кандай комментарий бересиз?

Ортомчулар, такси айдагандар “өткөрүп коём” деп акча алышат деп угуп журөбүз. Алар өз кызыкчылыгын ойлоп, биздин кызматкерлерди жаман көрсөтүп жатышат.
Бакыт Зулпукаров

Зулпукаров: Буга каршы башынан эле аракет кылып келатабыз. Көзөмөл-өткөрүү жайынын кире беришине, чыгып жаткан жерге да ишеним телефондорунун номуру жазылган. Дароо чалышса болот. Андан тышкары, чек арачы аты-жөнү, кызматы жазылган бейджик тагып алат. Аны таанып, аты-жөнүн айтса болот.

“Азаттык”: Ошол ишеним телефондоруна чалгандар барбы? Арызданышабы?

Зулпукаров: Азырынча паракорлук боюнча кайрылгандар жок. Кезек күтүүгө, тыгынга нааразы болуп чалышат.

“Азаттык”: Бирок эл арасында андай паракорлук тууралуу айтылып жүргөн кеп-сөздөрдү уксаңыз керек? Жетекчилик өзү акырын көз салбайбы?

Зулпукаров: Дайыма көзөмөл жүргүзөбүз. Азырынча факты жок. Бул жерде биздин чек арачылар эмес, ортомчулар, такси айдагандар “өткөрүп коём” деп акча алышат деп угуп журөбүз. Алар өз кызыкчылыгын ойлоп эле, акча табуунун амалын кылып, биздин кызматкерлерди жаман көрсөтүп жатышат. Биз зым тосмо менен тосуп, көзөмөлдөп жатабыз.

“Азаттык”: Азыр бир күндө “Достуктан” канча киши өтөт?

Зулпукаров: Бир күндө 10-12 миңден адам өтүп жатат. Биздин пункт күнү-түнү иштейт.

“Азаттык”: Жүк ташыгандар көбүнчө кандай буюмдарды алып өтүшөт?

Зулпукаров: Эртең менен Өзбекстан тараптан биздин өлкөгө көп киши өтөт. Бир күндө эки-үч жолу өткөндөр бар. Тиричилик техникасын сатып алып, кайра кетишет. Алар өздөрү тарапка алып өтсө, 500-800 сом пайда табат экен. Аял кишилер кездеме ташыйт. Ал эми Өзбекстандан мөмө-жемиш көп кирет. Каттагандардын дээрлик 80 пайызы жүк ташып, тирилик кылгандар.

"Достук" кеңейтилип жатат

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда чек арадан өтүү татаалдашып, 2010-жылы Кыргызстандагы апрель, июнь окуяларынан кийин Ташкент аны бир тараптуу жаап салган. Нары-бери каттагандар чакыруу телеграммасы менен гана өтүп турушкан. 2017-жылдын сентябрында өткөрүү пункттары ачылган.

Евразия Экономикалык Биримдигинин талаптарына ылайык “Достук" кыргыз-өзбек чек ара жана бажы бекетин кеңейтүү максатында кыргыз өкмөтү аймактагы 35 короо-жайды сатып алган. Учурда бул үйлөрдүн ээлери башка тилкеге там тургузуу менен алек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG