Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:56

Айрым укук коргоочулар чек арадагы чектөө алынбаса, Кыргызстанды Евразия экономикалык биримдиктен чыгаруу демилгеси көтөрүлө турганын жарыялашты.

Борбор Азиядагы адам укугун коргоо Конгрессинин координатору Турсунбек Акун 3-ноябрда Бишкектеги казак элчилигинин астында Кыргызстандагы коомдук уюмдардын акциясын уюштурду.

Ага кыркка чукул адам катышып, "Кыргыз менен казак эли бир тууган, ЕАЭБден чыгууну ойлонуу керек, Бардык көйгөй Бабановдон башталды, кыргыз-казак чек арасы ачылсын!" деген жазууларды көтөрүп турушту.

Акциянын катышуучуларына Казакстандын элчилигинен өкүлдөр чыгып, барактарды таратып кайра кирип кетишти. Анда Казакстандын чек арада текшерүүнүн күчөтүү себептери, аткезчилик тууралуу казак расмий мекемелеринин маалыматтары жазылган. Казак элчилигинин өкүлдөрүнүн кайра кирип кеткенинине Турсунбек Акун нааразылыгын билдирди.

Пикет маалында 5-ноябрга чейин чек ара ачылбаса, Кыргызстандын ЕАЭБден чыгышын, адам укугун бузуп жатканына байланыштуу Казакстанга экономикалык санкция жарыялоо талабы менен ЕАЭБ жана ЕККУга кайрылуу жөнүндө резолюция кабыл алынды.

Бир катар катышуучулар парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, 15-октябрдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Өмүрбек Бабановдун шайлоо алдында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушканын сынга алышты.

- Өткөн эки жылдан бери ЕАЭБ уюмунун бир дагы пайдасын көрө элекпиз. Чек арада чектөөлөр орнотулуп, уюмдун шартына туура келбеген иштер улана берсе, анда ошол биримдиктин курамында калуунун зарылдыгы барбы? Бир эле Казакстандын президентинин пикири менен болгон уюмдун кимге кереги бар? Ошондуктан 5-ноябрга чейин чек ара ачылбаса, анда биз бул биримдиктен чыгуу маселесин коюп жатабыз. Мындан тышкары Казакстан адамдардын чек арадан эркин өтүү укугун бузуп, басмырлай берсе, анда биз тиешелүү фактылардын баарын топтоп туруп ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдарга арызданабыз. Анткени Казакстан мына ошол уюмга мүчө болуп, адам укугун сактоо милдеттенмесин алган мамлекет. Европа Орусияга санкция киргизген сыяктуу биз дагы анда ошол эл аралык адам укугун коргоо уюмдары аркылуу Казакстанга карата экономикалык санкция киргизүүнү талап кылабыз, - деди укук коргоочу Турсунбек Акун.

Укук коргоочунун айтымында, анын мындай демилге көтөрүүсүнө кыргыз-казак чек арасындагы чектөөлөргө байланыштуу абалдын татаалдашып кеткени себеп болду.

Учурда чек арадан өтө албай, кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын узундугу он чакырымга жетип, жүк ташуучулар менен ишкерлер чоң зыянга учурап жатканы айтылды. Кыргыз бийлиги бул жагдай боюнча Евразиялык экономикалык комиссияга кайрылган. Ошол эле кезде айрым серепчилер кырдаалды жөнгө салууга Москванын кийлигишпей жатканын сындашкан.

Экономист Жумакадыр Акенеев бул эки тараптуу маселе экенин айтып, ага үчүнчү тараптын кийлигишүүсү шарт эместигин белгиледи:

- Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чыңалууга Орусиянын же болбосо ЕАЭБ уюмунун кандай тиешеси бар? Бул жерде бардыгы эки тараптуу мамилеге байланыштуу болуп жатпайбы. Эки тараптуу келишимдердин аткарылышына байланыштуу маселе чыгып жатат. Ошондуктан бул маселе эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилиши керек. Менимче бул маселе башында саясий себептерден улам татаалдашып кеткендиктен аны кайра эле президенттердин деңгээлинде саясий жол менен чечүүгө болот.

Буга чейин Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Саркисян да Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чатак - эки тараптуу маселе экенин айтып, ага кийлигишүүгө уюмдун ыйгарым укуктары жетишпестигин белгилеген. Саркисян мындайда улуттук мыйзамдар үстөмдүк кылат деп, комиссия кырдаалга көз салып, чатакташкан тараптарга сунуш гана бере аларын билдирген.

Айыл чарба адиси, талдоочу Манас Саматов Евразиялык биримдик болгону саясий долбоор деп эсептеди:

- Евразиялык биримдик деген бул саясий долбоор Кыргызстандын түпкү кызыкчылыгына төп келбеген нерсе. Анткени бюджеттин үчтөн бир бөлүгү бажы төлөмдөрүнөн турса, аны биз Евразиялык комиссия деген уюмга берип, ошол аркылуу гана кайра бөлүштүрүп бергенин ала алат экенбиз. Бул жерде биздин көз карандысыздыкты чектөөгө алып бара турган тымызын жол турат. Бул бизди экономикалык жана саясий жактан байлап алуунун гана долбоору. Бул уюм эч кандай ортодон чыккан маселени акыйкат чечип бере албайт. Уюмда кайсы мамлекеттин салмагы чоң болсо, ошонун гана кызыкчылыгын колдойт. Бул жерде биринчи кезекте Орусиянын кызыкчылыгы турат.

Биримдиктен чыгуунун кесепети

Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу келишимде ага мүчө мамлекеттердин уюмдан чыгуу шарттары каралган. Анткен менен мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариев экономикалык биримдиктен чыгуу өлкөдөгү абалды ого бетер оорлоштурат деп тынчсызданат. Темир Сариев андан көрө уюмдун алкагында маселени жөнгө салуунун механизмдерин колдонуу максатка ылайыктуу деп эсептейт:

- Бул жерде Казакстан менен мамилени тез арада чечпесе, эртең суук түшкөндө элди кыйнап коёбуз. Азыр эле көмүрдүн баасы көтөрүлүп жатат. Ундун жана буудайдын баасы дагы жогоруласа, анда жазга барып элдин турмушу начарлап, кыйынчылык болушу мүмкүн. Бул жерде ЕАЭБ уюмуна кирбей койсок же андан чыгабыз десек абалыбыз азыркыдан дагы аябай кыйын болмок. Мына ошондуктан азыр бул уюмдун алкагында туруп, маселени чечишибиз керек. Аны чечүүнүн жолдору бар. Эң башкысы сүйлөшүүлөр жүрүшү керек. Мына ошол төрт тепкичтүү сүйлөшүүлөр аркылуу маселени жөнгө салсак болот.

Кыргыз саясатчыларынын арасында ич ара чыр-чатактарды жөнгө салууга кудуретсиз уюмга мүчө болуу зарыл беле деген суроону коюшууда. Парламент депутаттары арасында Евразиялык экономикалык комиссияга Кыргызстандын атынан дайындалган министрлерди чакыртып алуу демилгесин көтөргөндөр чыкты.

Муну алар өкүлдөр Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой албай жатышат деп негиздешүүдө. Казакстан Кыргызстандан ташылган жүктөрдө аткезчилик басымдуу деген жүйө менен жүк ташуучу автоунааларды тыкыр текшерүүнү 10-октябрдан бери бери улантып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG