Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Мирзиёевге Бишкектен жазылган кат


Аргынбай Турсунбеков "Азаттык" радиосунда.
Аргынбай Турсунбеков "Азаттык" радиосунда.

Аргынбай Турсунбеков үч жылдан бери Өзбекстанга - өз үйүнө бара албай жүрөт.

Үч жылдан бери Кыргызстанда жашап, мекенине кете албай жүргөн өзбекстандык аксакал "Азаттык" радиосу аркылуу өзбек президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, жардам сурады.

Жашы 65ке таяган Аргынбай Турсунбеков милиция кызматкерлери дайынсыз кеткен уулун "таап кел" деп өлкөдөн чыгарып жибергенин айтты. Андан тышкары, Кыргызстанга турмушка чыккан кызын "чек арадан мыйзамсыз алып өткөн" деп айтыпталып, күч органдарынын "кара дептерине" түшкөн экен.

2015-жылдан бери ар кай жерде баш калкалап, мандикерликте күн кечирген аксакал айласыздан бийликке кат жазып отурат.

Аргынбай Турсунбеков - Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Уйчи районунун Кызыл-Рават айылынын тургуну. Улуту кыргыз. Колуна үч баракка колго жазылган кайрылууну көтөрүп, "Азаттык" радиосуна февралдын башында келди. Анысы өзбек президенти Шавкат Мирзиёевге жазылган өтүнүч кат экен:

Аксакал Мирзиёевге жазган кат.
Аксакал Мирзиёевге жазган кат.

- Мамлекет башчыга үнүм жетеби деп үмүттөнүп сиздерге келдим, - деген аксакалдын айтымында, кызы Барчынай Бакаева 2012-жылы Кыргызстандын Токмок шаарына келин болгон.

2014-жылдын декабрында кош бойлуу учурунда төркүнүнө жол тартып, атасы аны Шамалды-Сайга жакын жердеги кыргыз-өзбек чек ара тилкесинен тосуп алган:

- Чек арага жакын жашайм. Аксы районуна чектешпиз. Чек арага зым тартылган эмес эле. Жолдун наркы бети Кыргызстан, берки бети Өзбекстан. Кызымды ошол жерден тосуп алдым. Анткени, Оштогу "Достук" өткөрүү пунктуна жеткенге шайы келбей калыптыр. Боюнда бар, ооруп калган экен. Өзбекстандын аймагына киргенибизде бизди аскер кармап алып, милицияга тапшырды. "Чек арадан мыйзамсыз өттүңөр" деп кылмыш иши козголуп, соттолдук. Кызыма миллион сум айыппул салды. Мени болсо үч жыл эң аз айлык акынын 30 пайызын мамлекетке төлөөгө милдеттендиришти. Бир фермерге суранып жумушка орноштум. Мага канча айлык жазылганын да билбейм, алар менин эсебимден мамлекетке акча которушат. Мен он беш күн сайын милицияга барып кол коюп келип жүрдүм.

Ушундай күндөрдүн биринде Аргымбай Турсунбековдун 30 жаштагы уулу Улукбек Бакаев Орусияга иштегени кетет. Милиция кызматкерлери аксакалды чакырып, уулу Кыргызстан аркылуу Орусияга кеткенин, чек араны мыйзамсыз бузуп өткөнүн айтышат.

- "Балаңды таап келесиң, Кыргызстанда маңзат саткандардан да тап. Чогуу иш кылалы" дешти. Барган сайын райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлумүндө эки сааттай кармап отурушат. Балам теңдүү милиционерлер мени мазакташат, башка урат. "Уулуңду таап кел" дешет. "Аны издеп тапканга акчам жок" десем, мага 200 миң сум колума карматып, Кыргызстанга өткөрүп жиберишти. Балам чын эле чек араны бузганбы же жокпу, билбейм. Мага аны далилдеген эч кандай документ да көрсөтүшкөн эмес.

Аргынбай аксакал акчанын бир бөлүгүн үйгө таштап, өзү 2015-жылдын башында уулун издеп жөнөптүр.

Чүйдүн Кемин районуна чейин келип, бирөөгө жалданып чабан болуп иштейт. Бирок ал жерден жарытылуу айлык албай, айла жок 2017-жылдын декабрында Токмоктогу кызынын үйүнө барганын айтып отурду:

- Ушунча жыл уялып, куда-кудагыйга көрүнбөй жүрдүм. Күйөө баламдын алдында кызымды да ыңгайсыз кылгым келбеди эле. Өзбекстанга баргандан коркуп жатам. Барсам, "чек ара мыйзамын бузуп соттолуп, айыппул салынган экен, аны төлөбөй үч-төрт жылдан бери эмнеге качып жүрөсүң" деп камап салышат. Токсонго чыккан апам бар, ал кишинин көзү өтүп кетсе, топурак салбай каламбы деп корком.

Аргынбай Турсунбековдун колунда өзбек жараны экенин тастыктаган паспорту бар. Баласы болсо табылган жок. Аксакал "Мыйзамсыз жүрөт" деп Кыргызстандын күч органдарына кармалып, жоопко тартылуудан да чочулайт.

Биз аны Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине жөнөттүк. Макала жазылып жаткан учурда бизге телефон аркылуу байланышып, консулдук Мирзиёевдин атына жазылган катты алып калганын, документ иштерине жардамдашууга убада беришкенин билдирди. Бирок качан мекенине кайтары белгисиз. Элчиликтин кызматкерлери жана консулдукта иштегендер бул туурасында комментарий беришкен жок.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, эгер өзбек жараны өлкө ичинде беш күндөн ашуун каттоосуз жүрсө, мамлекетке 10 миң сом айыппул төлөгөндөн кийин гана өз мекенине чыгарылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG