Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Атамбаев: Күч кызматкерлери үчүн дагы 32 үй курулуп жатат


Күч органдарында иштегендерге дагы 32 көп кабаттуу үй курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев милиция күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда айтты. Президенттин белгилешинче, милиционерлерди социалдык жактан коргоо жаатында олуттуу кадамдар жасалды, алар үчүн кабат үйлөр курулуп, айлыгы жогорулап, ИИМдин бюджети көбөйүүдө.

Соңку эки жылда аскер жана күч кызматкерлерине жалпысынан 69 турак жай курулуп, 220 үй-бүлө жайлуу болду.

Учурда курулуп жаткан жаңы үйлөрдө 1545 батир болот.

Президент милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ыраазычылыгын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG