Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

"Достук" бекетиндеги тыгын жоголо элек


"Достук" бекети.
"Достук" бекети.

Ош облусундагы кыргыз-өзбек “Достук” чек ара өткөрмө бекетинде Өзбекстан тарапка өтүш үчүн кезекте тургандар көбөйүп, тыгындардан улам жолоочулар кыйналып жаткан кези. Сутка ичинде нормага ылайык 7 миң киши эмес, 12 миңдей киши ары-бери өтүп жатат.

Ош шаарынан анча алыс эмес “Достук” чек ара көзөмөл өткөрүү бекетинде Өзбекстанга өтүш үчүн кезек күткөндөрдүн саны бир жарым миң адамга чукулдады. Көпчүлүгү соодагерлер. Тыгындын айынан тосмодон ашып өтүүгө аракет кылгандар да бар.

Мархаба Кодирова эки өлкө ортосундагы мамиле жакшырып, “Достук” чек ара бекети ачылгандан бери ары-бери каттап, соода кылат. Ал жолоочулар тартипти сактабагандыктан тыгын болуп жатат деп эсептейт:

- Бул жерден баары жүк ташып өтүшөт. Баарына тиричилик керек. Эки элдин катнашы үчүн чек араны ачып койду. Күнөө элде, эгерде тартиптүү болушса баары жакшы болот. Кезек талашып жаңжалдашса болбойт.

Кезекте тургандардын арасында кан басымы көтөрүлүп, саламаттыгы начарлап кыйналгандар да бар. Бирок аларга медициналык чукул жардам көрсөткөндөр жок.

"Ысык чай ичкени кетсем ордумду башкаларга алдырып коём",- дейт кезекте турган Кенжекан:

- Чай ичкени бара албай отурам. "Кетип калсаң кезегиң жоголот" деп айтышты. Ооруп жатканыма карабай ушул жерде турам.

Чек арачылар чыңалууга жол бербеш үчүн кары-картаңдарды, майыптарды жана кош бойлууларды кезексиз өткөрүп жатышат. Чек ара көзөмөл өткөрүү бекетинен өтүүнү тартипке салыш үчүн Мамлекеттик чек ара кызматы кошумча кабиналарды орнотуп, жүк ташыган соодагерлер үчүн өзүнчө коридор ачууну пландап жатканын кабарлады.

“Достук” чек ара көзөмөл өткөрүү бекетинин башчысы Бакыт Зулпукаров:

- Бул жерде тартипти жөнгө салуу максатында кирип бараткан дарбаза тараптан эки бөлүккө бөлүп, бир тарабынан соодагерлерди, экинчи тарабынан кары-картаң, туугандарына өтүп бараткан жарандар үчүн коридор курабыз, - деп билдирди.

Тыгында тургандардын арасында "чек арачылар акча алып өткөрүп жатат" дегендер да бар. Өзбекстандан чөп-чар алып чыгып, аны Оштогу базарда сатып тиричилик кылган Феруза ары-бери өткөн сайын чек арачылар акча алаарын айтты.

- Акча алып өткөрүп жатышат. Биздин акчабыз жоктугунан кезекте турабыз. Мисалы, ар бир баштыгым үчүн 15 миң сум алышат. Өзүм кыргызстандыкмын.

Бирок “Достук” чек ара көзөмөл өткөрүү бекетинин башчысы Бакыт Зулпукаров чек арачылардын акча алганы тууралуу сөздү төгүнгө чыгарды.

- Биздин маалымат боюнча үчүнчү тараптан жөнөкөй эле адамдар кезек күтүп турган элди “эгерде кезексиз өткүң келсе акча бер, мен чек арачылар менен сүйлөшүп койгом” деп акча алышат экен. Ушундай маалымат түшүп жатат, бирок тактала элек, - деди ал.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, ары-бери өтүү кыйындаган. 2010-жылкы июнь коогасынан кийин чек арадан өтүш үчүн телеграмма, чакыруу сыяктуу кошумча документтер талап кылына баштаган. 2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекетинде эки тарапка өтүүнүн жол-жобосу жеңилдетилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG