Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 19:34

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

24-ноябрда эгемен Кыргызстандын бешинчи президенти мамлекеттик эң жогорку кызматка киришти. “Ала-Арча” резиденциясында өткөн инаугурацияда Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик туунун, Конституциянын жана чакырылган коноктордун алдында ант берди:

- Мен, Жээнбеков Сооронбай Шарипович, Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына киришип жатып, кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын адилеттүү ишке ашырууга, адамдын жана жарандын укуктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын так аткарууга, элибиздин биримдигин жана мамлекетибиздин бүтүндүгүн, коопсуздугун сактоого ант беремин.

Анттан кийнки сөзүндө улут аралык ынтымакты ширетип, улутчулдук, трайбализм жана тууганчылыкка каршы турарын айтты. Тышкы саясатта болсо эл аралык, регионалдык уюмдарда кызматташтыкты ырааттуу улантарын, Орусия жана Кытай менен стратегиялык өнөктөш бойдон каларын айтты. Борбор Азиядагы кошулар менен мамиле баштагыдай эле уланып, "бири-бирин урматтоо жана бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө принциптерине" таянып өнүгүшү керектигин бөлүп көрсөттү. Европа, Азия мамлекеттери, анын ичинде Жапония, Корея, Индия, Монголия, Иран, Пакистан жана араб өлкөлөрү менен тыгыз мамилеле улантыларына, Түркия жана АКШ менен кызматташтык пландуу түрдө ишке ашарына токтолду.

Мамлекет башына келип жаткан Жээнбеков 2010-жылы өлкө тандаган парламенттик түзүлүштү колдоого убада берди.

"Аткаминерлердин арасындагы коррупция менен күрөшүү менин президенттик мөөнөтүмдүн эң артыкчылыктуу багыты" - деген Жээнбеков мыйзам алдында баары бирдей экенине басым жасады.

Бийликтен кетип жаткан президент Алмазбек Атамбаевге “жаңы саясий маданиятты калыптандырып бергени үчүн” эң жогорку Кыргыз Эл баатыры деген мамлекеттик наам ыйгарыларын жарыялады.

Жээнбеков: Башкарууда трайбализмге жол бербейм
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:49 0:00

Ант берүү аземине чакырылган 450 коноктун арасында 2011-жылы мамлекеттик бийликти тынч жол менен өткөрүп берип, Кыргызстандын эгемен тарыхында демократиялык салтты баштаган Роза Отунбаева болгон жок.

Экс-президент Роза Отунбаева “Азаттык” радиосуна курган маегинде өлкөнүн демократиялык өңүгүүсү үчүн салым кошкон, эки ыңкылапта активдүү роль ойногон саясатчылардын тагдырына кайрылды.

- Атамбаев болобу же Жээнбеков болобу, биздин далыбыздан басып өтүп, бүгүнкү бийликке келген адамдар. Эгер мен ошол жерге барсам, өзүмдү ыңгайсыз сезмекмин. Кайсыл арыма барып, жыргап отурмак элем? Жолдошторубуз Өмүрбек Текебаев түрмөдө, 2010-жылы Жалал-Абадда токмок жеп жүргөн Бектур Асанов азыр түрмөдө, Дүйшөнкул Чотонов губернаторлук ордун Жээнбековго берди эле, ал деле түрмөдө отурат.

Атамбаевдин алты жылы: сандар сүйлөйт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:52 0:00

Алты жылдык бийлик мөөнөтү жаңы башталып жаткан Жээнбековго өлкөнүн ички жана тышкы саясатын жүргүзүүдө жүктөлгөн милдеттер арбын. Оболу бир айдан ашуун чыңалып турган кыргыз-казак мамилесин жөндөө тапшырмасы турат.

Алматылык саясат талдоочу Айдос Сарым Кыргызстанда жаңы жетекчинин шайланышы менен эле маселе чечилбейт деген пикирде. Казакстандын койгон талаптарын жеңилдете ала турган нерсе - эки жактын сүйлөшүүлөрү, жаңы графиктер, жаңы келишимдер аркылуу Бишкектин "регионалдуу саясаты" кырдаалды жөндөйт.

Эксперттер менен саясатчылар шайлоодо элдин 54% добушуна ээ болуп, мамлекет башына келип жаткан Жээнбеков бийликтеги партиядан же мурунку президенттен көз каранды болбой, канчалык деңгээлде өз алдынча саясат жүргүзөт деген суроого көп көңүл буруп жаткан чагы. Мурдагы мамлекет башчы Отунбаева жаңы президент “чоң сыноонун алдында” турганын өзгөчө белгиледи. Кызматка киришкен президент канчалык "кадыр-баркка ээ болуп, өз алдынча саясат жүргүзө алары анын жеке өзүнөн жана командасынан көз каранды" - деп эскертет Отунбаева.

Кыргызстанда мамлекет башчы – президент алты жылга шайланат. Өлкөнүн эгемен тарыхында экинчи ирет саясий бийлик демократиялык жол менен алмашты. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген президент Роза Отунбаева 2011-жылдын 1-декабрында Алмазбек Атамбаевге жогорку кызматты өткөрүп берген.

Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун өкүмүн ө​згө​рткө​н жок

21-ноябрда Жогорку Соттун коллегиясы абактагы оппозициялык саясатчылар, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын мүчөсү Дүйшөн Чотоновго чыккан төмөнкү инстанциялардын өкүмүн күчүндө калтырды.

Абактагы Текебаевдин Жогорку Соттун судьяларына кайрылуусун адвокаты Канат Хасанов сот залында окуп берди.

- Силердин чечим тагдыр чечүүчү чечим. Сиздер Текебаевдин иши боюнча чечим чыгаруу менен элдин сотторго болгон ишенимин актайсыңар же биротоло тебелеп жок кыласыңар. Текебаевдин иши Кыргызстандын тарыхындагы эң чуулгандуу иш. Анын жүрүшүнө бүт коомчулук көз салып турат. Жогорку Соттун судьясы деген наамыңарга татыктуу болгула. Силер Конституцияга жана мыйзамга кызмат кыласыңар.

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантты.

Көзөмөл арызды эки күн териштирген сот процессине Текебаев менен Чотонов катыштырылган жок. Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекованын өтүнүчүн соттук коллегия “аларды катыштырууга негиз жок” деген жүйө менен канааттандырган жок.

Иште кылмыштын курамы жок деген адвокаттар Текебаев менен Чотоновду толук актоону же ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү өтүнүштү. "Кылмыш иши Маевскийдин айткандарына гана таянып, ойдон токулганын" айткан Хасанов райондук, шаардык соттордо эске алынган жок делген 68 учурду санап берди.​

Мамлекеттик айыптоочулар болсо, тескерисинче, соттолуучуларга жеңил жаза берилгенин жүйө келтиришти. Прокурорлордун бири Байзаков жасаган кылмыш жосунунун оордугуна карабай Текебаевге жеңил жаза чегерилгенин, "мунапыс кызматтык кылмыш" кылгандарга колдонулбай турганын эскертти.

Прокурорлор райондук сотто Текебаевди он, Чотоновду сегиз жылга абакка кесүүнү сурашкан. Баштапкы өкүмгө ылайык, мунапыс боюнча Текебаев менен Чотоновдун жаза мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат. Тергөө абагында жаткан бир күн эки күндөн деп эсептелет. Ошентип эки саясатчынын абак мөөнөтү төрт жарым жылды түзөт.

Жогорку Соттун чечимин оппозиционерлердин жактоочулары “саясий буйрук” катары баалап, эми эл аралык укук коргоо мекемелерине кайрыларын билдиришти.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова ал үчүн эл аралык стандарттарга туура келбеген 28 берененин кайсынысы бузулганын карап чыгуу зарыл дейт.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган.

16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүгө өкүм чыгарган. Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Эки саясатчы соттордун чечимин оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет.

2-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандаттан ажыраткан.

Учурда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 колонияда, Дүйшөнкул Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакта жазасын өтөп жатышат.

Гаага соту Младичти өмүр бою абакта калтырды

22-ноябрда Гаага шаарында Улуттар Уюмунун мурдагы Югославия боюнча трибуналы босниялык сербдердин мурдагы кол башчысы Радко Младичти өмүр бою эркинен ажыратты.

Өкүм угузулардын алдында Младич "силер калп айтып жатасыңар!" деп улам кыйкыра бергенден кийин сот залынан чыгарылды.

75 жаштагы мурдагы генерал ага тагылган 11 бир айыптын бирөө - айыл-кыштактардагы геноцид боюнча акталды.

Младичтин адвокаты Драган Иветич соттун чечимине каршы доо арыз менен кайрылышарын журналисттерге билдирди.

"Младич - караөзгөйлүктүн уюткусу" деп атаган Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад Ал-Хусейн соттун өкүмүн "адилеттүүлүктүн жеңиши" деп атады.

Брюсселдин билдирүүсүндө «Мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналдын чечимин толук сыйлайбыз жана анын ишин колдойбуз» деп айтылат.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг өкүмдү «мыйзам үстөмдүгүн күбөлөндүрдү» деп баалап, ал аймактагы ынтымакка салым кошот деген оюн айтты.

Младич өмүр бою абакка кесилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

Бир кезде Эл аралык трибуналда акталган серб радикалдарынын лидери Воислав Шешелдин көз карашында Младичке чыккан өкүм “саясий жана сербдерге каршы маанайды” айгинелейт.

Босния менен Герцоговинанын курамына кирген, өзүн Серб Республикасы деп атаган жикчил жумурияттын президенти Милорад Додик Младичти тарыхка кирген «элдик баатыр» деп атады.

Кремль болсо Улуттар Уюмунун трибуналын сындады. «Мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналдын саясатташканын жана бирөөнүн кызыкчылыгын коргогонун Орусия бир нече жолу белгилеген» - деди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова.

Москвадагы Жогорку экономика мектебинин профессору, саясий илимдердин доктору Юлия Нисневич Орусиянын жетекчилиги эл аралык укукту формалдуу болсо да таанып, андыктан Младичке чыккан өкүмгө каршы ачык эч нерсе айта албай турганын белгилейт.

“Босниянын касапчысы” деген ылакап атка конгон Младич геноцид, адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмыштары үчүн 11 пункт боюнча айыпталган. Алардын арасында 1995-жылдын июль айында Босниядагы Сребреница деген жерде сегиз миндей мусулман эркектер менен балдардын өлтүрүлүшүнө байланыштуусу да бар.

Тагылган айыптардын оордугуна караганда Младичтин иши Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин нацисттерди соттогон Нюренберг процессинен кийинки эң ири сот жараяны болуп калды.

Мурдагы Югославия боюнча трибуналдын башкы прокурору Серж Браммерц соттун чечими сербдерге каршы өкүм эмес экенин белгилеп, "Младичтин күнөөсү анын жеке өзүнүкү"- экенин айтты.

Младичтин иши 1993-жылы Гаагада негизделген атайын трибуналда каралган акыркы иш. Мурдагы Югославия боюнча трибунал 1990-жылдардагы Балкан согушундагы кылмыштарды иликтөө үчүн түзүлгөн.

Прокурорлордун белгилешинче Младичтин кол астындагы аскерлер Улуттар Уюмунун бейпилдик күчтөрүнүн курамындагы голландиялык контингентти сүрүп чыгарып, босниялык мусулмандар жашаган айылга кирип барышкан. Андан кийин Улуттар Уюму коопсуз тилке деп жарыяланган Сребреницадагы абышка-кемпирлерди, аялдарды жана балдарды автобустарга, жүк ташыган машинелерге салып, босниялыктардын карамагындагы чөлкөмгө жөнөтүшкөн. Эркектер менен өспүрүмдөрдү шаар четиндеги жерге алып барып, атып өлтүрүшкөн жана чогуусу менен көмүп салышкан.

Бул кыргынды 2007-жылы Гаага трибуналы геноцид деп тааныган. Прокурорлордун белгилешинче Младич, Босниядагы сербдердин согуш маалындагы лидери Радован Каражич жана мурдагы Югославиянын согуш учурундагы президенти Слободан Милошевич Боснияны серб эместерден тазалап, Югославиядан "Улуу Сербияны" бөлүп чыгууну көздөшкөн.

Трибунал Младичке айыптоолорду 1995-жылы таккан, бирок ал Сербияда жашырынып жүрүп, Белград аны 2011-жылдын май айында гана кармап, трибуналга өткөрүп берген. Сот жараяны 2012-жылы башталган.

2016-жылы Гаага трибуналы Радован Каражичке Младичтикиндей эле айыптарды тагып, анын ичинде геноцид боюнча күнөөлүү деп таап, 40 жылга абакка кескен. Ал трибуналдын өкүмүн апелляцияга берген.

Ал эми Слободан Милошевич 2006-жылы эл аралык трибуналдын түрмөсүндө көз жумуп, ага өкүм чыкпай калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG