Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Мамдирекция курган үйлөр ипотекага берилди


Мамлекеттик дирекция курган үйлөрдүн бири. Ош шаары.
Мамлекеттик дирекция курган үйлөрдүн бири. Ош шаары.

Ош шаарында июн окуясынын жабырлануучулары үчүн курулуп, алардан ашкан батирлер шаардагы мамлекеттик мекемелерге бөлүнүп берилди. Үй бөлүштүрүү түйшүгү ар бир мекеменин жетекчилерине жүктөлдү.

Ош мэриясы 3-4 жылдан бери бош жаткан 278 батирди шаардагы мекеме-ишканаларга таратып берди. Эми мекеме жетекчилери өздөрүнө бөлүнгөн батирлерди үйгө муктаж кызматкерлерине калыс бөлүштүрүп бериши керек. Ош мэри Айтмамат Кадырбаев батирлер кандайча бөлүштүрүлгөнүн айтууда:

- Билим берүү башкармалыгына 52, Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгына 30, Ош облустук ооруканасына 5, Балдар ооруканасына 5, Кургак учук ооруканасына 2, Кургак учукка каршы балдар ооруканасына 1, Онкология ооруканасына 2, ОшМУга 20, ОшТУга 10, ОшСУга 10, Юридикалык институтка 10, Айыл чарба техникумуна 3, Медициналык окуу жайга 5, Курулуш техникумуна 3, ОшПИге 10, Соода техникумуна 3, ИИБге 5, Жолдор башкармалыгына 2, Спорт комитетине 2, Архитектурага 4, Капиталдык курулуш башкармалыгына 2, Экотехинспекцияга 2, шаардык светке 2, РЭСке 4, Энергосбытка 4, Суу чарба башкармалыгына 6, Жашылдандыруу ишканасына 5, Ош тазалыкка 6, Троллейбустар паркына 5, Ош жылуулукка 2, Ош ЖЭБге 5, мэрияга 5, Шаардык кеңешке 3, Муниципалдык башкармалыкка 5, Мамлекеттик каттоого 5, прокуратурага 2, УКМКга 4, Каржы полициясына 2, ЖМКга 17 батир бөлүндү.

Шаар бийлиги үй бөлүштүрүүнү мекеме жетекчилерине жүктөп, өздөрү наразылыктардан оолак болууну көздөшкөн. Бирок мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары аз экенин айтып, кызматкерлер бул бааны көтөрө алабы деп жетекчилер түйшөлүп турушат. Алардын бири, КТРКнын Оштогу өкүлчүлүгүн жетекчиси Ибрагим Ашуров:

- Курулгандагы баа менен азыркы баада бир топ айырма болот. Анткени ал кезде доллар 45 сом эле. Азыр 76 сом. Биздин кызматкерлердин айлыгы күнүмдүк турмушка араң жетет. Мэрия бааларды эми айтабыз деп атат. Мен баалар кыйла түшүрүлөт деп үмүт кылам.

Бул батирлер 6 жылга 10% үстөгү менен ипотека аркылуу таратылууда. Азырынча бир дагы үйдүн так баасы айтыла элек. Бирок үйдүн жалпы баасынын 30%ын дароо төлөө азыртан талап кылынууда. Ош мэриясынын үй сатуу долбоорун “Айыл банкы” тейлемекчи. Калаанын вице мэри Жапар Ормонов:

- Айрым адамдар эптеп алып алам деп, үй ала турган 2-3 адамдын жолун тосуп коюшу мүмкүн. Ошондуктан кызматкерлердин төлөө мүмкүнчүлүктөрү туура бааланыш керек. Башында 30% нак төлөнүшү керек. Калганын 6 жыл ичинде 10% үстөгү менен бөлүп төлөш керек. Биз муну шаарда үй курууну токтотпой улап кетүү үчүн жасап атабыз. Биринчи төлөмдөр түшөрү менен курулушка кирише баштайбыз. Жыл сайын 90 батир курулуп туруш керек.

Калаа жетекчилери ипотекага бериле турган үйлөрдүн бир чарчы метринин баасы 450 долларга чейин болорун кыйытышууда. Бирок бул баа кымбат деп азыртан санааркагандар да көп. Экономист Эркин Абдразаков азыркы экономикалык каатчылык, доллардын кымбатташы, үйлөрдүн эки жыл мурун курулганы эске алынып, баалар арзандатылышы керек деп эсептейт.

- Мэрия бул долбоорду социалдык турак жай деп атагандан кийин арзандатылган баада бериши керек. Ипотека деген аты эле болбостон, баасы да шарты да жеңилдетилсе жакшы болмок. Азыр кыймылсыз мүлк баалары өлкө боюнча 40%га чейин төмөндөдү, жеке ишкерлер деле кардар издеп жүрөт. Калк муну көтөрө алабы, жокпу деген суроо бар. Бул долбоордун артынан дагы бир топ маселе чыга турган болуп турат.

Ош мэриясы батирлер кирип жашоого даяр деп ишендиришүүдө. Бирок мамдирекция тарабынан курулган үйлөрдүн сапаты начар деген сындар али басаңдай элек. Маселен, мамдирекция курган 11 үйдүн бириндеги жашоочулар башка үйгө которулган.

Мындан жарым жыл мурун үй-бөлүштүрүү мамлекеттик комиссиясы 40тай батирди мыйзамсыз алынган деп таап, прокуратуранын иликтөөсүнө өткөргөн болчу. Андан бери алты ай өтсө да мыйзамсыз алынган делген батирлердин бири да мамлекетке кайтарыла электиги маалым болду.

Мамлекеттик дирекция жалпысынан 1371 батир курган. Анын 633 жабырлануучуларга, 326сы күч түзүмдөрүнө, 45и көрүүсү жана угуусу начарларга акысыз таратылган. Мекемелерге ипотека аркылуу сатыкка коюлган 278 батирден ашкан дагы 80 үй калууда. Бирок мунун ичинен 30 батир мамдирекция кургандан кийин жаракасы токтобой койгон үйдүн жашоочуларына берилген. Демек Ош мэриясынын карамагында дагы 50 батир бар.

XS
SM
MD
LG