Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Чек арада ок жеген малчынын чындыгы


Асан Үсөнбаев.
Асан Үсөнбаев.

Ала-Бука районунда өзбек чек арачыларынын огунан жарадар болгон Асан Үсөнбаев окуя боюнча жаңы жагдайларды ачыкка чыгарды. Ал Өзбекстандын аймагына өтүп кеткенин четке кагып, аны коңшу өлкөнүн аскерлери Кыргызстанга кирип келип атканын айтууда.

Чек ара кызматы бул иш иликтенип жатканын билдирсе, Кыргызстандын акыйкатчысы факты боюнча кылмыш ишин козгоону прокуратурадан талап кылды.

“Өзбекстанды көздөй сүйрөп кетишти”

Асан Үсөнбаев өзбек чек арачылары аны кандай жагдайда атканын баштан-аяк айтып берди. Анын айтымында, окуя чек ара тилкесинен бери бир топ эле ичкериде, Кыргызстандын аймагында болгон:

- Мен чек арага жакыныраак жерде кой кайтарып жүргөм. Саат төрткө чамалап калган. Бир маалда кой үркүп кетти. Карасам Өзбекстандын эки аскери чуркап келатыптыр. Мен качкан жокмун, себеби Кыргызстандын эле аймагында болчумун. Алдыма келип эле асманга ок атып жиберди. Артында келатканы “өзүн атып сал” деди. Ай-уй дегиче эле эки кадам артка таштап туруп, бутка атты. Мен жатып калдым, бутумду кармасам сөөк майдаланып кетиптир. Анан эле өздөрүнчө сүйлөшүп, Өзбекстанды көздөй сүйрөп кетишти.

Ок тийген Үсөнбаевдин оң бутунун сөөгү талкаланып кеткен.
Ок тийген Үсөнбаевдин оң бутунун сөөгү талкаланып кеткен.

​27-январда окуя болгондон кийин эле Ала-Бука районунун акимиаты Асан Үсөнбаев Өзбекстандын аймагына өтүп кеткенин билдирип чыккан. Ал тургай "коңшу мамлекеттин чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай качып баратканда ок жаңылып, жарадар болгону" да кабарланган.

Бирок Үсөнбаев өзү ал кой кайтарып жүргөн Ажек участогу Ала-Буканын Көк-Серек айыл аймагына карай турганын белгиледи. Ал буга чейин да, окуя болгон күнү да Өзбекстандын аймагына өтпөгөнүн билдирүүдө:

- Мен эч качан Өзбекстандын жерине өткөн эмесмин. Ошон үчүн да алар Кыргызстандын аймагында атышканын жашыргысы келип, ок атылган жерде гильзаны издешти. Бирок таба албай коюшту. Анан мени бир сүйрөп, бир көтөрүп отуруп эки жарым чакырым жерге чейин алып барышты. Андан ары айгай көтөрүп, чек арачылары келди. Офицерлери жанагы мени аткан аскерден “Кыргызстандын жеринде аттыңбы же Өзбекстандын жеринде аттыңбы?” деп сурады. Аскер “Кыргызстандын аймагында аттым, ал Кыргызстандын жери болчу” деп мойнуна алды. Алар “бекер атыпсың” деп калышты. "Тез жардам" чакырышып, мени Өзбекстандын Чуст райондук ооруканасына алып барышты. Ал жерде операция кылып окту алышты, анан бутту гипстеп, таңып беришти. Чек арачылары Кара-Суу районундагы “Достук” бекетинен 31-январда мени кайра Кыргызстанга өткөрүп беришти.

Үсөнбаев учурда Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. Өзбек чек арачыларынын огу Асан Үсөнбаевдин оң бутунун санын тешип кеткен. Дарыгерлердин айтымында, ага дагы бир нече жолу операция жасалышы зарыл. Ошондо да качан айыгып, качан басары белгисиз.

Өзбекстан компенсация төлөйбү?

Бул ортодо акыйкатчы Кубат Оторбаев жаңы жагдайлар ачыкка чыкканына байланыштуу факты боюнча кылмыш ишин козгоону Башкы прокуратурага өтүнүч келтирди. Ал мындай билдирүүсүн Үсөнбаевден кабар алып чыккандан кийин билдирди:

- “Үсөнбаев өзү кой жайып жүрүп Өзбекстандын ичине кирип кеткен” деп кабар келген. Биз ошол маалымат туура экен деп жатканбыз, көрсө ал маалымат туура эмес экен. Биз Үсөнбаевдин өзү менен маектешкенден кийин окуя Кыргызстандын аймагында болгонун билдик. Эми ушул боюнча Кыргызстандын президентине жана Башкы прокуратурасына кайрылабыз. Башкы прокуратурадан кылмыш ишин козгоону талап кылабыз. Анткени ошол кылмыш ишинин алкагында окуя болгон жерге барып иликтеши керек, топографияны карап, "патрон ошол жерде калган" деп айтылып жатат, аны табыш керек. Ал иликтөөнүн натыйжасында Өзбекстандын чек ара кызматкерлеринин канчалык мыйзам бузганын аныктап, Өзбекстандын өкмөтүнө материалдык-моралдык зыянды төлөтүү боюнча талап коюшубуз керек.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Үсөнбаевден кабар алды.
Акыйкатчы Кубат Оторбаев Үсөнбаевден кабар алды.

​Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы окуя боюнча эки өлкө тең өз алдынча иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында чек арада мындай фактылардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтууда. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева мындай деди:

- Факты боюнча өзбек тарап өзүнчө, биз өзүнчө бир тараптуу иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошол иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чыккандан кийин гана бир нерсе деп айта алабыз.

Жумали Адилбаев
Жумали Адилбаев

Эки-үч жыл мурда дагы өзбек чек арачылары кыргызстандык жарандарды аткан бир нече окуя катталып, андан каза тапкан жарандар да болгон.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда мамиле оңолуп бараткан учурда болгон окуянын себебин талдоочулар ар кандай чечмелеп жатышат. Чек ара боюнча адис Жумали Адилбаев буларга токтолду:

- Буга чейин өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, кыргыз жарандарын атып салган учурларда “коңшу өлкөдө авторитардык бийлик турат, мамилебиз начар” дечүбүз. Эми достук келишимин түзүп, "муздак мамиле эрип, ынтымактуу боло баштадык" деген учурда атып кеткенин кантип түшүнөбүз? Эки өлкөнүн президенттери достук келишимине кол коюп, Кыргызстан менен мамиле оңолуп жатканын ошол өзбек аскерлери деле билет да. Эң өкүнүчтүүсү - ушундай кырдаалда биздин өкмөт тыңгылыктуу реакция кылбай, Өзбекстандын бийлигине эч нерсе деп айта албай, тең ата мамиле кыла албай жатканы. Кыргыз бийлиги буга тез арада жооп кылышы керек.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев. Ташкент, 14-декабрь, 2017-жыл.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев. Ташкент, 14-декабрь, 2017-жыл.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси мурдагы жылдан баштап жылый баштаган.

Былтыр эки өлкөнүн президенттери бири-бирине барып келгенден кийин чек ара тилкелеринин 85% тактаган документтерге кол коюшкан. Бирок адистер калган 15% такталганча мындай каргашалуу окуялар каттала берерин эскертишет.

"Мени атып, Өзбекстанга сүйрөп кетишти"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG