Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Ош: үйү туруп үй алгандар


Ош: бекер батир алган аткаминерлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:16 0:00

Ош: прокурор менен милиция алган батир

Ошто кызматтык батирлерди шаардык прокуратура менен милициянын башчылары менчиктештирип алганын жарандык коомдун өкүлдөрү айтып чыкты.

Жарандык активисттер Атай Шакир уулу менен Кылычбек Жолдошевге берилген үйлөр текшерилиши керектигин талап кылышууда. Алар эки аткаминер үйү туруп үй алган дешүүдө. Экинчи тарап болсо буларды доомат деп сыпаттады.

Ош шаарынын баш прокурору менен милиция башчысынын үйлөрү тууралуу фактыларды “Интербилим” коомдук уюму Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы курган үйлөрдү бөлүү процессин иликтеп жаткан кезде аныктаган. Уюмдун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева бул көп шектенүүлөрдү жаратканын ортого салды:

Гүлгаакы Мамасалиева
Гүлгаакы Мамасалиева

- Дирекция Салиева көчөсүнө курган 48\А жана 48\Б номерлүү үйлөр укук коргоо кызматкерлерине берилгени белгилүү. Көп кабаттуу 48\Б турак жайынын 34-батирин Ош шаардык прокуратурасынын башчысы Атай Шакир уулу алган. Албетте, ал июнь окуясында жабыркаган эмес, андай болгон соң батир алууга муктаждыгы бар беле деген суроо жаралат? Ушунча чоң органды, прокуратураны жетектеп жаткан бакандай чиновниктин үйү жок болушу мүмкүнбү? Эмне үчүн ал батирди ошол эле прокуратурада иштеген көп балалуулар алган эмес? Же эмне үчүн прокуратурада өмүр бою иштеп, пенсияга чейин үйү жок отурган адамдар албайт?

Мамасалиева мунун баарын батир бөлүштүрүү ишинде ачык- айкындыктын жоктугу менен байланыштырууда:

Атай Шакир уулу менен Кылычбек Жолдошев
Атай Шакир уулу менен Кылычбек Жолдошев

- Ошол эле үйлөрдүн бир батирин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошевге берилген. Ал буга чейин ошол жерде эле жашап жаткан. Бирок анын калаада чоң үйү бар экен, ошол жакка көчүп чыгып кетиптир. Эмне үчүн бизде кайсы бир кызматтарга берилген үйлөрдү алардын башчылары гана алышы керек? Эмне үчүн бул үйлөрдү берүү процесси ачык-айкын болгон эмес? Күч кызматтарына берилген үйлөр кайсы негизде, кандай критерийлер менен таратылган? Эмне үчүн үй алуу үчүн тизмеде турган жарандарга батир берилбей, аткаминерлерге үй берилип калган? Бул суроолорго жооп алуу үчүн, дирекция курган үйлөрдү тараткан комиссия мүчөлөрүнөн отчет алышыбыз керек. Алар үй алгандардын тизмесин ачык жарыялашы зарыл.

Маалым болгондой, июнь окуясында жабыркагандар үчүн күч кызматтарына эки ирет үй бөлүнгөн. Алгач 2012-жылы февралда 120 батир, анан быйыл жыл башында 206 батир тапшырылган.

Кылычбек Жолдошев жана Атай Шакир уулу.
Кылычбек Жолдошев жана Атай Шакир уулу.

Атай Шакир уулу менен Кылычбек Жолдошевдер батирди ошол биринчи бөлүштүрүүдө алышкан.

"Жетекчи үй албашы керекпи?"

Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков Кылычбек Жолдошевдин батир алышы боюнча буларды айтып берди:

- Негизи бизде кайсы бир кызматтын жетекчиси үй алса эле, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып үй алды”, деген туура эмес стереотиптер пайда болуп калыптыр. Эмне жетекчи үй албашы керекпи? Ал үйү жок жашашы керекпи? Же жетекчи батирде жашашы керекпи? Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошев кезинде үйдү мыйзам чегинде алган. 2012-жылы Бишкек шаарынан Ошко которулуп келгендиктен, үйү жок, батирде жашап жүргөн. Ошол себептүү ал муктаждыктан улам кызматтык батирге ээ болгон. Азырынча үй ага приватташтырып бериле элек. Кылычбек Жолдошев эми гана жаңы үй салып жатат.

Кылычбек Жолдошев куруп жаткан жаңы үй.
Кылычбек Жолдошев куруп жаткан жаңы үй.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү аталган батирлер Кылычбек Жолдошев менен Атай Шакир уулунун менчигине толук өтө электигин, аны ошол эле органдардын турак жай комиссиялары чечерин айтышууда. Мэриянын муниципалдык менчикти көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов мындай деди:

-Укук коргоо органдарына берилген үйлөрдү ар бир мекемедеги турак-жай комиссиялары өздөрү бөлүштүрүп берген. Анын таратылышына Ош шаардык мэриясы такыр кийлигишкен эмес. Ал эми үйлөрдүн менчиктештирилиши боюнча айтсам, мыйзам боюнча укук коргоо органдарында жыйырма жылдан ашыгыраак иштеген кызматкер приватташтыра алат. Ошол үйдө жыйырма жылча жашаган кызматкерлер жана кызмат учурунда майып болуп калган, каза болуп калгандарга да батир менчиктештирилип берилет. Бирок анда да ошол мекеменин комиссиясы чечим чыгарышы керек. Эгерде алар кызматтан кетсе же башка жакка которулса, ал батирди кайра тапшырып, ордуна келген адамга бериши керек.

Анткен менен кызматтык батир деп алган үйлөрдү 15-20 жыл жашабай эле менчиктештирип алган фактылар Ошто буга чейин да көп жолу катталган. Маселен, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансындагы 60 батирди алган кызматкерлер эки жыл ичинде эле үйлөрдү менчиктештирип, сатып жиберишкен.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы коогалаңдан кийин 1371 батир курган. Анын 633ү жабырлануучуларга, 326сы күч түзүмдөрүнө, 45и көрүүсү жана угуусу начарларга акысыз таратылган. Дагы 357 мекемелердин кызматкерлерине ипотекалык негизде сатыкка коюлган.

P/S. Маалымат каражаттары бул тууралуу жазып чыккандан кийин, 25-ноябрда Ош шаарынын прокуратурасы күч органдарында иштегендерге кызматтык батирлер мыйзамсыз бөлүштүрүлгөн деген маалыматты төгүндөгөн билдирүү таратты. Анда 2012-жылы прокуратуранын муктаж болгон кызматкерлерине сегиз батир берилгени, алар мэриянын балансында экени айтылат.

Оштогу ӨКМ кызматкерлерине берилген үйлөр менчиктештирилип, сатылып да кеткен.
Ош: ӨКМдин чырлуу үйлөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:03 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG