Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Жээнбеков тышкы саясатта азыркы багытты улантарын билдирди


Сооронбай Жээнбеков инаугурация учурунда. 24-ноябрь, 2017-жыл. Бишкек.
Сооронбай Жээнбеков инаугурация учурунда. 24-ноябрь, 2017-жыл. Бишкек.

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкектеги инаугурация маалында тышкы саясат боюнча да пикирин билдирди. Ал тышкы саясатта улуттук кызыкчылыктарды коргоо, өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүшү мурдагыдай эле негизги багыттардын бири бойдон калаарын айтты:

- Кыргызстан эл аралык иштерге жана БУУ, КМШ, ЖККУ, ШКУ жана ЕАЭБ сыяктуу эл аралык уюмдар менен аймактык түзүмдөрдүн алкагында интеграциялык процесстерге активдүү катышуусун улантат. Орусия менен салттуу достук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык багытыбыз бекемделет. Кытай Эл Республикасы менен мамилебиз ынак кошуналык жана стратегиялык өнөктөштүк деми менен тереңдетилет. Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгыбыз кылымдарды карыткан бир туугандыкка, боордоштукка, достукка, тарыхыбыздын, маданиятыбыздын жана руханий дөөлөттөрүбүздүн үндөштүгүнө таянат. Ошол эле учурда бул мамилелерибиз мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташтык, бири-бирин урматтоо жана бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө принциптерине таянып өнүгүшү керек. Европа Биримдигине кирген өлкөлөр, ошондой эле Азия мамлекеттери, анын ичинде Япония, Корея, Индия, Монголия, Иран, Пакистан жана араб өлкөлөрү менен тыгыз мамилелерибиз уланат. Түркия жана АКШ менен кызматташтык пландуу түрдө өнүктүрүлөт, - деди Жээнбеков.

Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Бүгүн өлкөдө экинчи ирет президенттик бийлик тынч жол менен алмашты.

2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге бийликти өткөрүп берген. (NT)

XS
SM
MD
LG