Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:36

Исаковдун өкмөтү: дымакты сынаган үч ай


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт кызматка киришкенине дээрлик үч ай болду. Учурда өкмөттө орун алмашуу жүрүп жатат.

Өкмөттөгү өзгөрүүлөр

21-ноябрда биринчи-вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов вице-премьерликке сунушталды. Бүгүн өкмөт башчы Сапар Исаков Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетине барып, Абдыгуловдун талапкерлигин сунуш кылып, натыйжада депутаттар ага макулдугун беришти.

Вице-премьерлик кызматты ээлеп турган Дүйшөнбек Зилалиев өткөн аптада "башка жумушка которулушуна байланыштуу" деген негизде иштен алынган. Ошондо азыр биринчи вице-премьер-министрдин орду бош калды.

Зилалиевдин күтүүсүз иштен кетиши өкмөттүн кадрлары жана алардын мүмкүнчүлүгү тууралуу талкууларды жаратты.

Президент Алмазбек Атамбаев 20-ноябрдагы маалымат жыйынында өкмөттө дагы орун алмашуу жүрө турганын айтып, анын ишин оң баалаган:

- Жаңы өкмөт мага жагат. Анын курамы, анын ичинде министрлер да, албетте, жаңыланат. Өзүңөр билгендей, азыр вице-премьер-министр Зилалиев кызматтан кетти. Анын ордуна башка киши дайындалат. Кандайдыр бир орун алмашуу болот. 1-декабрда Конституциядагы жаңы өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Өкмөт күчтүү болот. Менимче, ал туура жолдо баратат. Анын багыты таза коом болушу керек. Эгер коом таза жана ачык-айкын болсо, анда биздин өлкөдө кайсы бир адамдарга жаман нерсени жасаганга кыйын болот. Ал азыр гана иштей баштады. Иштегенге убакыт берели.

Ушул жылдын 25-августунда парламенттен колдоо тапкан премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт элге “Жаңы доорго кырк кадам” программасын сунуш кылган. 40 жаштагы Исаков жаңы өкмөт реформатор - технократтардан куралды деп сыпаттаган жана жакынкы жылдары Кыргызстан санариптик мамлекетке айланат деп ишендирген. Андан тышкары өкмөттөгү вице-премьерлик негизги орундарга жана айрым министрликтерге жаштар дайындалган.

Премьер-министр Сапар Исаков (ортодо) жана өкмөт мүчөлөрү.
Премьер-министр Сапар Исаков (ортодо) жана өкмөт мүчөлөрү.

Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов жаш кадрларга мындайча баасын берди:

- Алар республиканын жагдайын, республикалык масштабдагы абалды жакшы билбейт экен. Туура эмес иштер боюнча чечкиндүү чечимдерди кабыл алышы керек болчу. Бул жагынан Сапар Исаковдун өзүнүн да тажрыйбасы жок болуп жатат.

"Реформалардан кабар жок"

Саясатчы Равшан Жээнбековдун пикиринде, үч айлык мезгил өкмөттүн дымагын жана дараметин аныктоого жетиштүү. Ал Сапар Исаковдун өкмөтү өзүн реформатор жана жаратман катары көрсөтө алган жок деп эсептейт:

- Үч ай абдан жеткиликтүү убакыт болуп саналат. Исаковдун өкмөтүн карай турган болсок, алардын маанилүү жана фундаменталдуу маселени чечүүгө аракеттери да болгон жок. Мисалы, билим тармагында реформа болуп жатабы же жокпу? Медицина тармагында реформа барбы же жокпу? Административдик реформалар керекпи же жокпу деген суроолорго булар көңүл бурган жок жана бура да албайт. Анткени өкмөт негизинен президенттен көз каранды. Алар өз алдынча чечим кабыл ала албайт.

Өкмөттү сынаган чек ара кризиси

Исаковдун өкмөтү кызматка киришкенине бир ай болгондон кийин эле кыргыз-казак чек арасында кризис жаралып, ушул күнгө чейин чечиле элек. Сапар Исаков аны чечүү максатында Казакстандын өкмөт башчысы менен бир канча жолугушуу өткөргөн.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун оюнча бул кризис президенттен көз каранды болгондуктан, премьер-министрдин колу-буту тушалган абалда болду:

- Жаңы иштеп баштаганда эле башына ушундай түйшүк түштү. Бүгүн Сапар Исаковдун колу байланган. Демилге көтөрүп чыгышы кыйын. Эми жаңы президент менен кандай иштешип кете алат, келечеги ошондон билинет. Бүгүнкү күндө Сапар Исаковдой чоң мүмкүнчүлүгү, ыйгарым укугу бар адам жок. Бирок ал аны кандай колдоно алат, убакыт көрсөтөт. Бирок кадр маселесинен аксап жатканын көрүп жатам. Бул жагынан көп кыйынчылык болот го.​

"Өкмөт шымаланып иштеп жатат"

Сапар Исаковдун дагы бир өзгөчөлүгү катары анын дүйнөлүк белгилүү окуу жайларды бүтүргөн жаштарды өзүнө кеңешчи кылып, кызматка дайындаганы айтылып келе жатат. Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков аларды "теоретиктер" деп баалап, өкмөттүн ишин алдыга жылдыра албайт деген ойдо.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы, өкмөт башчынын кеңешчиси Токон Мамытов, тескерисинче, өкмөт Кыргызстандагы көйгөйлөрдү чечкенге жарайт деп эсептейт:

- Жакшы эле иштеди. Башы жакшы. Бир топ көйгөйлүү маселелерди чечкенге аракеттенди. Албетте, үч ай деген аз эле мөөнөт. Бирок башталышы жакшы. Өзүнүн иш-планын түзүп, өзгөчө көйгөйлүү проблемаларды белгилеп алды. Азыр мына шымаланып, ошол иш-пландарды ишке ашырганга киришип жатат.

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Акыркы апталарда жол кырсыктары көбөйгөнүнө жана Суу кодексин өзгөртүү боюнча демилгесине байланыштуу өкмөткө арбын сын айтылып келди.

Премьер-министр Сапар Исаков Патрулдук милиция башкармалыгын жоюп, аны Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык деп кайра түзүү тууралуу токтомго кол койгон.

"Таза коом" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарды каттоого алган видео-фото байкоо жабдуулары Бишкек жана Ош шаарларына 30-ноябрга чейин орнотулары да белгиленген. Бирок азырынча жол кырсыктарын азайтуу боюнча чечимдер натыйжа бере элек.

Кыргыз өкмөтү буга чейин "Таза коом" программасынын алкагында түзүлгөн Мамлекеттик электрондук кызматтар порталын да ишке киргизген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG