Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Атамбаевдин "мурасы"


Инаугурациядан кийин. 24-ногябрь, 2017-жыл
Инаугурациядан кийин. 24-ногябрь, 2017-жыл

Жээнбеков жакынкы убакта кайсы маселелерди кечиктирбей чечиши керек? Кыргызстандын бийликтен кетип жаткан президенти жаңы мамлекет башчысына кандай мурастарды калтырды?

Журт башчы мамлекетти башкарууда өз алдынчалыкка жетише алабы? Өлкөнүн ички-сырткы саясатында кандай өзгөртүүлөрдү, реформаларды жасоо зарыл? Бул маселелерди бүгүнкү “Арай көз чарай” берүүбүздө кенен кеп кылабыз.

Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, профессор Жамгырбек Бөкөшев жана Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Жанар Акаев катышты.

“Азаттык”: Урматтуу эксперттер, 24-ноябрда Кыргызстандын шайланган президенти расмий кызматка киришти. Коомчулукта "мөөнөтү бүткөн президент шайланган президентке кандай Кыргызстанды өткөрүп жатат? Башкача айтканда, Атамбаев Жээнбековго эмне мурас калтырды?" деген суроолор талкууланып жатат.

Атамбаев жаңы президент Жээнбековго башаламандыктан чыгып, ыраатка түшкөн жана өнүгүү жолуна бет алган Кыргызстанды калтырып отурат.
Жамгырбек Бөкөшев

Жамгырбек Бөкөшев: Ток этер жерин айтсак, экс-президент Атамбаев жаңы президент Жээнбековго башаламандыктан чыгып, ыраатка түшкөн жана өнүгүү жолуна бет алган Кыргызстанды калтырып отурат. Кыргызстан бүгүн өз күчүнө, дараметине ишенип, ошого жараша максат, ченемдерин белгилей алат.

Алдыда ишке аша турган бир топ пландар “Таза коом” программасында камтылганын билебиз. Өлкөнүн коомдук турмушунда, социалдык тармагында, идеологиялык багытында бир нече иштер башталып калды, аларды аткаруу, улантуу турат. Ошол эле учурда ойлондурган бир топ оор маселелер да калып отурат. Учурда Кыргызстандын улуу-кичүүсүнө чейин ойлондурган, талкууга түшүп жаткан кыргыз-казак чек арасындагы маселелерди жөнгө салуу милдети турат. Бул олуттуу жана тез арада чече турган иш.

Жээнбековдун энчисине экономикалык кубатын чыңдай албаган Кыргызстан калып отурат.
Жанар Акаев

Жанар Акаев: Кыргызстандын акыркы убактарда Түркия, Америка, кошуна Казакстан менен кесепети оор мамилеси калып отурат. Орусия менен деле ысык мамилеледебиз деп айта албайм. Чек арадагы бүгүнкү абал келерки жылдын бюджетине да кесепетин тийгизчүдөй болуп жатат.

Кетип жаткан президент негизги саясий оппоненттердин көзүн тазалоо боюнча Жээнбековго жакшы жардам берди. Сооронбай Жээнбековго оппозиция боло турган күчтөрдү Кыргызстандан качырды, камаганын камап, түрмөгө салды. Кыргызстанда азыр оппозиция жок. Жээнбековдун энчисине экономикалык кубатын чыңдай албаган Кыргызстан калып отурат. Бюджет тартыштыгы оор бойдон калууда, тышкы карыз кескин көбөйдү.

“Азаттык”: Жамгырбек агай, "Атамбаевдин башкарган учурунда аягына чыкпай калган иштердин бири - сот бийлигине реформа жасай алган жок" деп айтылууда, аны президент өзү да моюнга алып жатат. Сот бийлигин реформалоо боюнча Жээнбеков кандай чара көрүшү керек деп ойлойсуз?

Жамгырбек Бөкөшев: Бул баарыбызды сарсанаага салган маселе. Реформада адам укугун сакталышы, соттордун адилеттүүлүгү - негизги шарттардын бири.

Менимче, коомдун бардык тармагындагы мыйзамдын аткарылышы, соттордун жоопкерчилиги негизги маселе катары каралышы керек. Мыйзамды “буйлалаган төө” кылып чечим кабыл алган соттордун жоопкерчилигин катуу сураган мыйзамдык механизмдерди киргизүү зарыл.

Тиешелүү укуктук-нормативдик актыларды кабыл алыш керек. Эң башкысы сотторго болгон коомдун ишенимин кайтаруу абзел. Бул жагынан жаңы президент программалык негиздеги чечимдерди кабыл алышы керек. Ал үчүн жаңы президент чечкиндүү аракеттерди жасашы керек.

Соттор эч качан жаңыланууну каалабайт. Менимче, өзгөрүүнү күч менен жасаш керек.
Жанар Акаев

Жанар Акаев: Соттор эч качан жаңыланууну каалабайт. Менимче, өзгөрүүнү күч менен жасаш керек. Бирок акыркы алты жылда соттор президенттин өзүнө да керек болуп жатты. Мисалы, саясий оппоненттерди жок кылууда соттор Ак үйдүн көрсөтмөсүн жакшы аткарышты. Ак үйдүн тиешелүү бөлүмүнүн бир телефондук коңгуроосу азыркы кыргыз соттору үчүн мыйзам болуп калган.

Эгерде Ак үйдүн айткандарын аткарбай койсо Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованын тагдыры күтүп жатканын соттор жакшы билет. Азыр коомдо Жээнбеков Атамбаевдин айтканынан чыкпайт деген пикирлер көп. Ошону жок кылуу үчүн ал бир жуманын ичинде элге жаккан, эл күтүп жаткан олуттуу реформалардын башаты боло турган чечимдерди кабыл алышы шарт.

“Азаттык”: Жамгырбек мырза, Атамбаев чала калтырган иштеринин негизгиси - коррупция менен чечкиндүү күрөшө алган жок деп бааланууда. Жаңы президент Жээнбеков шайлоо убагында "коррупция менен күрөшөм, керек болсо кимдерден башташ керектиги боюнча тизме да бар" деди эле, натыйжа болоруна ишеним барбы?

Коомдогу ээлеген ордуна, кадыр-баркына, беделине карабай бир топ адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылды.
Жамгырбек Бөкөшев

Жамгырбек Бөкөшев: Мен бул убакка чейин коррупция менен болгон ишти чала бойдон калды деп айта албайм. Мына баарыбыз күбө болдук, коомдогу ээлеген ордуна, кадыр-баркына, беделине карабай бир топ адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Коомдун бардык бөлүгүн камтый албаса да, башталганын көрүп отурабыз. Бул аракеттер потенциалдуу коррупционерлердин аң-сезимине, коомдук аң-сезимге да чоң таасир берди, олуттуу жылыштар болду. Жаңы президенттин бул маселе менен чечкиндүү күрөшө тургандыгына бир топ негиздер бар. Ал ушул убакка чейин бир топ кызматтарды жүрсө да таза болуп, ак-так иштегендигин билебиз...

(Талкуунун толук бөлүгүн ушул жерден угуңуз)

Атамбаевдин "мурасы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:19 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG