Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:00

Дүйнөлүк соода уюму кыргыз-казак чек арасындагы акыркы жагдайга байланыштуу Кыргызстандын арызын карады. Анда чек арадагы абалдын кесепети боюнча Женевада жайгашкан уюмдун жыйынында өлкөнүн Экономика министрлиги атайын баяндама менен чыкты. Ал арада Казакстан Кыргызстандагы сүт, эт жана кондитердик азык-түлүк чыгарган бир нече компаниянын продукцияларын өлкөгө киргизүүгө чек койгону белгилүү болду.

Дүйнөлүк соода уюмунун Товар соодасы боюнча кеңешинин Женевада өткөн 10-ноябрдагы жыйынында Кыргызстандын Казакстан менен чек арасындагы кырдаал боюнча арызы каралды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйында экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков баш болгон кыргыз делегациясы чек арадагы өткөрмө пункттардагы абал тууралуу маалымат берип, казак тарап оор жүк ташуучу унааларга “жасалма тоскоолдуктарды” түзүп жатканын билдирген:

- Делегация Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмунун негизги принциптерин: транспаренттүүлүктү камсыз кылуу боюнча жобону, транзит жана дискриминациялоо эмес эркиндигин бузганын көрсөттү. Салмактуу аргументтеринин далили катары кыргыз тарап конкреттүү сандарды келтирди, - деп айтылат өкмөт тараткан билдирүүдө.

Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Кыргыз тарап чек арада жүк ташуучу унаалар көпкө туруп калганын, анын чыгымын Эл аралык валюта кору 200 миллион доллар деп эсептегенин кошумчалаган.

Өз кезегинде казакстандык делегация мурда айткандарын кайра белгилеп, чек арадагы текшерүүлөрдү аткезчилик жол менен ташылган товарларга каршы күрөш жана фитосанитардык талаптар менен түшүндүргөн.

Кыргыз өкмөтү чек арадагы кырдаал боюнча казак тараптын ар бир аргументине жооп бергенин, Дүйнөлүк соода уюмун түзүлгөн кырдаалды объективдүү баалоого чакырганын билдирди.

Жыйында Түштүк Корея, Жапония жана Молдованын делегациялары эки тарапты кырдаалды тез арада жөнгө салууга үндөгөн. Женевадагы жыйын боюнча казак тараптын расмий маалыматы белгилүү боло элек.

Кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк соода уюмуна өткөн айда арыз жолдогон.

Расмий Бишкек мындай кадамга Астана чек арадагы көзөмөлдү бир тараптуу күчөтүп, бул боюнча эки тарап ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаган соң барган. Өкмөт чек арадагы абалды дал ушул уюмдардын кийлигишүүсү менен чечүү ниетин билдирген.

Бирок эки өлкө мүчө болгон Евразия экономикалык биримдиги кайрылууга жооп кайтарган жок. Мындай кырдаалда абалды жайгаруунун бир жолу катары Дүйнөлүк соода уюмунун кандай чечим кабыл алары маанилүү болуп турат.

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин айтымында, эл аралык уюмдун кайрылууну кароо жол-жобосу бир топ убакытка созулат:

- ДСУ Казакстан жана Кыргызстан кетирип жаткан кемчиликтерди карайт. Аны жакшылап изилдейт. Ал көпкө созулат. Маселе эртең эле чечилип калат деп күтүү туура эмес. Алардын өз эксперттери карап чыгып, анан чечим кабыл алат. Бул жерде дагы бир нерсе бар. Саясатташып калган маселелерди бул уюм чече албайт. Биздин чек ара маселебиз саясатташып кетти.

Ошол эле кезде экс-премьер чек арадагы абал эл аралык уюмдардын ортомчулугу эмес, эки өлкө жетекчилеринин түз сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында гана чечилиши мүмкүн деген пикирде.

Ал ортодо Казакстан Кыргызстандагы сүт, эт жана кондитердик азык-түлүк чыгарган бир нече компаниянын продукцияларын өлкөгө киргизүүгө чек койгону белгилүү болду.

Бул тууралуу Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин жума күнү журналисттерге билдиргенин “Хабар” мамлекеттик телеканалы баштаган бир катар жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бекшин Кыргызстандан талапка туура келбеген продукциялар келип жатканын айткан.

Айрым маалымат булактары «Ак-Сүт», «Риха», «Куликовский» ишканаларынын продукцияларына чектөө киргизилгенин кабарласа, “Тенгриньюс” баштаган басылмалар чектөөгө кабылган компаниялардын саны төртөө экенин, алардын арасында “Эмилия” жоопкерчилиги чектелген ишканасы барын жазды.

Бирок мындай чара боюнча Кыргызстандын расмий органдарынын кабары жок.

Калысбек Жумаканов

Өлкөнүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумакановдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, коңшу өлкөнүн тиешелүү органдарынан эт-сүт продукцияларына чектөө киргизүү боюнча эч кандай маалымат түшө элек:

- "Риха" жана башка ишканалдардын продукциялары чектөөсүз эле кирип жаткан. “Куликовскийдин” азыктары болсо даяр продукция катары бизге карабайт. Эгерде казак тарап кандайдыр бир чечимдерди кабыл алса, реестрге кирген ишканалар боюнча дароо маалымат бериши керек. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ушундай мыйзам бузуу аныкталды деген негизде кайрылышы керек болчу. Бирок андай кайрылуу боло элек.

Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Олег Горин да мындай чектөө тууралуу кабары жоктугун “Азаттык” радиосуна айтты. Негизи акыркы күндөрү Кыргызстан жана Казакстандын чек арасындагы жүк ташуучу унаалар өткөн "Ак Тилек" өткөрмө бекетинде тыгындын азайганы байкалган. Муну кыргыз тарап көпчүлүк айдоочулардын жолго чыкпай калганы менен түшүндүргөн.

Бирок 10-ноябрдан тарта чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде 300гө жакын машине топтолгону белгилүү болду. Мамлекеттик Чек ара кызматынан кабарлашкандай, тыгын "Ак-Тилек" жана Таластагы " Чоң Капка" бекеттеринде байкалууда.

Анткен менен кыргызстандык ишкерлер туура бир айдан бери чек аранын жабылышынан оңбогондой чыгымга учураганын айтып, өкмөттү кырдаалды жөнгө салууга чакырышты.

Чек ара көйгөйү башталгандан бери Таластагы сүт заводунун өндүргөн продукциясы кампада турат. 11-ноябрь, 2017-жыл

"Дордой" базарындагы соодагерлердин кесиптик кошуунунун төрайымы Дамира Дөөталиеванын айтымында, казак тарапка өткөн товарлар да мыйзамсыз текшерүүлөргө туш болууда:

- Өкмөт чек арада машинелердин кезеги азайды десе эле абал оңолуп калды деп ойлоп жатат окшойт. Бирок абал өзгөргөн жок, жапа чегип жатабыз. Эптеп Казакстандын аймагына кирсек, ал жактан улам текшерүүлөргө туш болобуз. Алар ит менен улам текшерип жүдөтүүдө. Ошон үчүн өкмөткө маселени тезинен чечип бергиле деп кайрылабыз.

Буга чейин өкмөт чек арадан жапа чеккен ишкерлердин чыгымын эсептеп чыгып, тиешелүү көмөк көрсөтүлөрүн билдирген.

Ушул жылдын 10-октябрынан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн. Алгач муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырса, 25-октябрда расмий Астана чек арадагы кырдаал кыргыз тараптын бажыдагы аткезчиликти көзөмөлдөй албаганынан улам курчуганын айткан.

Бирок коомчулук коңшу өлкөнүн бул кадамын Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигине жолдонгон сынына байланыштырып келет.

Бул окуядан кийин казак жана кыргыз өкмөт башчылары КМШнын Ташкентте жана ЕАЭБнын Еревандагы жыйыны учурунда бири-бирине доомат айткан.

Акыркы жолу казак премьери Бакытжан Сагинтаев чек араны ачуунун беш шартын атаган.

Алардын арасында Кыргызстандын улуттук мыйзамдарын ЕАЭБнын салыкты тескөө боюнча эрежелерине ылайыкташтыруу, мыйзамсыз экспортту токтотуу, ветеринардык-санитардык, фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүү, кыргыз-казак чек арасынан маңзаттардын, куралдын, ок-дарынын чыгышын тыюу жана башка товарлардын мыйзамсыз өтүшүнө жол бербөө сыяктуу талаптар бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG