Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:02

Гранттын үзүрүн көргөн погончондор


Жаңы конуш
Жаңы конуш

Президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине берилген үйлөр чет элден алган гранттардын эсебинен курулганын жарыялады.

Бирок ал каражат кайсы мамлекеттерден алынганын айтпай, сыр катары жашырып койду.

Айрым укук коргоочулар менен оппозициячыл саясатчылар президент өзү кезинде бейөкмөт уюмдарга сырттан келген гранттар ачык болушу керектигин айтып, бирок мамлекеттин коопсуздугун коргогон органдарга курулган үйлөрдүн чыгымы чет өлкөлүк гранттын каяктан экенин жашырып жатканын одоно мыйзам бузуу катары баалашууда.

Күч түзүмдөрүнө берилген артыкчылыктын себеби

Бийлигин өткөрүп жаткан президент Алмазбек Атамбаев 22-ноябрь күнү жогорку мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда "мамлекеттин эсебинен мугалимдерге, дарыгерлерге жана маданият кызматкерлерине жеке турак жай курулбай жатат" деген дооматка жооп кайтарды.

Анткени соңку жылдары Бишкек, Ош шаарларында жана аймактарда жалаң гана УКМК, ИИМ, прокуратура кызматкерлери, коргоо кызматынын жана чек ара аскерлери үчүн көп кабаттуу үйлөр курулуп, тапшырылды.

Президент Алмазбек Атамбаев маданият кызматкерлери үчүн үйдүн пайдубалын куйду. 23-ноябрь, 2017-жыл
Президент Алмазбек Атамбаев маданият кызматкерлери үчүн үйдүн пайдубалын куйду. 23-ноябрь, 2017-жыл

​Президент Алмазбек Атамбаев ал үйлөр ар кайсы өлкөлөрдөн алынган гранттарга курулганын айтып, бирок акча кимден жана кандай шарт менен алынганын ачык айтпады:

- Дарыгерлер менен мугалимдер "жалаң күч түзүмдөрү үчүн гана үйлөр курулду" деп капа болушканына карата ачыгын айтайын. Ал үйлөр ар кайсы өлкөлөрдүн гранттарына курулду. Мага күч түзүмдөрү үчүн гана гранттарды табуу жеңилирээк болду. Анткени... Андан аркысын айта албайм. Бул мамлекеттик сыр. Ошентсе дагы, мен жок дегенде күч түзүмдөгүлөргө гранттарды таба алдым.

Гранттык каражаттардын ачыктыгы

Буга чейин мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бейөкмөт уюмдарды "грант жегичтер" деп сындап, алар сырттан келген акчасын каякка чыгымдай турганын ачык көргөзүшү керектигин айтып келген.

Адатта мыйзам боюнча мамлекет өзү дагы сырттан ала турган гранттар же насыялар боюнча келишимдер парламент аркылуу өтүп, алардын шарттары талкууланып, анан бекитилчү. Бирок бул жолу күч түзүмдөрү үчүн курулган көп кабаттуу үйлөргө каяктан, канча өлчөмдө жана кандай шарттар менен каражат алынганы белгисиз болуп келди.

Акчаны кайды алды? Криминалдан алдыбы? Жашырып жаткан соң, Атамбаев аны мыйзамсыз жол менен алып келген деп тыянак чыгарууга болот.
Азиза Абдирасулова

"Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова президент муну менен мыйзам бузууга жол бергенин моюна алды деп эсептеди:

- "Гранттык акчаны алып келдим, бирок аны каяктан алып келгеним сыр" деп айтуу менен президент бир топ мыйзамдарды бузганын моюнуна алыптыр. Акчаны кайды алды? Криминалдан алдыбы? Жашырып жаткан соң, Атамбаев аны мыйзамсыз жол менен алып келген деп тыянак чыгарууга болот. Анан дагы президент өз ыйгарым укугунун чегинен чыгып, өкмөттүн жана анын астындагы тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын өзүнө алып, "ар кайсы өлкөлөрдөн гранттык акча таап келдим" деп айтканы кандай? Демек, муну ал өзү жалгыз чечип, кааласа аны мамлекеттик сыр кылып жаткан соң, акчанын кандайдыр бир бөлүгү сол чөнтөккө түшүп, каалаган жагына жумшалып кеткен жокпу деген суроо пайда болот.

"Каяктан грант алынганы менен кимдин иши бар?"

"Буга чейинки бир дагы мамлекет башчы президент Алмазбек Атамбаевдей мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууга кам көргөн эмес" дегендер бар.

Мындай пикирдеги саясат талдоочулардын баамында, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн курулган көп кабаттуу үйлөр ошондой камкордуктун бир бөлүгү катары гана каралат. Аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев коопсуздукту камсыз кылуу үчүн гранттын каяктан келгени маанилүү эмес экенин айтып, башкысы муктаждыктар чечилип жатканын белгиледи:

- Анын баарынын каяктан келгенин билүүнүн кажети канча? Мына, каражат келди, үйлөр салынды. Бакиевдин доорунда дагы үйлөр түшкөн. Бирок азыркы Атамбаевдин учурундагыдай күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн кенен-кесири көп кабаттуу үйлөр салынган эмес. Алмазбек Атамбаев бийликке келген күндөн тарта биздин күч түзүмдөрдүн жана атайын кызматтардын абалы бир топ жакшырды. Ал гранттык каражатты ким бергенин билүүнүн зарылчылыгы барбы? Жашыруун десе, демек жашыруун да. Учурунда бизге АКШ машыгуу борборун жана госпитал курууга грант берген. Түрктөр аскер окуу жайын курууга жардам берип жатышат. Орустар берип жатат. Анан орустар "Кыргызстанга наркы 1 миллиард долларлык курал-жарак бердик" деп ачык айтты эле. Андан эмне таптык? Бейөкмөтчүлөр болсо "Орусия Кыргызстанда баш кесерлерди даярдайт имиш" деп чыгышты. Чынында андай эмес да. Ал биздин армияны күчтөндүрүүгө өбөлгө түздү да.

Чет элдик гранттын таасири

Анткен менен оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков күч түзүмдөрү үчүн курулган көп кабаттуу үйлөргө жумшалган каражаттын каяктан келгени мыйзам боюнча мамлекеттик сырга кирбей турганын билдирди.

Күч түзүмдөрү үчүн салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн каржы булактары эч кандай мамлекеттик сырга кирбейт. Мыйзамда андай нерсе жок.
Равшан Жээнбеков

Равшан Жээнбеков авторитардык мамлекеттерден коомчулуктан жашырып колдоо алуу эгемен мамлекеттин күч түзүмдөрүн алардын таасиринде калтырууга барабар деп баалады:

- "Күч түзүмдөрүнө гранттык каражаттарды кимдер бериши мүмкүн?" дегенде биринчи кезекте Орусия жана Кытай сыяктуу авторитардык мамлекеттерди атай алабыз. Анткени алар аябай суранса, мына ошондой гранттарды бериши мүмкүн. Себеби демократиялуу мамлекеттер гранттык жардамын берсе дагы ачык берет. Анан күч түзүмдөрү үчүн салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн каржы булактары эч кандай мамлекеттик сырга кирбейт. Мыйзамда андай нерсе жок. Бул бийликтин баарын колуна топтоп алган адамдын гана өзүнүн ойлоп тапканы. Бул жерде жашыра турган нерсе жок. Ошого карабастан, коомчулуктан жашыруун каржылоо болсо, анда анын максаты кандай? Анткени биздин күч түзүмдөрү соңку жылдары Орусиянын күч түзүмдөрү менен аябагандай интеграцияланган. Алардын Орусиянын атайын кызматтарына жана күч түзүмдөрүнө кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү аябай жогору. Жашыруун болуп жатса, демек бул жерде коррупциялык же болбосо таасир этүүгө байланыштуу жагдайлар бар.

Кыргызстанда соңку алты жыл ичинде атайын кызматтар жана күч түзүмдөрү үчүн ондогон көп кабаттуу үйлөр курулуп, жүздөгөн аскер кызматкерлери мамлекет тарабынан акысыз берилген батирлерге ээ болушту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG