Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Төрт пансионат Ташкентке өттү, Иерусалим талашы күчөдү


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

13-14-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация Өзбекстанга расмий иш сапар менен барды. Ташкентте чек ара, бажы, транспорттук байланыш, экономикалык жана маданий кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, бир катар документтерге кол коюлду.

Коңшу эки мамлекеттин ортосундагы талуу маселелердин бири чек ара. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чек арадагы талаштуу маселелер боюнча "биз алдыга жылдык" деген ишенимде. ​"Биз бир жылда чек аранын 85 пайызын аныктап койдук. Бул башталышы гана. Акырындык менен чечебиз" - деп элдин эңсегени орундалып жатканына токтолду.

Жалпысынан 1378 чакырым чек аранын 320 чакырымы же 58 талаштуу аймак бар экени белгилүү. Чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси, профессор Саламат Аламановдун белгилешинче, 15% такталчу тилкелерге эң талаштуу жерлер кирет.

"Ала-Букадагы чоң аймак, Кемпир-Абад суу сактагычы, Сох анклавынын аймагындагы жерлер. Эгерде ушуларды чечүүдө өзгөрүүлөр болсо, анда жылыш бардыгын" айтсак болот дейт.

Чек ара сүйлөшүүлөрүндөгү Кыргызстандын башкы өкүлү Курбанбай Искандаров тактала турган жерлерге Сох анклавынын айланасындагы төрт-беш участок, Шахимардан, Таш-Дөбө, Чоң-Гара деген анклавдар, Барак эксклавы жана Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы участоктор кирерин бышыктаган.

Жээнбеков менен жолугушууда Мирзиёев стратегиялык Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолу боюнча жумушчу топтун биринчи жолугушуусу 25-декабрда Ташкентте өтөрүн айтты. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков эксперттик топтун жыйынына Кытайдын дагы өкүлдөрү катышарын, анда жолдун маршруту жана финансылык маселеси такталарын билдирди. Элчинин айтымында, Ташкент Кыргызстандын темир жолдун маршруту боюнча сунуштарын “толук колдогон”.

Эки өлкө ортосунда “траспорттук-логистикалык маселе боюнча автобус каттамын ачууну, Ташкент-Бишкек эле эмес, Ташкент-Ош каттамын ачууну сүйлөштүк» - деди өзбек лидери жолугушуудан кийин. Жакында ачылган Ташкент-Анжиян-Ош-Эркечтам-Кашкар багыты боюнча автожол каттамын "тарыхый" деп баалады.

Президент Жээнбеков 2017-жыл кыргыз-өзбек алакасы үчүн тарыхый жыл болгонун белгилеп, алдыда турган долбоорлорго токтолду. "​Эки өлкө ортосунда туруктуу, эл ташыган автомобил каттамдарын уюштурганы жатабыз. Бул боюнча тапшырма берилди. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда биргелешкен ишканаларды түзүү жагы ишке аша баштаганы кубандырат" деген Жээнбеков бул үчүн Кыргызстанда чоң мүмкүнчүлүктөр бардыгын белгиледи.

Жээнбеков Ташкентке чакырып, меймандостугун көрсөткөнү үчүн Мирзиёевге ыраазычылык билдирип, экс-президент Алмазбек Атамбаев ыйгарган “Данакер” орденин тапшырды.

Мамлекет башчылар экономикалык алаканы жакшыртууга басым жасашты. Жээнбеков акыркы жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйгөнүн белгиледи. Өзбекстан кыргызстандык ишкерлерге 100 млн. доллар насыя берерин сапардын аягында экономика министри Артем Новиков журналисттерге маалымдады. Ал каражат өзбек өндүрүмүн импорттогон ишканаларга берилмекчи.

Ысык-Көлдөгү төрт пансионат

12-декабрда кыргыз өкмөтү бир жарым жыл мурун өз менчигине алган Ысык-Көл жээгиндеги төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берди. Алар Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Бостери» (мурдагы “Алтын кум”), Кара-Ой айылындагы «Алтын-Жай» (мурдагы «Рохат-НБУ») жана «Энесай» (мурдагы «Дилором»), Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндөгү «Бустон» пансионаттары.

Премьер-министр Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык Өзбекстанга пансионаттар жайгашкан жерлерди убактылуу пайдалануу укугу берилет.

Вице-премьер министр Дайыр Кенекеев парламентте туруп экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстандагы расмий иш сапарынын алкагында төрт пансионат боюнча макулдашуу болгонун маалымдады. "Учурда Өзбекстан кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берген. Кыргыз өкмөтү кырдаалды укуктук негизде жайгаруу боюнча сунуш киргизип жатат. Мындайча айтканда, өзбек өкмөтү менен келишим түзгөнү жатабыз. Анда жер Кыргызстанга таандык болсо, ал жердеги пансионаттар Өзбекстандын менчиги болот" - деди өкмөт мүчөсү депутаттарга.

Ысык-Көлдөгү төрт пансионат 2016-жылдын 4-апрелинде өкмөттүн буйругу менен Кыргызстандын карамагына өткөрүлгөн. Өкмөттүн бул чечими Аксыда Үңкүр-Тоого байланышкан чатак чыккан маалга туш келген.

Ысык-Көл
Ысык-Көл

Андагы келишимди жокко чыгарган өкмөт башчы Темир Сариевдин пикиринде эс алуу жайларын 25 же 49 жыл болобу, келишимдин негизинде ижарага берсе болот. "Салыктарды төлөп, кыргыз мыйзамдарын толук сактайт. Жер менчиги аларга өтпөйт. Алар инвестиция жасап, пансионаттардын деңгээлин көтөрүп, жыл бою иштегидей болсун" - дейт экс-премьер.

Коомдук ишмер Орозбек Молдалиев мурдагы президент Атамбаев, ал маалдагы премьер-министр Сариев ошол пансионаттарды Кыргызстанга кайтарып, чечкиндүүлүк көрсөттүк деп "коомчулукка жакшы эле акция кылышканын" эске салат. "Эми мурдагы президентибиз октябрда Өзбекстанга барган сапарында пансионаттарды берүү боюнча келишимге кол коюлганы билинип жатат. Бул ойлонулбаган чечим болуп калды", - деди Молдалиев "Азаттык" радиосуна.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков "Азаттык” радиосунун талкуусуна катышканда төрт пансионат боюнча келишимге кол коюлду деп айтуу эрте экенин тактады.

"Эки мамилекеттин ортосундагы бүгүнкү динамиканы кармап, аны дагы жогорку деңгээлге жеткирүү деген жакшы ниеттин негизинде жасалып жатат. Анан туристтик тармакты өнүктүрөт деген ниет бар", - деди Кыргызстандын Ташкенттеги элчиси.

Ысык-Көлдөгү төрт пансионат 1992-жылкы КМШ мамлекеттеринин ортосундагы келишим боюнча толугу менен Кыргызстандын менчиги. Ага ылайык 1996-жылга чейин Өзбекстан ээлик кылган пансионаттар 80 гектар жери менен кошо Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөн.

"Саясий туткундарга" боштондук

14-декабрда Бишкектеги "Саясий туткундарды коргоо" жана "Сөз эркиндигин коргоо" комитеттери саясий куугунтукту токтотуу боюнча жарандык форум өткөрүштү. Иш-чарага негизинен коомдук, саясий ишмерлер, жарандык активисттер, саясий негиз менен камалгандардын жакындары катышты.

Форум ушул тапта өлкөдө саясий жүйө менен камалып, соттолуп жаткандардын саны отузга чукулдаганын белгилеп, бийлик бутактарына кайрылуу жолдонду.

Кайрылууда "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен кармалып, бир жылдан ашуун убакыттан бери абакта жаткан, коррупция жана башка түрдүү иштер боюнча айыпталып, соттолгон жана учурда соттолуп жаткан саясатчылардын, Башкы прокуратура жана УКМК тарабынан айыпталып, соттолуп жаткан журналисттердин ишин кайра карап чыгууну, сотторго бул иштер боюнча мыйзам чегинде адилет чечим чыгаруусуна мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүшкөн.

Форумга катышкан Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова бийликтин милдети сот системасынын көз карандысыздыгын камсыздоо экенин эскертет. "Сот системасына буюртма, көрсөтмө бербей, анын иштерди мыйзам чегинде карашына мүмкүнчүлүк түзүлсө, алар адилет чечим чыгарышмак" деген ишенимде.

"Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, экс- депутат Асия Сасыкбаева "бийлик болгон соң элин угушу керек" деп, президент Жээнбековдун саясий куугунтук көргөндөрдү актап, бошотууга чечкиндүүлүгү жетет деп үмүттөнүп турат.

13-ноябрда Бишкек шаардык соту "Элдик парламент" кыймылынын беш мүчөсүнө чыккан Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Райондук сот мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков менен активист Төрөбай Колубаевди 14 жылга, Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султановду 10 жылга эркинен ажыраткан. Мурдагы депутат Тойгонбек Калматов жана полковник Александр Гусев алты жылга шарттуу кесилип, үй камагына чыгарылды.

"Элдик парламент" оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү 2016-жылдын майында "бийликти басып алууга ниеттенди" деген айып менен кармалган.

Жарандык коом cөз эркиндигине кабатыр

Жарандык коом cөз эркиндигине кабатыр

Көз карандысыз журналисттер союзу медиа менен бийликти конструктивдүү диалогго чакыруу максатында жыйынга чогулду. Анда айрым басылмалардын бийлик тарабынан сотко берилиши да талкууланды.

Ага чейин райондук сот ушундай эле айып менен былтыр мартта камакка алынган мурдагы депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга, көз карандысыз эксперт Эрнест Карыбековду 20 жылга, ал эми мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен. Соттолуучулар өздөрү жана жарандык коом аларга саясий негизде айып тагылганын белгилеп жүрүшөт. Эки сот тең башынан аягына чейин жабык өттү.

Президенттик шайлоонун алдында "бийликти басып алууну пландады" деген шек менен Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев камалган. Биринчи Май райондук соту депутаттын жана аны менен кошо айыпталгандардын иштерин жабык карап жатат.

Атамбаевдин бийлигин кескин сындап келген саясатчы, "Ата Мекен" фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев коррупцияга айыпталып, сегиз жылга соттолду. Ушул тапта аны менен кошо кесилген мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотонов экөө абакта жаза өтөп жатышат.

«Ата Мекен» фракциянын мүчөсү, мурдагы баш прокурор Аида Салянова "кызмат абалынан пайдаланган" деген айып менен беш жылга эркинен ажыратылды. Өкүмгө ылайык, Аида Салянова жазасын кызы 14 жашка толгондон кийин өтөйт.

Форумдун катышуучулары ошондой эле сот жообуна тартылып, чоң суммадагы айыппулга жыгылган журналисттердин ишин кайра кароону талап кылышты.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 30 миллион сом өлчөмүндө доо “Заноза” басылмасына, журналисттер Дина Масловага, Нарын Айыпка жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага коюлду. Жогорку Сот төмөнкү инстанциялардын чечимдерин колдоду.

5-октябрда Бишкектин Свердлов райондук соту журналист Кабай Карабековду жана 24.kg маалымат агенттигин президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун арызы боюнча ар бирин беш миллиондон, 10 млн сомго доого жыкты.

Бишкектеги форумга катышкандар журналисттик иликтөөсү үчүн журналисттер Элнура Алкановага, Влад Ушаковго жана "Kloop.kg" агенттигине көрсөтүлүп жаткан басымды токтотууга үндөштү.

Крис Риклтон
Крис Риклтон

10-декабрда эл аралык “Франс-Пресс” агенттигинин кабарчысы Крис Риклтон “Манас” аэропортуна учуп келген жеринен кайра Дубайга депортацияланды. Улуттук коопсуздук комитети соңку жети жылдан бери Кыргызстанда жашап жүргөн британ жаранын "буга чейин виза режимин бузган" деп билдирди.

Маалымат каражаттары менен журналисттердин үстүнөн сотко берилген арыздарды бийлик өкүлдөрү фактыга таянбаган материалдардын көптүгүнөн көрөт.

Маданият, маалымат жана туризм министри, абройлуу эл аралык медиа уюмдарда иштеген Султан Жумагулов "Журналистиканын негизи – бул факты" экенин белгилейт. "Бизде болсо имиш, жоромолдор көбөйүп кетти. Көп учурда факты жок эле ушинтиптир, өздүк булактар айтты деп эле жаза беребиз" - дейт министр.

Бишкекте чогулган саясий куугунтукту токтотуу боюнча жарандык форумдун кайрылуусу президент Сооронбай Жээнбековго, өкмөт башчы Сапар Исаковго жана башка бийлик бутактарына жиберилди. Кайрылууга азырынча расмий тараптан жооп боло элек.

Ошол эле маалда коомчулукта жогоруда аты аталган ишмерлерди жана журналисттерди "саясий куугунтукка” кабылды деп айтуу туура эмес деген пикирлер да бар.

ИКУ: Чыгыш Иерусалим Палестинанын борбору

13-декабрда Стамбулда Ислам кызматташтык уюмунун чукул саммити өтүп, анда "Иерусалимдин эркиндиги үчүн” деп аталган декларация кабыл алынды. 50дөн ашуун мусулман өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү “бүткүл дүйнөнү Чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбору" катары таанууга, АКШ президенти Дональд Трампты “мыйзамсыз жана аймакта хаос жаратышы мүмкүн болгон чечимин кайра кароого” үндөштү.

Декларацияда уюмга кирген өлкөлөр АКШ президенти Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимин “четке кагат жана айыптайт" деп айтылат.

Режеп Тайип Эрдоган
Режеп Тайип Эрдоган

Ушул тапта уюмга төрагалык кылган, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган самиттин катышуучуларын “оккупацияланган Иерусалимди Палестинанын борбору” деп таанууга үндөдү.

"Биз мындан ары күтүп тура албайбыз” деген Эрдоган мусулман өлкөлөрү өз талабынан “эч качан кайтпай турганын” билдирди. Түрк лидери ошондой эле Иерусалимди Израилдин борбору деп таануу дүйнөнү “бүтпөгөн жаңжалга” кириптер кыларын эскертти.

Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас өз сөзүндө “Иерусалим Палестин мамлекетинин баш калаасы жана ал түбөлүк. Ансыз Жакынкы Чыгышта тынчтык жана туруктуулук болбойт”, - деди эмоционалдуу түрдө.

Палестиндердин жетекчиси Трамптын талаштуу чечиминен кийин АКШ тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ортомчулук ролун жоготконун айтты, анткени ал калыстыктан тайып, Израилге тартып турганын белгиледи.

Иордания падышасы Абдaлла II ​самиттин катышуучуларына "Бардыгыбызга – мусулмандар жана христиандар үчүн Иерусалим түбөлүк”, - деп кайрылды.

Ал эми президент Хасан Роухани болсо “Иран ислам республикасы бардык мусулман өлкөлөрү менен эч кандай шарт койбостон сүйлөшүүгө даяр экенин” билдирди.

Кыргызстан Ислам кызматташтык уюмуна 1992-жылы мүчө болуп кирген. Стамбулдагы саммитке биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев баштаган делегация катышты.

"Иерусалим шаарынын макамы боюнча бардык чечимдер эл аралык укук ченемдерине жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин тиешелүү резолюцияларына жооп берүүгө тийиш", - деген Кыргызстандын расмий позициясын Шадиев жыйында билдирди.

Бишкектеги “Дин, укук жана саясат” көз каранды эмес аналитикалык борборунун директору, теолог Кадыр Маликов “Азаттык” радиосуна берген комментарийинде мусулман дүйнөсүндө "акырындап позициялардын консолидациясы болуп жатканын" белгилейт. Чыгыш таануучунун пикиринде, Кыргызстан эл аралык макулдашуулар менен резолюцияларга таянып, туура позицияны көрсөттү.

2012-жылы Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы Палестин автономиясынын макамын көтөрүп, аны “мүчө эмес, байкоочу мүчө өлкө” катары тааныган. Ал резолюцияны 138 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да колдогон. АКШ баштаган тогуз мамлекет каршы чыгып, 41 өлкө калыс бойдон калган эле.

6-декабрда АКШ президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимин жарыялагандан кийин дүйнөнүн бир катар мусулман өлкөлөрүндө нааразылык пайда болду. Вашингтондун чечимин АКШнын Европадагы башкы өнөктөштөрү да колдогон жок.

Маликовдун көз карашында Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп жарыялаганы Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүн "хаоско түртөт". ​"Мусулман-араб дүйнөсү ушул маалда тынчтана албай жатат. Сирияда согуш эми гана басаңдачудай болуп турат. Йеменде жана башка өлкөлөрдө жаңжал токтобой жаткан жерлер бар, эми алар саясий эмес, идеологиялык жана диндер аралык карама-карышылыкка айланып кетиши мүмкүн", - деп чечмелейт теолог.

Байыркы Иерусалим шаарынын макамы - израил-палестин чатагындагы эң сезимтал маселе. Талаштын өзөгү - Израил Иерусалимди мамлекеттин эле эмес, жөөт калкынын 3000 жылдан берки борбору деп санап, ал эми палестиндер бери дегенде шаардын чыгыш бөлүгүн болочок мамлекетинин борбору катары көргөнүндө.

Шаардын эски бөлүгүндө үч диндин: ислам, христиан жана иудаизмдин ыйык жайлары бар. Храм тоосунда мусулман дүйнөсүнүн үчүнчү ыйык жайы-айтылуу ал-Акса мечити жайгашкан.

Соңку эл каттоо боюнча шаар калкынын 60% ашууну иудейлер, 30% көбү мусулмандар, 2% христиандар.

Байыркы шаардын мусулман дүйнөсүндөгү аталышы - Ал-Кудус.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG