Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Атамбаев: Шайлоодо КСДПнын тизмесин баштап барайын деген оюм бар


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев өлкө башчы катары алты жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын курду.

Президент өз мөөнөтүндөгү жетишкендиктерге токтолуп, учурдагы урунттуу окуяларга баасын берди. Атамбаев президенттиктен кеткен соң өз партиясы менен парламенттик шайлоого катышарын, шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбековго ишенерин, казак-кыргыз алакалары боюнча бир нече билдирүү жасады.​

"Сабак бердим"

Иш мөөнөтү аяктап жаткан президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынын дароо эле журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баштады.

Атамбаев кызуу талкуудагы казак-кыргыз чек арасындагы жагдайга байланышкан суроого жооп берип жатып, маселе чечилерин белгилеп, ошол эле учурда коңшу өлкөнүн жетекчилигин, ага кошуп 2010-жылдан кийинки Кыргызстандын өткөөл бийлигин да сындады:

- Албетте бул кырдаал жөнгө салынат. Бул Аcтана үчүн да, биринчи кезекте Орусия үчүн да керек. Бирок мен туура кылдым деп ойлойм. Биздин ички ишке кийлигишүүгө болбойт деген сабак бердик. 2010-жылы шайлоодо Казакстандын Коопсуздук комитетинин кеңешчиси жүрүп, ар кимге акча тараткан. Отунбаева Атамбаев барышы керек, телефон чалып сүйлөшүш керек деп жатат. Мен 2010-жылы бир жарым ай блокадада Отунбаева сүйлөшкөнү эсимде. Мен эки күнгө сууну жапканда дароо чек араны ачышкан.

Атамбаев чек араны жабылышы Кыргызстандагы кемчиликтерди көрсөткөнүн айтып, бул окуядан сабак алуу керектигин билдирди. Ошондой эле чек арада кырдаал боюнча Орусиянын жетекчиси Владимир Путинге да кайрылып, пикир алмашканын кошумчалады.

Казакстандын Сенатынын төрагасы Касым-Жоомарт Токаевдин буга чейинки билдирүүсүнө чех жазуучу Ярослав Гашектин чыгармасынан үзүндү окуп, жооп кайтарды.

Атамбаев: Жээнбековго ишенем, туура эмес жолго түшсө өз шору
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:06 0:00

Кыргызстандагы учурдагы талкууланып жаткан Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу суроого жооп берди. Атамбаевдин айтымында, парламент өткөн аптада кабыл алган бул мыйзамды колдоп-колдобоо тууралуу чечим кабыл ала элек:

- Мөңгүлөр боюнча мыйзам келди. Мен азыр таанышып жатам. БУУда "Кумтөрдүн айынан мөңгүлөр эрип жатат" деген жокмун, "климаттын айынан" деп айткам. Мыйзам менен жакшылап таанышам, эксперттердин айткандарын окуп чыккам. Кыргызстанда каталог боюнча 6771 мөңгү бар. Мыйзамда эки мөңгү жөнүндө сөз болуп жатат. Ал 23 жыл мурун иштей баштаган. Булар эрип кетсе да башкалары калат. Биз "Кумтөрдү" иштетип, алардан экологиялык шарттын аткарылышын талап кылышыбыз керек. "Центеррада" калып, дивиденд алышыбыз керек. Айрымдар "Центерраны" кууп чыгып, "Кумтөрдү" өзүбүзгө алышыбыз керек" дейт. Анда алар калтырган калдыктарды кошо алабыз. Биз аларды тазалатышыбыз керек. Мен мыйзамга кол коембу же жокпу, бир нече күндүн ичинде чечим кабыл алам.

Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында ошондой эле өзүнөн кийинки президент Сооронбай Жээнбековго ишенерин, анын мамлекетти башкаруусуна бир туугандарынын таасири болбой турганына ишенимин билдирди.

"Бийликке келгендер "ажыдаарга" айланбашы үчүн эмне керек?" деген суроого жооп берип, ал "мындай жолго түшкөндөр элден чыгып калат" деп эскертти:

- Мен Соке досума мындай жолго түшкөн адам элден чыгарын айттым. Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери мени эч качан саткан жок. Айрымдар "аны бир туугандары өзгөртөт" деп айтып жатышат. Алар саясатта мурда деле жүргөн. Эгер туура эмес жолго кетсе, өзүнүн шору болот.

Ошол эле кезде шайлоодо экинчи келген Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иш боюнча мамилесин билдирди. Президенттин пикиринде, "Республика" партиясынын лидери Оштун Он-Адыр аймагындагы сөзү жана Казакстандын президенти менен жолугушуу менен жолунан адашты:

- Бабановдун Он-Адырдагы сөзүн көрдүңөр, аны мен сүйлөткөн жокмун. Кыргыздарга барганда ак калпагын кийип, Манас жөнүндө сүйлөйт. Башка жакка барганда кандай сүйлөрүн көрдүм. "Бабановчуларды" көрдүм, 300 адам Таласта чыгып алып "Манасты" окуганга каршы болушту. Эми сот чечсин. Мен Бабановду аячумун, келечеги жакшы жигит болот деп ойлогом. Бирок өз элине каршы чыкпаш керек болчу. Коңшу президентке барып чөгөлөбөй, казак олигархтарына барбай түз кетсе утмак. Кудай өзү урду.

Бишкек-Астана чек ара боюнча мунаса тапкан жок

Бишкек-Астана чек ара боюнча мунаса тапкан жок

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартты.

Маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткен соң да өлкөдөгү саясий окуяларга катышып турарын ишара кылды. Ал учурдагы парламенттин өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек деген пикирди карманарын, бирок кийинки шайлоодо өзү түптөгөн Социал-демократиялык партиянын тизмесин баштап барарын айтты. Ошол эле кезде парламент төрагасы же депутат катары ишмердик жүргүзүү ниети жоктугун кошумчалады.

Президент Атамбаевдин маалымат жыйынына 70тен ашык маалымат каражаттан 140ка жакын журналист катышты. Акыркы жыйын болгондуктан кызыгуу күч болду.

Жыйын бүтөр менен эле президенттин кыргыз-казак мамилеси тууралуу билдирүүлөрүнө Астана жооп кайтарды. Буга чейин казак сенатынын төрагасы Касым-Жоомарт Токаев жооп берсе, бул жолу Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин билдирүү таратты. Ал Атамбаевдин 20-ноябрдагы айрым билдирүүлөрүн "жоопкерчиликсиз жана популисттик" деп баалады:

"Кыргызстандын эли Казакстандын лидерине дайыма жылуу маанайда жана ыраазычылык менен мамиле кылат. Ошондуктан Атамбаевдин курулай, популисттик жана жоопкерчиликсиз билдирүүлөрүнүн баары биздин элдин бир туугандык мамилелерине эч качан зыянын тийгизе албайт. Атамбаевдин өзүнө келсек, президенттик жылдарында ал экономикада да, саясатта да бир дагы натыйжага жетише албаганы баарына көрүнүп турат. Ал эми кетип баратып саясий да, ички да маданияты таптакыр жоктугун көргөздү" деп айтылат билдирүүдө.

"Бийликтен кеткен кишидей эмес"

Ал эми жергиликтүү эксперттер президенттин жыйынтыктоочу маалымат жыйынын ар түрдүүчү баалап жатат.

Эксперт Сейтек Качкынбайдын пикиринде, бул жыйында Алмазбек Атамбаев алты жылдагы аткарылган иштерге сереп салуунун ордуна учурдагы маселелерге баа берүү менен гана чектелди:

- Өлкө алты жылда эмнеге жетишти, жасалган кадамдардын траекториясына сереп салып, муну жасадым, муну жетишпей калдым, бул тапшырмаларды кийинки президент кылса болот деген таризде болсо жакшы болмок. Ал учурдагы кырдаалга баа берүү менен чектелди.

Ал эми Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев болсо бүгүнкү маалымат жыйыны менен Атамбаев саясаттан кетпей турганын көрсөттү дейт:

- Бүгүнкү маалымат жыйындан соң мындай элес калды: президент Атамбаев бийликтен кетип жатам деген кишидей сезилбейт. Азыркы турумун карасак, бул киши саясатта калат, саясий иштерге толук бойдон аралашууга, кийлигишүүгө жана көмөктөшүүгө даяр жана ошондой пландары бар. Муну жаңы шайланган президент, учурдагы парламент боюнча айткан сөздөрүнөн көрө алдык.

Алмазбек Атамбаев алты жылдык президенттик кызматка 2011-жылдын 1-декабрында киришкен. Быйыл 15-октябрдагы шайлоону жеңген Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт.

Кыргызстанда президент алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө мамлекет башчысы ордун кийинки шайланган президентке тынч жол менен бошотуп берүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG